Баары бир Байден. Трамптын реванш алышына эмне жолтоо болду?

© REUTERS / BRIAN SNYDERКандидат в президенты США от Демократической партии и бывший вице-президент Джо Байден
Кандидат в президенты США от Демократической партии и бывший вице-президент Джо Байден - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШдагы шайлоочулар коллегиясынын чечими күтүлгөндөй эле болду: Жо Байденге 306, Дональд Трампка 232 добуш берилди.

Демократ улам инаугурацияга жакындап, ал эми азыркы президенттин жыйынтыктарды кайра каратууга мүмкүнчүлүгү азайып барат. Сотто утуп чыгууга Трампка эмне тоскоол этти. Бул боюнча ой толгогон Софья Мельничуктун макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган. 

Жылдызга айланган күбө

"Мен эмне көргөнүмдү так билем. Эгер жалган айтсам, түрмөгө отурарым тууралуу кагазга кол койдум. Сизчи? Шайлоочулар катталган тизмелерде жүз миңдеген киши боюнча дал келбестиктер бар... Анда шайлоочулардын катышуусу 120 пайызды түзүп калат".

АКШнын жаңы шайланган президенти Жозеф Байден  - Sputnik Кыргызстан
Такыр башкача да болушу мүмкүн. Байденге Россия боюнча кеңеш айтылды
Детройтттогу шайлоо тилкелериндеги мыйзам бузуулар боюнча Мелисса Карон ушундай көрсөтмөлөрдү берди. Ал – Дональд Трамптын командасынын "жылдыздуу күбөсү". Суроо узаткан сенатордун сөзүн улам бөлө берди. Азыркы президенттин жеке жактоочусу Руди Жулиани улам аны тарткылап жатты.

Айрымдар бөтөнчө чач жасалгасы, өзгөчө мүнөзү бар айым ичип алып сүйлөп жаткандай кабылдашкан. Натыйжада Мелисса интернет жылдызына жана Saturday Night Life юмордук шоунун пародиясынын каарманына айланган.

Трамптын тарапташтары шайлоо тилкелердин кызматкерлери "он миңдеген" бюллетендерди сканерден эки жолу өткөрүшкөнүн, ал эми тамак ташуучу фургондордун мыйзамсыз баракчаларды алып келишкенин далилдей алышкан жок. Басма сөз Мелисса жигитинин мурдагы жубайына адепсиз тасмаларды жөнөткөнүн да казып чыгышты. Сотто Трамптын командасы ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча кайра даттангысы келди. Бирок көз боемочулукту сотто далилдөөгө тырышкан сайын көйгөй чыгып отурду.

Бет чымырагандан чымырап...

Трамптын шайлоо штабынын өкүлдөрү жергиликтүү сотторго шайлоо бүтөрү менен арыз жаза башташкан. Кыйла дал келбестиктерди далил келтиришкендей болгон. Мисалы, аризондук Марикопа округунда республикачыл шайлоочулар добуш саноочу аппараттар алардын бюллетендерин "эсептебей" койгонун, анткени алар Sharpie фирмасынын маркерлери менен толтурулганын айтышкан. Бирок сотто күбөлөр өздөрүнө өздөрү каршы сүйлөп, алардын добушу маркерлердин айынан жоголбогонун белгилешти. Ал гана эмес жактоочу Кори Лангхофер "кеп көз боемочулук жөнүндө эмес, атайын кетирилбеген айрым катачылыктар" жөнүндө деп билдирди.

 Россия президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Путин Байденди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады
Көрсөтмө берүүгө акы төлөнүп-төлөнбөгөндүгү боюнча суроого шайлоочулардын бири эч нерсе билбестигин, эч ким менен бул жөнүндө талкуулабаганын айтты. Ошону менен бирге эле, эгер бул каралса, сый акы алууга каршы эместигин айтты.

Жоржия сотунун кибер коопсуздук кызматынын кызматкери аппарат менен эсептелген добуштардын саны катталган шайлоочулардын санынан ашканын айтып турду. Чындыгында бул Жоржияда эмес, Мичиганда. Ошол эле убакта мыйзам бузуулар болду деген калаалардын тизмесинде негизенен Миннесотанын калктуу пунктуларында орун алган.

Шайлоонун жыйынтыгы үчүн манилүү штаттардын бири Пенсильванияда президенттин юристтери соттогу кармашка көпкө камынышты. Бирок акылга сыярлык далил топтой алышпады. Айрым учурларда жактоочулардын өздөрү көз боемочулук боюнча далилдери жок экенин моюнга алышты.

Соңку мүмкүнчүлүк

Өткөн аптада Техас штатында демилгеленген соттук териштирүү чечүүчү болот деп болжонгон. Жоржия, Мичиган, Пенсильвания жана Висконсин сымал "арсар штаттардагы" шайлоолордун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен жазылган доо арыз Жогорку сотко жөнөтүлдү.

Техастын башкы прокурорун 17 штат колдоп чыкты. Арызды дал Жогорку сотко тапшырышты, анткени бул аймактар ортосундагы талаштарды төмөнкү инстанцияларда карабаса да түз чечет. Адатта мындай схема боюнча чек аралар же суу ресурстарына тиешелүү пикир келишпестиктерди карайт. Бирок бул ирет шайлоонун жыйынтыгы Конститутуцияга жат жана аларды жокко чыгаруу керектиги тууралуу маселе турган.

Ынандырарлык далил келтиришкен жок. Болжолдонгондой эле Жогорку сот доо арызды четке каккан. Соттордун Трамп тарабынан дайындалганы да көмөкчү болбоду.

Потасовка митингующих избирателей в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан
Трамп менен Байдендин акцияга чыккан тарапташтары атыша кетти. Видео
Штаттан чыккан сенатор-республикачы Небраска Бэн Сасс: "Үч "трампчы" отурган Жогорку соттун токтому мыйзамдын сакталышына кызыкдар ар бир америкалыктын көңүлүн жубатат".

Жогорку сот соңку ирет шайлоонун тагдырын 2000-жылы чечкен. Ал кезде Флоридада демократ Альберт Гор же республикачы кенже Жорж Буш экөөнүн кимиси жеңип чыгары анык эмес эле.

Буштун бир тууганы Жеб губернатор болуп турган штат да жеңишти республикачыга берген. Демократтардын талабы боюнча добуштар кайра саналып, ар бир бюллетень үчүн күрөш жүргөн, майда-чүйдөгө чейин теригишкен. Бирок ким утары чечүү мүмкүн болгон эмес. Акырында Жогорку сот баштапкы жыйынтыктарды таануу чечимин чыгарган.

Шайлоочулардын азыраак добушун ээ болгонуна карабастан президент Буш болгон. Азыркы шайлоо алдында ошол кырдаал кайталанарынан, ал эми Трамп тарабынан дайындалган консервативдик соттор президентке тараза ташын оодурарынан чочулашкан айрымдар. Бирок Жогорку соттогу кызматка өмүр бою дайындалышат, ошондуктан арбитрлердин кызмат үчүн ыраазычылык билдирүүлөрүнүн кажети жок.

Шайлоочу коллегиясынын тандоосу

Чечүүчү кадам шайлоочу коллегиясыны жыйыны болду. Ар бир штаттын өкүлдөрү добуш берди. Алардын саны аймактын калкына жараша. Шайлоочулар көп болсо, коллегияда өкүлдөрү да арбын. Калк жыш жайгашкан Калифорния жана Флоридадан ага ылайык 55 жана 38 киши катышат. Ал эми Түндүк жана Түштүк Дакотадан үчтөн гана өкүл бар. Жеңүү үчүн 270 добуш алууга керек. Шайлоо тутумунун сынчылары катардагы америкалыктардын азыраак добушуна татыса деле президенттикке чыкса болот деп келишет. Алардын тарапташтары белгилегендей, аз калкы бар штаттар шайлоодо кепилденген салмакка ээ.

АКШнын азыркы президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Трамп болбой эле экинчи мөөнөткө калам деп үмүттөнүүдө
Бул ирет баары боолголонгондой эле болду, өлкөдө "жеңүүчү баарына ээ" деген принцип иштейт. Башкача айтканда, ар бир штатта лидерге бардык жергиликтүү шайлоочулар коллегиясынын добуштары берилет. Кошмо Штаттардын тарыхында алар шайлоочулардын басымдуу бөлүгүнүн эркине каршы чыккан учурлар болгон. Акыркы жолу мындай көрүнүш 2016-жылы болгон. Беш демократ жана эки республикачы алар күткөндөй добуш беришкен эмес.

Чындыгында Конституция эч нерсеге милдеттендирбейт, бирок айрым аймактарда өзү билемдик үчүн айып салышат же эркинен да ажыратышат. Алтынчы январда конгресстин эки палатасы тең шайлоочу коллегиясынын добуштарынын жыйынтыгын карайт. Ошондо гана Байдендин жеңишин жарыялашат. Бирок ошол эле айдын үчүнчү күнүндө конгресстин курамы да жаңырат. Теориялык жактан Трамптын жеңилишин тааныбай да коюшу мүмкүн. Балким бул азыркы президенттин акыркы шансы болушу ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0