Инсульт менен жүрөк оорусун ойготуучу себептердин бири аталды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКан басымын өлчөө. Архив
Кан басымын өлчөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар ар кыл континентте жашаган элүү төрт миң адамдын 10 жыл ичиндеги саламаттыгынын көрсөткүчтөрүн карап чыккан.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Кишинин оң жана сол жагындагы артериалдык кан басымында айырмасы бар адамдар инсультка жана жүрөк оорусуна көбүрөөк кабылышы ыктымал. Бул тууралуу Hypertension журналына жарыяланган макаладан таанышууга болот.

Эксперттер 24 изилдөөнү тыкыр анализдеп чыгышкан. Ага ар кыл континентте жашаган 54 миң адам тартылган. 10 жыл ичиндеги артериалдык кан басымдын айырмасы, адам өлүмүнүн саны, инсульт жана жүрөк пристубуна кабылган көрсөткүчтөрү байкоого алынган.

Операция жасап жаткан дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда адам өлүмүнө себепкер оорулардын тизмеси жарыяланды
Бул маалыматтардан кийин окумуштуулар оң жана сол колдогу артериалдык кан басымдын айырмачылыгы менен инсульттун, жүрөк-кан тамыр ооруларынын, андан келип чыккан өлүмдүн кандайдыр бир байланышы бар деген бүтүмгө келишкен.

Изилдөөнүн жыйынтыгында айырма беш миллиметр сымап мамычасынан ашып кетсе, жүрөк кан тамыр илдетине кабыларын божомолдой берсе болорун айтышкан. Айырмачылык бир миллиметр сымап мамычасын көрсөткөндө оорунун өнүгүп кетүү тобокелдиги да бир пайызга өсөт дешкен.

Эксперттер бул дарыгерлерге кулак кагыш экендигин, мындай көрсөткүчтөн соң кардиолог бейтапка карата жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алууга кеңеш берүү зарыл дешкен.

Буга чейин оң, сол колдун айырмасынын босого көрсөткүчү 15 миллиметр сымап мамычасы түзөрү айтылып келсе, эми жаңы изилдөөлөр анын деңгээлин онго түшүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0