БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Ашкабак ден соолукка эң пайдалуу жашылча. Анын курамындагы биологиялык активдүү заттар организмден жаман холестеринди бөлүп чыгарууга жардам берип, жүрөктүн тынымсыз иштеп туруусун жакшыртат. Бул тууралуу диетолог Светлана Фустун айтымына таянып РИА Новости кабарлады.
Адистин айтымында, ашкабак көздүн көрүүсүн жакшыртып, рак клеткаларынын өсүшүнө жолтоо боло алат.
"Ашкабактын сары жана сары-кызгылт түстөгү түрүндө сабиздики сыяктуу бета-каротин көп. Ал организмде А витаминине айланганда көрүү, иммундук реакция бекемделет. Ошондой эле витамин организмди айланадагы агрессиядан сактай турчу табигый антиоксидант болуп саналат. Эң негизгиси — клеткалардын залалдуу шишикке айланып кетүүсүнө тоскоолдук жарата алат", — деген медик.
Мындан тышкары, аталган жашылчада темир, цинк, фосфор жана жез көп экенин адис кошумчалаган. Анын айтымында, бул заттар ич катып калган учурда ичегинин жакшы иштөөсүнө жардам берет.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Мелита Вуйнович коронавирус пандемиясы качан басаңдашы мүмкүндүгүн айтканын РИА Новости жазды.
Анын билдиришинче, быйыл COVID-19 оорусуна байланыштуу кырдаал кандайча өнүгө тургандыгы боюнча так пикир жок. Бирок пандемия токтобойт жана вирус жок болуп кетпейт.
Ал бир катар өлкөлөр массалык эмдөөгө өтүп жатканын белгилеп, дале болсо гигиеналык-санитардык эрежелерди сактоо маанилүү экенин айтты.
Ошондой эле Россияда коронавирус кырдаалы аз-аздан турукташканы байкалганын кошумчалаган.
Лиз Барнео
Уурдалып, интернетке жарыяланып кеткен маалыматтар боюнча Pfizer-BioNTech вакцинасын жарактуу деп бекитип берген агенттик мындай чечимди кысым көрсөтүүлөрдүн алдында кабыл алган.
Вакцина тууралуу документтер Европанын дары каражаттары агенттигинен (ЕДКА) уурдалып, декабрь айында жарыяланган. Маалыматтар франциялык Le Monde басылмасына жетип, европалык журналисттер тобу иликтеп көрдү.
Папкада Pfizer-BioNTech препаратынын кантип бекитилгендиги боюнча 20 бөлүмдөн турган документтер камтылган. Алардын ичинде аталган агенттиктин жооптуу кызматкерлери жазган 19 кат бар. Анын ичинен беш кат препараттарды бекитүү процесси айрым эрежелерди бузуу менен ылдамдатылганын далилдеп турат.
12-ноябрдагы жазылган катта ЕДКАнын бир кызматкери Европа биримдигинин (ЕБ) саламаттык сакттоо боюнча комиссары Стелла Кириакидес менен сүйлөшүүсү боюнча айтат.
Анда Кириакидес "Европанын бардык мамлекеттери бир учурда вакцина алышы керектигин" айтып, аны расмий бекитип берүү процесси ылдамдатылышы керектигин билдирет. Ошол эле учурда эгер эпидемия болуп кетсе, ЕБдин курамына кирген өлкөлөр препаратты ЕДКАнын жактыруусу жок эле пайдалана берерин айткан.19-ноябрь күнү агенттиктин жогорку кызматты аркалаган өкүлү Европа комиссиясында "өтө оор атмосферада өткөн" жыйын тууралуу кат жазган. Анда вакцинанын канчалык деңгээлде даяр экенине карабай бекитип бербесе, ЕДКА бир топ көйгөйлөргө кабылары айтылган.
Ошол эле аткаминер эртеси күнү Даниянын дары-дармектер агенттигине кат жолдогон. Анда "Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Pfizer-BioNTech жана Moderna препараттары жылдын аягына чейин бекитилет дегени мени таң калтырды. Экөөндө тең азырынча кемчиликтер бар" деп баяндаган.
Мындан кийин кандай көйгөйлөр бар экени айтылат. Тагыраагы, Pfizer-BioNTech вакцинасынын кемчиликтери жөнүндө сөз болот.
Ноябрь айында аталган агенттик вакцинанын мынчалык эрте чыгып кетишине карата төмөндөгүдөй үч каршы пикирин айткан:
Дал ушул акыркы пункт препараттын сапатын текшерип жаткан тарапты түйшөлткөн.
Чындап эле клиникалык сыноо болуп жаткан учурдан тарта вакцина массалык өндүрүлө баштаганга чейин бир топ өзгөрүүлөр болгон. Мисалы, башка заводдор ишке кирип, санды көйбөйтүү талабы коюлган. Дал ушул өзгөрүүлөр вакцинанын курамында рибонуклеин кислотасынын (РНК) көлөмү азайып калышына себепкер экени айтылат. Ал эми бул зат органзимге кирген соң иммунитетке вирусту таанып, ага каршы турууну үйрөтөт.
Рибонуклеин кислотасынын көлөмү клиникалык сыноо учурундагы препараттарда 69-81 пайыз болсо, сатыкка чыккандарда орто эсеп менен 59 пайыды түзгөн. Атургай айрым партияларында бул көрсөткүч 51-52 пайызга түшүп кеткен учурлар болгон. Агенттикти дал ушул түйшөлтүп жаткан.
Мындан улам РНКнын азыраак болуп калышы, анын эффективдүүлүгүнө кандай таасир этет жана бул дегеле организмге кооптуу эмеспи деген суроо пайда болот.
20 жылдан бери РНК вакциналар менен иштеп келе жаткан Цюрих университетинин алдындагы оорукананын адиси Стив Пасколо бул препаратты текшерип жатканда РНКсы айрым учурларда аз болсо, айрым учурда, тетиринче, көп болуп кеткен мисалдар бар экенин айтат.
"Көп болуп калса дагы кыйын, вакцинанын иштөө процесси татаалдап кетет", — деди ал.Бирок ЕДКА берген отчётторунда бардык вакциналардын курамынын туптуура 62 пайызы РНКдан турары айтылган.
Анткен менен АКШнын Тамак-аш жана медикаменттерди көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы мындай кемчиликтер менен препараттын шашылыш түрдө жарактуу деп кабыл алынып калышын байланыштырбоо керектигин айтат. "Бул көзөмөлдөөчү органдар менен өндүрүп жаткандардын кемчилиги. Негизи ЕДКА берген уруксат вакцинанын өзүнө толугу менен берилген жок. Аны убактылуу колдонууга берилди. Демек, дагы деле препараттарга талап, чектөөлөр күч. Бул нерсе кайсы бир регионго сапатсыз вакцина түшүп калышына жолтоо болот", — деп айтылат каттардын биринде.
26-ноябрь күнү BioNTech жана Pfizer компаниялары ЕДКАга жооп беришкен. Докладда ар кайсы өндүрүш жайлары текшерилгенин айтып, чындап эле РНКнын көлөмүн эң аз дегенде 60 пайызга көтөрүү керектигин кошумчалашкан.
Бирок вакцина өндүрүүчүлөр кийин Comirnaty вакцинасы боюнча докладында РНКнын көлөмү анын эффективдүүлүгүнө таасир тийгизбеши керектигин жана зыянсыз экенин жазышкан.
Мындай пикир ЕДКАны ынандыра алган эмес, анткени акыркы билдирүүлөрдө дагы препараттардын кемчилиги боюнча айтып берген. Көп өтпөй агенттик менен өндүрүүчү компаниялардын каты жарыяланган.
15-январь күнү BioNTech менен Pfizer өндүрүш кайрадан кечиктирилип жатканын жар салып, керектүү көлөмдө вакциналар Бельгиянын Пурс шаарындагы заводдо жасалып жатканын кошумчалашты.
Акыры Европанын дары каражаттары агенттигинен компаниялар РНКнын көлөмү боюнча көйгөйдү чече алганын билдиришти.
Бишкек аба кыймылын тейлөө борборунун 1-класстагы диспетчери Канат Төлөгөновдун бул тармакта иштегенине сегиз жылдын жүзү болду. Ал Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык колледжинде инструктор болуп, студенттерди авиадиспетчердик даярдыктан да өткөрөт. Каарманыбыз аталган кесипке даярдоо кандай жүрөрүнө, андагы көйгөйлөргө токтолду.
— Авиадиспетчер кесибин баары эле тандай бербейт. Бул кесиптин ээлерин арабызда сейрек кездештиребиз. Кантип диспетчер болуп калдыңыз?
— 12-апрель космонавттар күнү төрөлүп, атым Канат деп да коюлганы бул кесипти тандоомо кандайдыр бир түрткү болгон. Кичинемден бери космонавт болууну кыялдандым. Убакыттын өтүшү менен приоритеттер да өзгөрдү. Ошентип космонавтикага жакын авиация тармагын, анын ичинен авиадиспетчер кесибин тандадым. Биз аба кыймылын көзөмөлдөйбүз. Жеке мен аэродромдун аймагын көзөмөлдөп, учуп-конуу агымын карайм. Жоопкерчилик күч, алгачкы күндөрү үн титиреген учурлар болот.
— Бул профессияны тандагандар үчүн кандайдыр бир өзүнүн критерийлери болсо керек?
— Мен 2009-жылы Кыргыз авиациялык колледжине тапшырып, үч жыл билим алдым. Бир жылдай жумуш ордун күттүм. Азыр иштегениме сегиз жыл болду. Бизде тандоо өтө катаал. Начар окугандардын көпчүлүгү өздөрү иштөөдөн баш тартат, сынактардан, тандоодон өтпөй калышат. Алсак, мен окуган учурда 20 студент болсок, анын 10у гана өз кесиби менен иштеп жатат. Бул адистикке тапшырып жаткандар медициналык комиссиядан, кесиптик-психологиялык жарактуулук сынагынан (ВЛЭК) өтүшөт. Окуу жайды бүткөндөн соң англис тили боюнча сертификат алабыз. ICAO эл аралык уюмдун талабына жараша диспетчер тилди төртүнчү деңгээлде билиши керек. Андан кийин "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасына барып стажировкадан өтөбүз. Мына ошол жерден айдоочулук күбөлүк алгандай эле авиадиспетчерликти тастыктаган документ алабыз. Ансыз эч ким диспетчер болуп иштей албайт. Ал эки жылдык мөөнөткө берилип, улам жогорудагы айтылган талаптарды жаңылап турабыз.Жарым жыл сайын диспетчерлердин ден соолугун медициналык учуу боюнча эксперттик комиссия текшерип турат. Ар бир үч айда квалификацияны бекемдөө үчүн авиадиспетчердик симулятордон даярдыктан өтөбүз. Бизде бул кесипке Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда гана окутат. Ал эми айрымдары Алматыдагы академиядан, Красноярск, Санкт-Петербургдагы окуу жайлардан окуп келишет.
— Иштөө графигиңиз тууралуу айтып берсеңиз. Авиадиспетчердин жумуш күнү кандай башталып, кандай аяктайт?
— Биздин жумуш психоэмоционалдык жактан оор болгондуктан үч күн иштеп, үч күн эс алабыз. Мисалы, биринчи күнү эртең мененки нөөмөттө, эртеси күндүз, андан кийинкисинде түнкүсүн иштейм. Учактын санына жараша ар бир 1-2 саат сайын эс алып туруу зарыл. Бул үчүн атайын бөлмө бар. Инструктаж башталардан 15 мүнөт мурун жумушка келебиз. Бул убакытта адистер медициналык кароодон өтүп, пульс жана кан басым өлчөнөт. Алкоголго да текшерилет. Инструктаж учурунда учуулардын расписаниеси, аба ырайы, аэродромдун даярдыгы жана жабдыктардын техникалык абалы айтылат. Андан кийин нөөмөт кабыл алынат.
— Авиадиспетчерлердин жумуш ордун, иштөө процессин биз кинотасмалардан көрүп калабыз. Анда диспетчерлер учактар толук көрүнгөн мунарада отурушат. Экрандарынан самолёттордун учуу багыты көрсөтүлөт. Ал эми диспетчер болсо пилоттор менен сүйлөшүп, алдыдагы тоскоолдуктар жөнүндө айтып турат. Функцияңыз тууралуу дагы кененирээк айтып берсеңиз?
— Тасмаларда жалаң гана өзгөчө кырдаал, катастрофа болгон учурлар чагылдырылат эмеспи. Анда биздин жумуштун бир чети гана көрсөтүлөт. Биздин негизги максат — учактардын сүзүшүп кетишине жол бербөө. Андан тышкары, пилотторго туура, өз маалында маалымат беришибиз керек. Ал эми өзгөчө кырдаал болгон учурда экипажга жардам берип, бул тууралуу маалыматты тийиштүү тармакка жеткиришибиз керек. Мунарада отурган авиадиспетчерлерге учактар конуп-учкан аймак толук 360 градуста көрүнүп турат. Учак учуп кеткенден кийин локатордон маалымат алып иштеген диспетчерлер аба кемесинин бара жаткан жерине ийгиликтүү жетип алуусун камсыздайт.
— Интернетте диспетчерлер менен пилоттордун кырсыкка чейин сүйлөшкөн аудиожазуулары көп чыгат. Негизи сиздерде сүйлөшүүнүн өзүнчө эрежеси болот турбайбы.
— Биз көп учурда орус жана англис тилдеринде сүйлөшөбүз. Албетте, орусча бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз. Англис жана немецтер таза англис тилинде сүйлөгөндүктөн кыйынчылык жаралбайт. Корей же кытай пилотторунун акценти болгондуктан кабыл алуу бир аз кыйыныраак. Биз бул адамдардын англис тилинде сүйлөгөн учурда акцентин да угуп, үйрөнүп чыгабыз. Ошону менен бирге ICAO эл аралык уюму пилот менен диспетчерлердин сүйлөшүүдө колдоно турган сөздөрүнүн тизмесин, фразаларын даярдаган. Түшүнбөстүк болбошу үчүн стандарттык кырдаалдарда ушул фразаларды колдонууга милдеттүүбүз.
— Жумуш учурунда өзгөчө кырдаалга кабылдыңыз беле?
— Мындай учурда ар бир диспетчер эмоцияга алдырбай документте жазылган талаптарды аткарышы керек. Экипажга туура маалымат берүү маанилүү. Жоопкерчилик өтө чоң. Эгер бир нерсе туура эмес болсо, териштирүү жүргүзүлүп, диспетчер жоопко тартылып, күнөөсү аныкталса соттолуп кетет. 2017-жылы Дача СУда учак кулаганда биздин нөөмөт болчу. Бирок анда мен пультта отурган эмес элем. Сиздерге маалым болгондой, диспетчерлер так иштегендиктен, иликтөө учурунда биздин кесиптештерге эч кандай доо коюлган эмес.
— Асманда тыгын болушу мүмкүнбү? Бир убакытта канча борт уча алат? Ар бир учактын ортосундагы интервал канча?
— Ар бир учактын ортосундагы аралыкты биз көзөмөлдөйбүз. Мисалы, бир эшелондо карама-каршы учкан самолёттун аралыгы 30 чакырым, бир багытта учкандардыкы 20 чакырым, ал эми вертикалдык алыстыгы 300 метр болушу зарыл. Ооба, самолёттордун дагы тыгыны болот. Бирок бул Европа мамлекеттеринде көп кездешет. Бизде кышында мындай абал болуп калышы мүмкүн. Кар жаап, туман түшкөндө аэродромду жаап, кардан тазалап даярдык көрөбүз. Бир учурда 4-5 учак келип калганда аларга кезек берип, биринчилерин кондуруп жатканда кийинкилери кезегин күтүп турушат. Күтүп турат дегеним учак бир жерде токтоп тура албайт да, ошондуктан күтүү зонасында айланып учуп турат же көпкө күтө тургандар майы аз болсо жакынкы аэропортко конот. Домодедово, Шереметьево аэропортторунда учак арбын болгондуктан ал жакта тыгын көп болот.
— Пилот авиадиспетчерлерди укпай койгон учурлар болобу?
— Эреже боюнча пилот диспетчердин сөзүн угуп, өзүм билемдикке салбашы керек. Айрым учурларда диспетчер коопсуздук аралыгын туура эмес айтып ката кетирип алса, учакта орнотулган аралыкты эсептеген жабдык TCAS сигнал берсе, пилот анда жабдыкты угушу керек. Кооптуу абалдан чыккандан кийин диспетчердин командасын аткарат.
— Учактарды артка кетирип салган көрүнүштөр болот экен…
— Албетте болот. Эгер учактын аба мейкиндигине кирүүгө уруксаты жок болсо, артка кетирүүгө туура келет. Бул кызматта алгач иштеп баштаганда көп ойлонгондуктан учактардын абада кагышкан учурлары түшкө кирчү. Убакыттын өтүшү менен жоопкерчиликке көнүп каласың. Жүздөгөн адамдын жашоосу бир нече адистен көз каранды болгондуктан авиадиспетчер кесиби жоопкерчилиги чоң жумуш болуп эсептелет.
— Канат, сиз авиация тармагында сегиз жылдан бери эмгектенип келе жатыптырсыз. Анын үстүнө студенттерди да даярдыктан өткөрүп келесиз. Адистерди даярдоодогу тоскоолдуктар барбы?