Кескин арыктап кеткен кишини насыя берүүчүлөр таануудан баш тарткан окуя

CC0 / Pixabay / GustavoWandalenМашыгып жаткан адам. Архив
Машыгып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Насыя берген компаниядан кескин арыктап кеткен кишинин картасын ага окшобогон бирөө пайдалангандыгын билдирип, аны текшерүүдөн өтүүнү суранган.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. 50 килограммга чейин арыктап кеткен киши, Reddit форумунун колдонуучусу өзүнүн мурдагы эле адам экендигин далилдей албай жатканына нааразы болду.

Международные платежные систем VISA и MasterCard - Sputnik Кыргызстан
Банктык картаны кайсы жакта колдонуу кооптуу? Адистин кеңеши
Анын айтымында, эки жыл мурун айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сүрөткө түшкөн. Ал убакта салмагы 127 килограмм болсо, кийин 77 килограммга арыктаган. Жакында эле ага насыя берген компаниядан чалышып, картасы шектүү болуп жатканын эскертишкен. Сатып алуулардын күмөндүү эмес экенин далилдөө үчүн ал өзүнүн жүзүн беш секунддук видеого тартып, айдоочулук күбөлүгүнүн сүрөтүн жибериши керек болгон.

Тилекке каршы, текшерүү оң жыйынтык берген эмес. Тагыраагы, компания "видео менен аларда сакталган документке чапталган сүрөттөгү адамдар эки башка экен" деген.

"Алар менин үйүмө кат жөнөтүштү. Бирок ал 7-10 күндө келет, бул убакыт аралыгында менин эсебим жабылып калат", — деп даттанган ал.

Форумдун башка колдонуучулары ага шылуундар насыя берүүчү компаниялардын атынан көп телефон чаларын эскертишкен. Компаниянын кызматкери менен сүйлөшүп жатканына толук ишенмейинче өзү тууралуу маалыматтарды бербөө жана сак болуу тууралуу кеңеш беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0