Окумуштуулар COVID-19 баш мээни кантип жабыркатарын аныкташты

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүРабота временного госпиталя для больных коронавирусом в "Ленэкспо"
Работа временного госпиталя для больных коронавирусом в Ленэкспо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
COVID-19 илдетин жуктуруп алган бейтаптар арасында акыл-эси тумандап, чарчап, баш ооруп, талма, кээде инсультка кабылган көрүнүштөр өсүп жатканы дагы айтылды.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. АКШдагы Вашингтон университетинин окумуштуулары COVID-19 оорусун пайда кылган SARS-CoV-2 вирусу мээдеги кан тосмолорун бузуп өтүп, мээге кирерин аныкташты. Бул тууралуу РИА новости жазды.

Изилдөөнүн авторлору баш мээдеги өзгөрүүлөрдүн себебин COVID-19 илдети менен байланыштырышкан.

Окумуштуулар изилдөөгө чычкандарды колдонуп, коронавирустун S1 протеини аталган жандыктардын мээсиндеги кан тамыр тосмолорун бузуп өтүп, мээге кирерине күбө болушкан. Мунун кесепети баш мээдеги нерв системаларынын жабыркашына алып келиши мүмкүн.

"COVID-19 инфекциясынан улам пайда болгон катуу сезгенүүнү окумуштуулар цитокин шторму деп аташкан. Иммундук система вирусту жана анын протеиндерин көрүп, ашыкча реакцияны жаратып, баш оору, чарчоо сыяктуу көйгөйлөрдү пайда кылат", – деп жазылат маалыматта.

COVID-19 илдетин жуктуруп алган бейтаптар арасында акыл-эси тумандап, чарчап, баш ооруп, талма, кээде инсультка кабылган көрүнүштөр өсүп жатканы дагы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0