БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Америкалык CarMD компаниясынын эксперттери кыймылдаткычы эң эле ишенимдүү автоунаалардын рейтингин түзүштү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Адистер 1996-2020-жылдар аралыгында чыгарылган 15,5 миллион темир тулпардын маалыматтарын талдап чыгышкан.
Алар кыймылдаткычтын иштен чыгышы жана аны текшерүү зарылдыгы жөнүндө индикатордун жыштыгын 2019-жылдын 1-октябрынан 2020-жылдын 30-сентябрына чейин салыштырып көрүшкөн.Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, Mitsubishi тизменин биринчи сабын ээлеген. Mercedes-Benz рейтингдин экинчи сабына жайгашкан. Алдыңкы үчтүктү Volkswagen жыйынтыктаган.
Ошондой эле алдыңкы бештикке Buick жана Ford кирген. Мындан тышкары, адистер Mazda, BMW, GMC, Subaru жана Cadillac автокөлүктөрүнүн ишенимдүү экендигин айтышкан.
Моделдердин арасында 2018-жылы чыккан Toyota Tacoma лидер болду. Экинчи жана үчүнчү орундарды 2015-жылы чыгарылган Honda CR-V жана 2018-жылы чыгарылган Toyota Camry ээлеген.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Россияда иштеп жүргөн жарандары ушул жылдын 15-мартына чейин документтерге байланыштуу иштерин бүтүрүп алышы керек. Бул тууралуу Кыргызстандын РФтеги элчилигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Россия президенти "COVID-19 инфекциясынын андан ары жайылуу коркунучуна байланыштуу чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чараларды узартуу жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Документтеги талаптарга ылайык, төмөнкүлөрдү аткаруусу зарыл:
Эгер Россияда туруктуу же убактылуу жүргөн кыргыз жарандары жогорудагы талаптарды аткарбаса, өлкөдөн чыгарылып, кайра кирүүгө тыюу салынмакчы.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Коронавирус менен күрөшүү үчүн Россия Кыргызстанга кезектеги гуманитардык жардамын жөнөттү. Бул тууралуу РФтин КРдеги элчилигинен кабарлашты.
Ага ылайык, Роспотребнадзор COVID-19ду лабораториялык диагностика кылуучу 20 000 реагентин алып, ошол эле күнү жүк Кыргызстанга жиберилген.
Аталган гумжардам Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаментине бериле турганы айтылды.
Кыргызстан Россияга көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын үч калысы Дүйнөлүк футбол федерациясынын (ФИФА) 2021-жылдагы тизмесине киргизилди. Бул тууралуу өлкөнүн футболдук союзунан кабарлашты.
Ата мекендик футбол адистери Медербек Тайчиев, Зайниддин Алимов жана Нурзат Аскат уулу алгачкы ирет аталган тизмеге алынган. Дүйнөлүк уюмда Кыргызстандан жалпысынан 17 калыс бар. Алардан алтоосу футбол калысы, сегизи жардамчы (каптал калысы) жана үч калыс футзалдан.
Сергей Грищенко, Исмаил Талипжанов, Замир Чыныбеков, Элдияр Салыбаев, Рамина Цой, Артем Скопинцев, Хусан Джалалдинов, Канат Мырсабеков реферинин жардамчысы болуп саналат.
Ал эми Нурдин Букуев, Чыңгыз Мустафаев жана Элдияр Келдибеков ФИФАнын футзал калыстарынын катарында.