АКШда космос сакчылары пайда болот

© Photo / Facebook / Roskosmos / Ivan VagnerЖердин космостон көрүнүшү. Архив
Жердин космостон көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай башкача аталыш сурамжылоодон келип түшкөн сунуштардын ичинен тандалып алынгандыгы айтылган.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. АКШда космос сакчылары (guardians) пайда болот, тагыраагы, Космос күчтөрүнүн аскердик кызматкерлерин дал ушинтип аташат. Бул тууралуу вице-президент Майк Пенс айткандыгын РИА Новости жазды.

"АКШ президентинин атынан эми АКШнын Космос күчтөрүндө кызмат өтөгөн аялдар менен эркектер космос сакчылары деп атала тургандыгын жар салуу мен үчүн чоң сыймык", — деген Пенс Ак үйдө аталган кызматтын түзүлүшүнүн жылдыгын белгилеп жаткан учурда.

"Космос сакчылары" аталышы Twitter аккаунтунда сурамжылоодон түшкөн жүздөгөн сунуштардын ичинен тандалып алынгандыгы айтылган.

Мындай жаңы аталыш "Галактика коргоочулары" деп аталган фильмдин башкы каармандарынан улам келип чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0