Витаминдерге бай. Организмге пайдалуу деген 10 азык тизмектелди

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүСбор черники в лесу в Новгородской области
Сбор черники в лесу в Новгородской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тизменин сап башында киноа деп аталган дан турат. Бул дандын курамында белок, аминокычкыл, кальций, темир, магний, калий жана башка микроэлементтер бар.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Кытайдагы Sohu порталынын колдонуучусу адамдын ден соолугу үчүн пайдалуу деген 10 азыкты атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ага ылайык, тизменин сап башында киноа деп аталган дан турат. Бул дандын курамында белок, аминокычкыл, кальций, темир, магний, калий жана башка микроэлементтер бар.

Ошондой эле анда Омега-3 майлуу кычкылы да көп. Ал жүрөк-кан тамыр системасын бекемдөөгө жардам берет.

Бышырылган жумуртка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адис: жумуртка диабеттен жабыркагандар үчүн пайдалуу тамак
Экинчи орунда кара моюл турат. Бул азык А, В жана Е витаминдерине бай. Ошондой эле мээнин клеткаларын коргоп, эс-тутумду жакшырткан антиоксиданттардан турат.

Ошол эле учурда бул жемишти этияттык менен колдонуу керек. Себеби анын курамында кумшекер көп экени айтылды.

Брокколи да тизменин алдыңкы сабынан орун алган. Капустанын бул түрү минерал, азыктандыруучу заттарга мол келет. Мындан сырткары, анда С витамини, каротин, фосфор, темир, калий жана марганец бар. Брокколи клетчатканын булагы. Ал канда глюкозанын деңгээлин төмөндөтүүгө жардам берет. Жашылча кант диабети менен жабыркагандарга миңдин бири.

10 мыкты азыктын катарына эти кызыл балыктын түрү (лосось), чычырканак, шпинат, мисте, авокадо, сулу жана кулпунай кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0