Эл чечсе... Никол Пашинян отставкага кетүүгө даяр экенин билдирди

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүАрмениянын премьер-министри Никол Пашинян. Архив
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Армениянын өкмөт башчысы парламенттик жана парламенттен тышкаркы күчтөрдү 2021-жылы кезексиз шайлоо өткөрүү боюнча консультация жүргүзүүгө чакырып кеткен.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян элдин чечими менен отставкага кетүүгө даяр экенин Facebook баракчасы аркылуу жар салды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

"Элдин чечиминин жыйынтыгы менен премьер-министрлик кызматтан кетүүгө даярмын. Бирок эл ошону каалап, чечкен күндө гана кетем. Эгер эл менин бул кызматта калышымды кааласа, анда ушундай оор учурда Арменияны башкарып туруудан баш тартпайм", — деп жазган Пашинян.

Ал парламенттик жана парламенттен тышкаркы күчтөрдү 2021-жылы кезексиз шайлоо өткөрүү боюнча консультация жүргүзүүгө чакырып кеткен.

Ереванда өкмөткө каршы акциянын катышуучулары - Sputnik Кыргызстан
Метро токтотулуп, митингчилер кармалууда. Армениядагы нааразычылык акциянын видеосу
Белгилей кетсек, Арменияда эки айдан бери оппозиция тарап Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган акцияларды өткөрүүдө. Митингдер Тоолуу Карабахтагы куралдуу тирешти токтотуу боюнча келишимге кол коюлгандан кийин башталган.

Армения менен Азербайжан Москванын ортого түшүүсү менен согуштук иш-аракеттерди токтотуу боюнча бир пикирге келип, макулдашышкан.

Ереван Бакуга Кельбаджар, Лачын жана Агдам райондорун өткөрүп берип, аймактарга Россиянын аскерлери барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0