БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. COVID-19ду дарылоо учурунда антибиотикти өзү билемдик менен же өтө көп колдонуу оор формадагы гонорея илдетине алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) адистерине шилтеме берип The Sun басылмасы жазды.
"Пандемия учурунда гонорея илдетинин көбөйүшүнө шарт түзүлүп жатат. Ал эми коронавируска кабылгандар антибиотикти көп колдонуп жибергенде вирустар ага туруштук бергенди үйрөнүп алып жатышат. Жыйынтыгында кайсы бир вирустар дарыга туруштук берип калган организмде башка вирустар деле ээн-эркин жүрө берет", — деп айтылат билдиүүдө.
Адистердин пикиринде, башка жугуштуу илдет күч алып турган кезде гонорея баш көтөрчү болсо, матуция болуп ВИЧке кабылгандардын саны бир нече эсе көбөйүп кетиши мүмкүн.
Анткени учурда медицина жалпысынан коронавирус менен алпурушуп, жыныстык жол менен жугуучу ооруларга жакшы көңүл бурулбай калды.ДССУнун маалыматына караганда, жыл сайын 90 миллион адамдан гонорея табылат. Быйыл бул көрсөткүч 17 пайызга өсүп кеткен.
Гонорея — жыныстык жол менен жуккан венерологиялык оору. Илдеттен кийин иммунитет пайда болбойт. Ошондуктан адам кайра-кайра ооруй берет. Бул илдеттен кийин көптөгөн башка жыныс оорулары (анын ичинде ВИЧ дагы бар) жана тукумсуздук пайда болушу ыктымал.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерреш коронавирус пандемиясынын кесепетинен дүйнө акыркы жүз жылдыктагы эң оор экономикалык каатчылыкка кептелгенин билдирди. Бул тууралуу уюмдун сайтында жарыяланды.
Катчынын айтымында, азыр "дүйнө абдан морт болуп турган кез".
"Пандемия эки миллиондон ашык адамдын өмүрүн алып кетти. Экономикалык абалыбыз акыркы 100 жыл ичиндеги эң төмөнкү көрсөтүчкө түштү. Коронавирус адамдар, өлкөлөр арасында теңсиздик бар экенин далилдеп койду. Кыскасы, жаратылышка биз кандай мамиле кылсак, ал бизге дал ошондой сокку уруп жатат. Дүйнө эли диалогго келип, кызматташуубуз керек", — деди Гутерреш.
Ошондой эле ал 2021-жылы дүйнөнү калыбына келтирүүдө өкмөттөр, эл аралык уюмдар, жеке сектор жана жарандык коом биргелешип ынтымакта иштешүүсү керектигин кошумчалады.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. АКШ президенти Жозеф Байден Россия тарап менен көйгөйлүү маселелерди талкуулоого даяр экенин билдиргенин РИА Новости жазды.
Мамлекет башчынын айтымында, тиешелүү мекемелерден Москвага байланыштуу темалар боюнча түрдүү маалыматтарды сураган.
Ошондой эле президент стратегиялык чабуул коюучу куралды кыскартуу жана чектөө жаатында да АКШ Россия менен кызматташа аларын белгилеген.
"Өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн СНВ-3 келишимин узартууга аракет кылсак болот. Россия тарапка Навальныйдын аракети, Solar Winds кырдаалы же Афганистандагы америкалык аскерлердин башы үчүн сыйлык тууралуу билдирүүлөргө тынчсызданып жатканыбызды билдиргибиз келет", — деген Байден.
Маалыматта бардык айыптоолорду Москва бир нече жолу четке какканы айтылат.