Коронавируска каршы эмделгенден кийин эмнелерди кылбаш керек. Кеңештер

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүКоронавируска эмдөө алып жаткан бейтап. Архив
Коронавируска эмдөө алып жаткан бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Роспотребнадзор бейтап COVID-19дан коргогон дары алгандан кийин дене табына көңүл бурушу маанилүү экенин айткан. Мындан тышкары, тамактануу дагы өзгөчө роль ойнойт.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. COVID-19 вирусуна каршы вакцина алгандан кийин бир катар эрежелерди сактоо керектигин РИА Новостиге Россиядагы керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдык бакубатчылык боюнча федералдык кызматы (Роспотребнадзор) билдирди.

"Организм стресске кабылбашы керек. Маселен, адам үшүп же өтө ысып кетпеши зарыл, ошондой эле аллергиялык реакцияны чакырган тамак-аштардан оолак боло турганы оң", — деп билдирди мекеме.

Ежегодная пресс-конференция президента РФ В. Путина - Sputnik Кыргызстан
Путин коронавируска каршы эмдөөдөн качан өтөрүн айтты
Декабрдын башында Россиянын президенти Владимир Путин коронавируска каршы массалык түрдө эмдеп баштоону тапшырган. Алгач тобокел тобунда тургандар вакцина алары белгиленген болчу.

2020-жылдын август айында Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги Гамалея атындагы илимий борбордо жасалган "Спутник V" препаратын каттоого алган.

Октябрда дагы бир "ЭпиВакКорона" аттуу вакцина тууралуу жарыяланган. Анын Новосибирскидеги "Вектор" борборунда иштелип чыкканы маалым.

Жаңылыктар түрмөгү
0