БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Улуу Британияда коронавирустун жаңы штаммы пайда болуп, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) аны изилдеп жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Уюм Лондон менен тыгыз иштешүүдө. Британ адистери анализ менен соңку изилдөөлөрдүн жыйынтыгын ДССУга берип жатат.
"Биз вирустун жаңы түрүнүн өзгөчөлүктөрү жана кесепеттери жөнүндө көбүрөөк маалымат алып, коомчулукту кабардар кылып турабыз", — деп билдирген ДССУ Twitter баракчасында.
Улуу Британиянын адистери коронавирустун жаңы тиби азыркыдан 70 пайызга жугуштуу болушу мүмкүн экенин болжоп, элден сактыкты талап кылууда. Бирок учурда ооруканага кайрылгандар менен каза тапкандардын саны жогору эместиги белгиленген.
Ишемби күнү премьер-министр Борис Жонсон Лондонго жана Англиянын түштүк-чыгышындагы региондорго жаңы чектөөлөрдү киргизген. Анын артынан Шотландия менен Уэльс бийлиги дагы катаал чараларды киргизгенин жарыялаган.Пандемия башталгандан бери Британияда коронавирус 2 004 219 кишиде аныкталып, 67 075 бейтап каза болгон.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Россияда иштеп жүргөн жарандары ушул жылдын 15-мартына чейин документтерге байланыштуу иштерин бүтүрүп алышы керек. Бул тууралуу Кыргызстандын РФтеги элчилигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Россия президенти "COVID-19 инфекциясынын андан ары жайылуу коркунучуна байланыштуу чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чараларды узартуу жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Документтеги талаптарга ылайык, төмөнкүлөрдү аткаруусу зарыл:
Эгер Россияда туруктуу же убактылуу жүргөн кыргыз жарандары жогорудагы талаптарды аткарбаса, өлкөдөн чыгарылып, кайра кирүүгө тыюу салынмакчы.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Коронавирус менен күрөшүү үчүн Россия Кыргызстанга кезектеги гуманитардык жардамын жөнөттү. Бул тууралуу РФтин КРдеги элчилигинен кабарлашты.
Ага ылайык, Роспотребнадзор COVID-19ду лабораториялык диагностика кылуучу 20 000 реагентин алып, ошол эле күнү жүк Кыргызстанга жиберилген.
Аталган гумжардам Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаментине бериле турганы айтылды.
Кыргызстан Россияга көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын үч калысы Дүйнөлүк футбол федерациясынын (ФИФА) 2021-жылдагы тизмесине киргизилди. Бул тууралуу өлкөнүн футболдук союзунан кабарлашты.
Ата мекендик футбол адистери Медербек Тайчиев, Зайниддин Алимов жана Нурзат Аскат уулу алгачкы ирет аталган тизмеге алынган. Дүйнөлүк уюмда Кыргызстандан жалпысынан 17 калыс бар. Алардан алтоосу футбол калысы, сегизи жардамчы (каптал калысы) жана үч калыс футзалдан.
Сергей Грищенко, Исмаил Талипжанов, Замир Чыныбеков, Элдияр Салыбаев, Рамина Цой, Артем Скопинцев, Хусан Джалалдинов, Канат Мырсабеков реферинин жардамчысы болуп саналат.
Ал эми Нурдин Букуев, Чыңгыз Мустафаев жана Элдияр Келдибеков ФИФАнын футзал калыстарынын катарында.