Иракатаг АКШнын аскерлери. Архив

"Баарын жазалайбыз". Пентагон рекорддук аскердик бюджетин эмнеге сарптайт?

134
Америкалык сенатор жана конгрессмендер коргоо тармагынын бюджетинин долбоорун жактырышты. 2021-жылы Вашингтон аскердик керектөөлөргө 740 миллиард доллар жумшоого ниеттенүүдө.

Америкалык сенатор жана конгрессмендер коргоо тармагынын бюджетинин долбоорун жактырышты. 2021-жылы Вашингтон аскердик керектөөлөргө 740 миллиард доллар жумшоого ниеттенүүдө.

Пентагондун жаңырчу жылга карата планында куралдуу күчтөрдү заманбапташтыруу, жаңы технологияларды иштеп чыгуу, ошондой эле АКШнын геосаясий таасирин андан ары кеңейтүү — оппоненттерге санкциялар жана союздаштарга көмөк көрсөтүү бар.

Дональд Трамп долбоорго вето коерун эскертсе деле бюджети бекитилет өңдөнүп калды. Пентагон бөлүнгөн акчаны кандай жумшаарын Андрей Коц талдаган.

Президент менен талаш

Коргоо тармагынын бюджети америкалык бийликтин жогорку деңгээлинде талаш-тартыш жаратты. Азырынча учурдагы президент Дональд Трамп Афганистан, Корея жана Германиядагы америкалык күчтөрдүн санын кыскартууга нааразылыгын билдирди.

Мурда ал Жарандык согуш маалындагы Конфедерация ишмерлеринин урматына аталган аскердик объектилердин атын алмаштырууну жана Түштүктөгү кул ээлөөчүлүк символикаларды жоготууну демилгелеген долбоорго каршы чыккан.

Мындан сырткары, президентке документте 1996-жылдагы коммуникация тармагындагы этика жөнүндөгү мыйзамдын 230-бөлүмүн жокко чыгаруу боюнча пункт камтылбаганы жаккан эмес. Ал мыйзам технологиялык компанияларды керектөөчүлүк контентти жайгаштыруу, өчүрүү жана башка модерациялоо үчүн соттук доолордон коргойт. Эске салсак, Трамптын Twitter, Facebook жана бир катар башка интернет-аянтчаларына өчү бар, алар көп учурда анын билдирүүлөрүн дезинформация жана талаштуу контент катары көрсөтүп коет эмеспи. Трамп алардын цензура жана саясатка таасир этүү аракеттери үчүн айыптап келген. Ал социалдык медиа жана жалпыга маалымдоо каражаттарын жарыялаган материалдар үчүн юридикалык жактан жооптуу деп таануу керектигин жактайт.

Анткен менен бюджет долбоорун 438 конгрессменден 300ү колдоп добуш беришти. Бул өкүлдөр палатасына президенттик ветону жоюуга мүмкүндүк берет. Трамп долбоорго бөгөт коет, конгресс кайра добушка коет. Эгер документ кайрадан жактырылса, аны толук кабыл алышат. Анын үстүнө мыйзам сенаттын колдоосуна татыган: 84 —  "макул", 13ү гана каршы болгон.

Санкциялар жана колдоо

Бюджет долбоорунун негизги геосаясий жаңычылдыктарынын бири — "Түндүк агым – 2ге" каршы санкциялар. Америкалыктар Россиянын көмүр-суутектин рыногундагы позициясын бузуу үчүн тырышчаактык жана ырааттуулук менен аракет кылууда.

Бюджетте газ түтүгүн курууга кол кабыш кылууга, ошондой эле түтүк тартуучу кемелерди техникалык заманбапташтыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн да жаза берүү каралган.

"Түндүк агым — 2" 94 пайызга даяр болуп, 76 чакырымдык аралык гана калды. Санкциялардан буйтоо амалында Германия газ түтүгүн куруп бүтүрүү үчүн атайын фонд ачты. Юридикалык жактан "Түндүк агым – 2ге" түз тиешеси жок подрядчиктер бул структуранын буюртмаларын аткармакчы болушту.

Америкалыктар Түркияга да кысым көрсөтүүгө кам урууда. Бюджет россиялык С-400 зениттик-ракеталык тутумдарын сатып алуу жана эксплуатациялоого да санкцияларды карайт. Өткөн аптанын аягында АКШ Мамлекеттик департаменти мамкатчы Майк Помпеонун билдирүүсүн жарыялады. Бул курал боюнча келишим америкалык персоналдын жана аскердик техниканын коопсуздугуна коркунуч туудуруп, ошондой эле мунун аркасы менен Москвага түркиялык куралдуу күчтөр жана коргонуу өндүрүшүнө кирүүгө жол ачарын белгилейт Майк Помпео.

Түркия Тышкы иштер министрлиги да тим калбады. С-400 — Вашингтон менен Анкаранын ортосундагы көптөн бери уланып келе жаткан кедерги. Америкалыктар Түркияны бешинчи муундагы F-35 учагынын программасынан чыгарып салган. Пентагондогулар түркиялык зениттик-ракеталык системалардан бул жаңы истребитель туурасындагы маалыматтар Москвага жетип каларынан чочулашат.

Америкалыктар чыгыш европалык союздаштарын, атап айтканда, Прибалтика жана Польшаны каржылоону улантышат. Вашингтон үчүн бул эки мамлекет "Россияны ооздуктоо" үчүн плацдарм катары кызмат өтөйт.

"Коопсуздук тармагына кол кабыш кылуу демилгелеринин алкагында украиналык куралдуу күчтөрдү колдоо" үчүн Киевге да 250 миллион доллар бөлүнмөкчү. Чоо-жайы так айтылбайт, болду-болбоду, кеп Украинанын Аскердик-курулуш башкармалыгын зооттолгон автомобиль, танкка каршы ракеталык комплекстер, ошондой эле чакан деңиз кемелери менен жабдууну улантуу жөнүндө.

Толугу менен кайра куралдануу

Албетте, бул жаатта Кошмо Штаттар өздөрүн да унуткарбайт. Пентагондун негизги керектөөсүнө 740 миллиард доллардан 635,5 миллиарды жумшалат. Калганы улуттук энергетикалык коопсуздук программасына (26,6 миллиард) жана чет өлкөлөрдөгү операцияларга (69 миллиард) сарпталат. Үч жыл аралыгында гипер үндүү технологиялар менен куралдануу зарылдыгы да долбоордо айрыкча белгиленген. Өзөктүк үчтүктү заманга бапташтырууга дээрлик 30 миллиард доллар каралган.

Бул каражат байланыш жана башкаруунун жаңы тутумдарын (Nuclear Command, Control and Communications — жети миллиард), B-21 Raider ыраактан бомбалоочу программаларды (2,8 миллиард), Columbia долбоору боюнча баллистикалык ракеталуу суу түбүндөгү кайыктарды (4,4 миллиард) иштеп чыгууга жумшалат.

"Аба – жер" тибиндеги өзөктүк LRSO менен жабдылган канаттуу ракеталар долбооруна — 474 миллион доллар, ал эми GBSD программасынын континенттер аралык баллистикалык ракеталарга  1,5 миллиард кетиришет. Ракетага каршы коргонуу тутумдарын өнүктүрүүгө 20 миллиард доллардан ашуун каражат чыгымдашат.

Деңизге ылайыкталган SM-3 ракетага каршы аппараттарды, AEGIS аскердик маалыматтык-башкаруу тутумун, THAAD ракетага каршы коргонуу комплексин сатып алышат. Patriot зениттик-ракеталык комплексин жакшыртышат.

Космостук күчтөргө 15 миллиард доллар камдашкан, бул каражат Кошмо Штаттардын спутниктик топторун дагы кеңейтүүгө жумшалат. Он миллиарддын тегерегиндеги акча кибер мейкиндиктеги чабуулдук да, коргонуу да операцияларына сарпталат.

Аскердик аба күчтөрүнө 57 миллиард тиет. Бул каражатка 79 F-35 истребителин, KC-46 май куючу учактан 15ти, F/A-18 Super Hornet палубалык бомбалоочу истребителинен 24тү, 52 сокку уруучу AH-64E Apache тик учагын жана бир катар машиналарды сатып алышат.

Аскердик-деңиз күчтөрүнө 2021-жылы 32,3 миллиард доллар каралган, негизинен бул акча жаңы муундагы Columbia суу түбүндөгү атомдук кайык борборун курууга, Ford классындагы авиа ташуучу, Virginia классындагы суу түбүндөгү кайык, эки Arleigh Burke эсминецин, бир FFG(X) фрегатын, LPD десанттык кемесин, ошондой эле экипажсыз USV Large ири кемесинен эки бирдик сатып алууга сарпталат.

Кургактагы күчтөр үчүн 13 миллиард доллар бөлүнүп, ага төрт миң сооттолгон жеңил автомобиль, 32 көп буталуу зооттолгон унаа, 72 аскердик амфибия, ошондой эле Abrams танктарынын 89у заманбапташтырылат.

Келечектин технологияларын да көңүл сыртында калтырышкан эмес. Гипер үндүү куралга 3,2 миллиард, микроэлектроникага — 1,5 миллиард, ал эми жасалма интеллектке 841 миллион доллар бөлүшкөн.

Америкалык аскердик бюджет улам көбөйүп, жыл сайын жаңы рекорддорду коюп келет. Жаңы президент келсе деле АКШнын тышкы саясаты өзгөрөрү жана тынчтыкты сүйүүгө ыктап калары арсар.

134
Белгилер:
АКШ, Аскер, бюджет
Тема боюнча
Америкалык F-35тин кезектеги көйгөйү: абада май куюучу учак менен кагышты
Адамдар пляжга барышат. Архив

Глобалдуу жылуулуктан кийин адамдын келбети да, мээси да өзгөрөт. Иликтөө

13
(жаңыланган 12:46 01.12.2021)
Адистер климаттын өзгөрүшү адамдын сырткы көрүнүшүнө таасир этип, андан сырткары, ден соолугуна да өзүнүн "салымын" кошорун айтты.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Жер планетасындагы глобалдуу жылуулуктан улам адамдын сырткы көрүнүшү кантип өзгөрө тургандыгын илимпоздор изилдеп чыкканын "Газета" кабарлады.

Илимий эмгектин авторлорунун белгилегенине караганда, эволюция теориясы боюнча жаратылыш шарттары алмашканда түрлөр, жандыктар да өзгөрөт. Бир катар окумуштуулардын айтымында, мындай нерседен адамдар да куру калбайт.

"Климаттын жылып башташы жаныбарлардын кебетесин өзгөртөт" деп аталган эмгектин автору, биолог Сара Райдинг климаттын өзгөрүшү жана глобалдык жылуулук жан-жаныбарлардын көнүшүп кетишинин темпин тездеткен деп эсептейт.

Ыңгайлашкан башка жан-жаныбарлар — европалык чычкандар менен келемиштин бир түрүнүн буттары узарып, денесинин башка түрлөрү да мурдагыдан чоңойгон.

Ал эми адамдарга келе турган болсок, өзгөрүлгөн жылуулуктун айынан меланинди көбүрөөк бөлүп чыгары айтылды. Бул пигменттин териге, чачка жана көзгө өзүнүн таасирин тийгизет. Ал көбүрөөк болсо, теринин өңү кара тору тартып, көз менен чач да карарат.

Климаттын алмашуусу менен адам баласы өзү да, мээсинин көлөмү да өзгөрөрү айтылууда. Изилдөөлөр адамдын орточо көлөмү менен мээси ар дайым өзгөрүп турарын, тагыраагы, суук чоңойтуп, ал эми ысык, тескерисинче, кичирейтерин көрсөткөн.

Илимпоздор глобалдуу жылуулуктун башталып келе жаткандыгынын айынан адамдын мээси менен денеси кайрадан кичирейиши мүмкүн дейт. Кембридждегилер адамдын эс тутуму, сүйлөөсү, бир нерсени тез үйрөнүп кетиши жана мээдеги кан айлануунун жайлай турганын айтышты.

13
Белгилер:
глобалдык жылуулук, илимпоз, изилдөө, адам, келбет
Тема боюнча
Ааламда ири жаратылыш кырсыктары эмнеге болуп жатканын окумуштуулар түшүндүрдү
Кытайда климат кескин өзгөрүп, кесепети оор болору болжолдонуп жатат
COVID-19 вакцинасын алган улгайган адам. Архив

Кубалык адистер "омикронго" каршы вакцина иштеп чыга баштады

15
(жаңыланган 11:23 01.12.2021)
Буга чейин ДССУ шашылыш отурум өткөрүп, анын жыйынтыгы менен коронавирустун Түштүк Африкада пайда болгон жаңы вариантын классификациялоо чечимин кабыл алган. B.1.1.529 жаңы штаммы грек тамгасы менен "омикрон" деп аталган.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кубадагы BioCubaFarma биотехнологиялык компаниялардын тобу коронавирустун "омикрон" деп аталган жаңы штаммы жукканда кандай болуп жаткандыгы боюнча отчётторду тыгыз карап чыгып, ага каршы атайын вакцина иштеп чыгууда. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Агенттик жогорудагы маалыматты холдингдин президенти Эдуардо Мартинестин айткандарына таянып билдирген.

"Омикрон" деп аталган жаңы штамм жукканда кандай болорун көңүл коюп байкап жатабыз. Ага каршы атайын вакцинаны иштеп чыгуудабыз, аны тез арада жасайбыз. Эми башкысы, күчтөндүргөн дозасын кошкондо эмдөө иштерине көз салуу керек жана COVID-19га байланыштуу санитардык чараларды сактоо өтө маанилүү", — деп жазган Мартинес өзүнүн Twitter блогуна.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму шашылыш отурум өткөрүп, анын жыйынтыгы менен коронавирустун Түштүк Африкада пайда болуп, тынчсыздандырып жаткан жаңы вариантын классификациялоо чечимин кабыл алган. B.1.1.529 жаңы штаммы грек тамгасы менен "омикрон" деп аталган. Медицина боюнча дүйнөлүк ассоциациянын төрагасы Франк Ульрих Монтгомери "омикрон" кооптуулугу менен Эбола вирусу же "дельта" штаммы сыяктуу болуп кетиши мүмкүн деп түйшөлгөнүн айтты.

Маалыматтарга караганда, Кубада коронавирустун жаңы тибине каршы элдин 82,2 пайызы эмделген. Ал жакта 2 жаштан өйдөгүлөрдүн саны 9,19 миллион киши дешти.

Кубанын окумуштуулары COVID-19га каршы төтр вакцина эсептеп чыгышкан. Финли вакцина институту иштеп чыккан эки препараттан (Soberana 01 жана Soberana 02) сырткары, Гендик инженерия жана CIGB биотехнологиялар борбору эки вакцинаны изилдеп жатат. Алар — тамчылатма Mambisa жана инъекциялык Abdala. Баштапкы Soberana 01 жана Soberana 02 көп санда чыгарылып, жапырт эмдөөгө колдонуу стадиясында турат.

15
Белгилер:
Куба, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, 'омикрон' штаммы, коронавирус, вакцина
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
"Омикрон" штаммынан коргонуунун жападан жалгыз жолу айтылды
Кыргызстанга кирүүдө 1-декабрдан тарта ПЧР-тест талап кылынат
Казакстан өлкөгө кирүү эрежесин катаалдаштырып, чектөө киргизет
Аткаминерлер. Архив

"Альянстан" келчү депутаттардын бизнеси. Көбү коомдук фонд, бирикме жетектейт

0
(жаңыланган 13:10 01.12.2021)
АСУнун алдын ала маалыматы боюнча, беш пайыздык босогодон алты партия өтүп, алардын ичинен "Альянс" партиясы шайлоочулардын 8,35 пайыз добушун алып жети мандатка ээ болмокчу.

Sputnik Кыргызстан агенттиги партиядагылардын ээлик кылган бизнесин тизмектөөнү улантат. Буга чейин "Ата-Журт Кыргызстан", "Ишеним" жана "Ынтымактан" келчү депутаттардын мал-мүлкүн карап чыккан. Маалыматтар Юстиция министрлигинен алынды.

Юстиция министрлигинин порталында Алтынбек Сулайманов "Бир бол" партиясынын төрагасы катары гана көрсөтүлгөн. Ага башка ишкердиктин субъектилери катталган эмес.

Депутат Жогорку Кенеша Алтынбек Сулайманов на заседании
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Алтынбек Сулайманов

Мурдагы тышты иштер министри Чыңгыз Айдарбеков "Инновация" коомдук бирикмеси менен фондусун жана "Короо спорт лигасы" коомдук бирикмесинин негиздөөчүлөрүнүн бири катары көрсөтүлгөн.

Министр иностранных дел Чингиз Айдарбеков принял участие в заседании Совета министров иностранных дел ОДКБ в режиме видеоконференцсвязи
© Фото / пресс-служба МИД КР
Чыңгыз Айдарбеков

Азамат Исираиловго эч бир компания, фирма катталган эмес.

Расмий булактардагы маалыматтарга ылайык, Фарходбек Алимжанов мурун "Ак-Кайын" жабык акционердик коомун, соода-сатык менен алектенген "Бакай-Юг" ЖЧКсын жетектеген. Азыр "Инновация" интеллектуалдык өнүгүү жана бизнести колдоо институтунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана "Айбек Алимжанов" атындагы кайрымдуулук фондун башкарып келет.

Кандидат в депутаты ЖК от партии Бир Бол Фарходбек Алимжанов
© Фото / пресс-служба партии "Бир Бол"
Фарходбек Алимжанов

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Гүлкан Молдобекова жана парламентке аялдардын квотасы менен келе жаткан Нилуфар Алимжанованын атына бир да ЖЧК жазылган эмес.

Жанар Акаевге дүңүнөн соода кылган "Акаев идея" жоопкерчилиги чектелген коому таандык.

Депутат Жогорку Кенеша Жанар Акаев на заседании ЖК
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жанар Акаев

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 эл өкүлүнөн куралат: 54ү пропорционалдык жол менен партиянын ачык тизмеси аркылуу келсе, 36 депутат мажоритардык система менен бир мандаттуу округдан мандат алмакчы.

0
Белгилер:
Кыргызстан, 'Альянс' партиясы, бизнес
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
421 алганы бар. Парламентке өткөн аял талапкерлер канча добуш чогултту. Тизме
7 партия босого чектен өтүүдө. Добуштардын 30 пайызы кол менен саналып бүттү