БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Улуу Британия тургуну сейилдеп жүрүп баасы 800 фунт стерлинг (1,1 миллион доллар) болгон кенч таап алды. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, эркек киши эки жакты карап, сейилдеп жүрүп баткактын арасынан жалтыраган өзгөчө бир нерсе таап алган. Үйүнө барып аны текшерген учурда ал байыркы кумара болуп чыккан. Идиштин ичинен миңден көп тыйын табылган. Ал тыйындар биздин эрага чейинки 40-50-жылдарга таандык болушу ыктымал экендиги айтылды. Учурда эксперттер кенчти текшерип жатышат.Басылма жазгандай, табылган кенчтин баасы 800 миң фунт стерлинг турат. Адистер аны баалаган соң табылганын ээси тыйындарды музейге сатып же өзү каалагандай бөлүштүрүп алса болот.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерреш коронавирус пандемиясынын кесепетинен дүйнө акыркы жүз жылдыктагы эң оор экономикалык каатчылыкка кептелгенин билдирди. Бул тууралуу уюмдун сайтында жарыяланды.
Катчынын айтымында, азыр "дүйнө абдан морт болуп турган кез".
"Пандемия эки миллиондон ашык адамдын өмүрүн алып кетти. Экономикалык абалыбыз акыркы 100 жыл ичиндеги эң төмөнкү көрсөтүчкө түштү. Коронавирус адамдар, өлкөлөр арасында теңсиздик бар экенин далилдеп койду. Кыскасы, жаратылышка биз кандай мамиле кылсак, ал бизге дал ошондой сокку уруп жатат. Дүйнө эли диалогго келип, кызматташуубуз керек", — деди Гутерреш.
Ошондой эле ал 2021-жылы дүйнөнү калыбына келтирүүдө өкмөттөр, эл аралык уюмдар, жеке сектор жана жарандык коом биргелешип ынтымакта иштешүүсү керектигин кошумчалады.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. АКШ президенти Жозеф Байден Россия тарап менен көйгөйлүү маселелерди талкуулоого даяр экенин билдиргенин РИА Новости жазды.
Мамлекет башчынын айтымында, тиешелүү мекемелерден Москвага байланыштуу темалар боюнча түрдүү маалыматтарды сураган.
Ошондой эле президент стратегиялык чабуул коюучу куралды кыскартуу жана чектөө жаатында да АКШ Россия менен кызматташа аларын белгилеген.
"Өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн СНВ-3 келишимин узартууга аракет кылсак болот. Россия тарапка Навальныйдын аракети, Solar Winds кырдаалы же Афганистандагы америкалык аскерлердин башы үчүн сыйлык тууралуу билдирүүлөргө тынчсызданып жатканыбызды билдиргибиз келет", — деген Байден.
Маалыматта бардык айыптоолорду Москва бир нече жолу четке какканы айтылат.
Бишкекте Frima кургак сүтүн мыйзамсыз жол менен өндүрүп келген жашыруун цех табылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы кабарлады.
Мекемеден билдиришкендей, бул факт Жазык кодексинин 218-беренеси ("Товарларды индивидуалдаштыруу каражаттарын (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) мыйзамсыз пайдалануу") менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"25-январь күнү ордо калаадагы базарлардын биринин аймагынан аталган азыкты санитардык эрежел сактабалбаган шартта жасаган цех табылды. Учурда өлкө боюнча ушул сыяктуу фактыларды аныктоо иш-чаралары жүрүп жатат", – деп айтылат маалыматта.
Финпол азык-түлүктөрдү мыйзамсыз өндүрүү жана сатуу менен алектенгендер тууралуу кабары барларга кайрылып, 1955 номерине билдирип коюуну суранат.
Мындай азыктар өлкө экономикасына гана эмес, жарандардын ден соолугуна да коркунуч келтирери белгиленген.