Трамп менен Байдендин акцияга чыккан тарапташтары атыша кетти. Видео

© AFP / David Ryder / Getty ImagesПотасовка митингующих избирателей в Вашингтоне
Потасовка митингующих избирателей в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акцияга жалпы миңдей адам чыкканы айтылды. Жыйынтыгында митингдин 23 катышуучусу кармалган.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. АКШда азыркы президент Дональд Трамптын тарапташтары менен демократ Жо Байдендин митингге чыккан шайлоочуларынын тынчтык акциясы мушташ, ок атышуу менен аяктады. Бул тууралуу NBC телеканалы кабарлады.

Окуя Вашингтон штатынын Олимпия шаарында болгон. Анда бир адамга ок тийген. Шаардагы полициянын сержанты Даррен Райттын айтымында, ок чыгарган адам колго түшүрүлдү.

​Күч түзүмдөрүнүн өкүлү эки тарап тең кагылышууга жакшы даярданып чыкканын белгиледи.

"Эки митингдин тең катышуучулары куралдарын даярдап алышкан. Бир күн ичинде башка да кагылышуулар болгон", — деди Райт.

​Кагылышуу Вашингтондун борборунда да катталган. Колумбия аймагынын өзгөчө кырдаалдар кызматынын өкүлү Дуга Бушанан төрт адам оор жаракат алганын билдирди.

Акцияга жалпы миңдей адам чыкканы айтылды. Жыйынтыгында митингдин 23 катышуучусу кармалган. Анын ичинен алты киши полицияга кол салган деп айыпталса, төртөөнө массалык башаламандык уюштурду деген кине коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0