Биолог COVID-19дун жаңы штаммы адам өлүмүнө көп таасир этпей турганын айтты

© AFP / SAJJAD HUSSAINКоронавируска тест жасоого алынган үлгү. Архив
Коронавируска тест жасоого алынган үлгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иликтене элек вирустун жаңы штаммы башка өлкөлөрдө дагы, анын ичинде Россияда дагы бар болушу мүмкүн экени айтылат.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. COVID-19дун жаңыдан пайда болгон штаммы вирустан каза болгондордун санынын көбөйүшүнө өбөлгө түзө албайт. Бул тууралуу Жорж Мейсон университетинин системалык биология мектебинин профессору Анча Баранова билдиргенин РИА Новости жазды.

Ал вирустун жаңы штаммы башка өлкөлөрдө, анын ичинде Россияда дагы бар болушу мүмкүн экенин айтты. Бирок изилдөөлөр аз болгондуктан аныкталбай деле каларын белгилейт.

Биологдун айтымында, жаңы штамм коронавирусту тез жайылтышы ыктымал, бирок адамга өтө чоң коркунуч жаратпайт.

"Жаңы варианттагы вирустан адам өлүмү көбөйбөйт. Вирус өтө коркунучтуу экенине далил жок, вирустун эволюциялык процессинин өзү кооптуулугун төмөндөтүүгө алып келет. Эгер вирус Эбола сыяктуу адам өмүрүнүн кыйылышына алып келгендей коркунучтуу болсо, өзүнөн башка адамга жукканга чейин эле ден соолугу начарлап каза болот. Коронавирустун табиятына салыштырып караганда жаңы штамм алыска барбайт", — деди Баранова.

Коронавирустун компьютердик модели. Архив - Sputnik Кыргызстан
COVID: жаңы штамм мурдагыдан 10 эсе тез жайылууда. Чоо-жайы
Белгилей кетсек, буга чейин Улуу Британияда коронавирустун жаңы штаммы пайда болуп, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) аны изилдеп жатканы айтылган. Буга байланыштуу бир катар өлкөлөр Улуу Британияга эшигин жапкан болчу.

Ал арада айрым изилдөөчүлөр бул тууралуу айтуу али эрте экенин белгилеп, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырган. Бул катардагы дагы бир ушак жана андан эч кандай өзгөрүү болбой турганын билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0