БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Рак илдетин алдын алып, анын өрчүп кетүү тобокелчилигин азайтуу үчүн кандай тамактануу зарыл жана кайсы азыктардан баш тартыш керек? Бул боюнча РИА Новостиге бир топ окумуштуулардын илимий изилдөөлөрү жарыяланды.
АКШдагы Тафт окуу жайынын илимпоздору рак кайсы азыктан өрчүй турганын жана туура эмес тамактануу кайсы органда залалдуу шишикти пайда кыларын билүү үчүн иликтөө жүргүзүшкөн. Алар 2015-жылы жогорудагы илдетке кабылган 20 жаштан жогору курактагы 80 миң америкалык жарандардын маалыматын анализдеп чыгышкан.
Жыйынтыгында туура эмес тамактануу көп учурда ичеги менен көтөн чучук рагына алып келиши ыктымал экени маалым болгон. Кайра иштетилген эт, кумшекерди көп колдонуп, жашылча-жемишти азыраак жеген туура эмес тамактануу болуп саналат.Тафт университетинин окумуштуулары кумшекер рактын бир нече түрүн дароо өрчүтүп жиберүүсү мүмкүн деген тыянакка келишкен. Таттуу, газдалган суусундукту көп ичкен аялдар жатын, эмчек жана бөйрөк рагына көп чалдыгышат. Кумшекерди көп колдонуу көтөн чучук, эмчек жана табарсык рагын чакыра турганы да маалым болду.
Илимпоздор кумшекер менен таттуу суусундуктан баш тартып, анын ордуна жер-жемиш же бал жеген оң экенин айтышкан.
"Ракты алдын алуу үчүн биринчи кезекте табигый таза азыктар менен тамактануу зарыл. Дандуу акшактын түрлөрү да бул ооруну алдын алып, анын өрчүп кетүү тобокелчилигин азайтат. Айрыкча, ал боор рагына миңдин бири", — деп жазылат маалыматта.
Омега-3 да рактан коргой турчу азыктардын алдыңкы сабында турары айтылды. Бул витаминдин деңиз азыктарында, грек жаңгагында жана кара икрада көп болору кошумчаланды.
Анда көрүнүп тургандай, жырткыч бутактардын ичке экенине карабай башына чейин чыккан. Биринчи аракетинде көздөгөн тамагын ала алган эмес. Бирок экинчи ирет бактын башына кайра чыгып, акыры майды алып кеткен.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Лондондогу ханыша Мария атындагы университет менен Barts Health NHS фонду биргеликте изилдөө жүргүзүп, коронавирус ар кайсы этникалык топторго ар башкача таасир этерин аныкташты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Изилдөөгө курагы 16 жаштан жогорку 1500дөн ашык бейтап алынган. Алар беш башка ооруканада дарыланган. Ичинен 31 пайызы азиаттар, 20 пайызы афроамерикалыктар, 40 пайызы европалыктар болгон. Иликтөө башталгандан туура бир ай өткөндөн кийин аталган топко кирген оорулуулардын ичинен 29 пайызы каза болгону аныкталган.
Эксперимент маалында азия тектүүлөрдө интенсивдүү терапия бөлүмүнө түшүп, өпкөсүн жасалма түрдө желдетүүгө 1, 54 эсе көбүрөөк муктаж болору билинген. Ушундай эле өзгөчөлүктөрдү афроамерикалыктардан байкаса болот. Аларда бул көрсөткүч 1,8 эсеге жогору болгон.
Ошондой эле азиаттар менен кара терилүүлөр арасында дагы европалыктарга салыштырмалуу өлүм көбүрөөк катталган. Азиялыктарда 1,49 пайызга болсо, афроамерикалыктарда 1,3 пайызга жогору.Мындан тышкары, адистер ИВЛ-аппаратка жатып калуу тобокелдиги дагы жогоруда айтылган эки расада европа тектүүлөргө салыштырмалуу 50-80 пайызга жогору болгонун айтышкан.
Бирок окумуштуулар азырынча мунун себебин аныктай элек.