БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. НАСАнын Жерге жакын жайгашкан объектилерин изилдөө борбору планетага үч астероиддин жакындап келе жатканын билдирди. Бул маалыматты РИА Новости жазды.
Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, космос таштары 25-декабрда Жердин жанынан учуп өтөт. Алардын ичинен эң чоңу 3 миллион чакырым аралыкта жакындап келе жатат. Анын диаметри болжол менен 200 метрге жакын.501647 (2014 SD224) деген ат берилген астероид соңку ирет Жерге 2020-жылдын январында жакындап келген. Акыркы жолу ал планетанын жанынан 2021-жылдын декабрында жандай салып өтөт.
НАСА "кооптуулук жараткан" топко 0,05 астрономиялык бирдиктин айланасында жайгашкан, диаметри 140 метрдин тегерегиндеги космостук бардык объектилерди киргизди.
UFC уюмунун чемпиону, кыргызстандык мушкер кыз Валентина Шевченко кезектеги атаандашы Жессика Андраде менен көз караштар таймашына чыкты. Чемпиондук наам үчүн кармашуучу спортчулардын видеосун аталган уюм өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Мушкер кыздар 24-апрелде (Бишкек убактысы боюнча 25-апрелде) АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилл шаарында өтүүчү UFC 261 турниринде беттешет. Кыргызстандык Валентина Шевченко чемпиондук наамын коргойт, Жессика Андраде наамга талапкер катары чыгат.
Видеонун астына промоушен "Чемпион наамын коргоп кала алабы же жаңы чемпион чыгабы?" — деген таризде билдирүү калтырган.
Кыргызстандык мушкер беделдүү уюмдун бел курун 2018-жылы польшалык Жоанна Енджейчикти уткандан кийин тагынган. 2019-жылы америкалык Жессика Айды, Лиз Кармушту, ал эми былтыр америкалык Кэтлин Чукагянды, бразилиялык спортчу Женнифер Майяны утуп, наамын төрт ирет коргоп калган.Ал эми атаандашы бразилиялык спортчу эң жеңил салмактын чемпиону болгон. Акыркы беттешин 2020-жылдын 17-октябрында Кэтлин Чукагян менен кармашып, нокаут менен уткан.
Жессика Андраде карьерасында 29 кармашка чыгып, сегиз ирет жеңилген. Кызыгы, бразилиялык кыз Камару Усман менен Хорхе Масвидель чемпиондук кур үчүн таймашкан UFC 251 мелдешинде Роуз Намаюнаска жеңилген. Андраденин Шевченко менен беттеши да дал ушул Камару Усман менен Хорхе Масвидель чемпиондук кур үчүн таймашкан UFC 261 турниринин алкагында өтөт.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстан Өзбекстандан 750 миллион киловатт-саат алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп, электр энергиясы өлкөгө импорттоло баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди.
Эске салсак, бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычындагы суу былтыркыга салыштырмалуу 3 миллиард куб метрге аз. Бул өлкөгө электр энергиясын сырттан алып келүү зарыл дегенди түшүндүрөт.
"Товар алмашуу шарты менен биз Өзбекстандан 750 миллион киловатт-саат алуу тууралуу сүйлөштүк. Электр энергиясы импорттоло баштаган. Бул иш быйыл жана кийинки жылдын биринчи кварталына чейин уланып, жай мезгилинде тыныгуу болуп турат. Электр энергиясын кайтарып берүү жайында башталып, карызды үч жылдын ичинде берип бүтүп калабыз", — деди Турдубаев.
Ал быйыл Казакстан Кыргызстандын энергосистемасына 900 миллион киловатт-саат бере турганын белгилеп, коңшуларга кайра Токтогул суу сактагычына эквиваленттик көлөмдө суу топтоп, камсыздап бере турганын кошумчалаган. Муну менен Кыргызстан үч жылдын ичинде миллион киловатт-сааттык сууну коё берип, ошону менен кутулат.
Ушул убакта республика боюнча миңдеген бүтүрүүчү маанилүү тестирлөөгө катуу камылга көрүүдө. Ансыз окуу жайлардын көбүнө тапшыруу мүмкүн эмес.
Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөргөн уюмдагылар келечекке алгачкы кадам шилтеткен бул сынакка камынууда абитуриенттер кандай катачылыктарды кетирерин айтып беришти.
Тестирлөөнүн тагдыр чечер маанисинен улам бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү азыр чүнчүп турган убак. Адистер санаага алдырбоого кеңеш беришет, ЖРТ мектеп программасынын алкагындагы тапшырмалардан турат. Эгер сабактарга калтырбай катышып келсеңиз, сизге тест татаал деле болбойт. Ошону менен бирге эле ЖРТга канчалык эрте кунт коюп даярдана баштасаңыз, жыйынтык да ошончолук сезилерлик болот.
Тестирлөөдө бүтүрүүчүлөр ой жүгүртүп жана мектепте алган билимди пайдалана билүүнү көрсөтүшү керек. Ошондуктан материалдарды жаттоонун зарылдыгы жок. Мисалы, “Тилдин практикалык грамматикасы” бөлүмүндө тигил же бул эрежени жатка айтканыңыз эмес, үйрөнгөн тилди иш жүзүндө пайдалана билгениңиз текшерилет. Маселен, сөздөрдү тилдин нормаларына шайкеш колдонуу, сүйлөмдү ылайыктуу сөздөр менен толуктай билүү жана башкалар. Тарых боюнча предметтик тестте тарыхый окуялардын себептери, кесепети жана маанисин түшүнүү маанилүү.
Тестирлөө күнү жакындаган сайын абитуриенттердин көбү ЖРТга тез даярдануу ыкмаларын издей баштайт. Ушул тапта тестке даярдоо үчүн ар кандай курстар, тренингдер жана видеосабактар арбын. Анткен менен алар ЖРТ талаптарына туура келер-келбесине кепилдик жок. Курстарда абитуриенттерди туура эмес багытта даярдап, жалпы республикалык тестирлөөгө эч кандай тиешеси жок тапшырмаларды беришкен учурлар болгон.
Билим берүү жана окутуу методдорун баалоо борборундагылар ЖРТга даярдыктын чоң бөлүгү — бул өз алдынча иш, маңдай терин төктүргөн жана ырааттуу эмгек. Ошону менен бирге эле майнаптуу жыйынтык үчүн бир айлык “атайын даярдык” курсуна жазылып, өтүп коюу жетишсиз.
Көптөгөн бүтүрүүчүлөр даярдык маалында тесттин кайсы бир бөлүгүнө басым жасайт. Мисалы, абитуриент өзүн математикада күчтүү деп санап, орус тили боюнча даярдана берет. Натыйжада өзү күчтүү эсептеген дал математикадан аксайт. Артыкчылыктарды туура белгилеп алуу маанилүү: татаал бөлүктөрүнө жакшы даярданып, бирок башкаларын да унутта калтырбоо абзел. Абитуриент негизги тестке катуу даярданып, бирок предметтик бөлүктөрүнө көңүл бөлбөй койгон учурлар да жок эмес. Айрым адистиктерге кабыл алууда жогорку окуу жайлар негизги жана предметтик тесттин жалпы баллын эсепке аларын унуткарбаңыз. Бирок канчалык көп предметтик тестти толтурсаңыз, окуу жайга өтүүгө мүмкүнчүлүгүңүз ошончолук жогору болот деген ойдон алыс болуңуз.
Тесттин өзүнө даярдыктан сырткары жооп баракчасын толтуруу боюнча да машыгып койгон оң. Бул сизге ишенимдүүлүк жана тестте баалуу убакытты үнөмдөөгө көмөкчү болот. Кымгуут жагдайда абитуриент апкаарып, баракты толтурууда ката кетирип алышы ыктымал.
Баракты толтуруунун үлгүсү “Жалпы республикалык тестирлөөгө даярданабыз” деген аталыштагы акысыз брошюрада камтылган.
Тестирлөөнүн администраторлору туура жоопту белгилөөнү көрсөтүп беришет, бирок муну эртерээк үйрөнүп алганыңыз дурус.