ЖМК: Нигерияда мектепке кол салгандар 400дөй баланы уурдап кеткени айтылууда

© AP Photo / Ben CurtisПолиция в Нигерии
Полиция в Нигерии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жума күнү шаардын көчөлөрүндө ок чыгарып жүргөн куралчан кишилерди күч органдары кармоого аракет кылышкан. Бирок бир нечеси мектепке барып, имаратты аткылаганы белгилүү болду.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Нигериянын Канкара шаарында куралчан кишилер мектепке кол салып, жүздөгөн балдарды уурдап кетти. Бул тууралуу жергиликтүү Vanguard сайтына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, мектепте 800 окуучу билим алчу. Анын 400дөйү куткарылган.

"Жума күнү куралчан кишилер шаардын көчөлөрүндө ок чыгарып жүргөндө күч органдары аларды кармоого аракет кылышкан. Бирок бир нечеси Government Science Secondary School деп аталган мектепке барып, имаратты аткылашкан. Андан соң балдарды алып кетишкен. Полиция 200 баланы куткарган. Ал эми өздөрү качып кеткен окуучулар токойго түнөп, учурда баш-аягы 406 бала табылды", — деп айтылат кабарда.

Армия США в Афганистане - Sputnik Кыргызстан
Аалам аңтарылчудай... Афганистанда куралданган талибдер, кетип жаткан америкалыктар
Полиция мектеп жетекчилиги менен биргеликте жоголгон балдардын санын тактоодо.

Аймактагы бардык мектептер жабылып, өлкө президенти Мухаммад Бухари жоголгон балдарды жана аларды уурдагандарды табуу тапшырмасын койду.

Кечээ түнү аскерлер кол салгандар кайда жашынып жатканын аныктагандыгы боюнча маалымат тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0