Медайым вакцина сайган  учурда. Архив

Биолог COVID-19дун жаңы штаммдарына вакцина кандай таасир этерин айтты

171
(жаңыланган 11:08 28.12.2020)
Адистин пикиринде, SARS-CoV-2 вирусунун жаңы штаммдары вакцинанын 99 пайыздык таасирин 91 пайызга түшүрүп коюшу мүмкүн. Бул анча коркунучтуу эмес.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Коронавирустун жаңы штаммы вакцинанын таасирин бир аз гана солгундатышы мүмкүн, бирок аны толугу менен пайдасыз кылып кое албайт. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Жорж Мейсон университетинин системалык биология мектебинин профессору Анча Баранова билдирди.

"SARS-CoV-2 вирусунун жаңы штаммдары вакцинанын 99 пайыздык таасирин 91 пайызга түшүрүп коюшу мүмкүн. Бул анча коркунучтуу эмес. Ансыз деле бир жолку эмдөө өмүр бою вирустан коргой албасын баарыбыз билебиз. Кайра-кайра алып туруш керек. Эң кооптуусу — жыл сайын алып калбасак болду", — деди адис.

Эске салсак, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Улуу Британияда коронавирустун жаңы штаммы пайда болгонун айткан. Кийин анын жугуштуулугу 70 пайызга жогору экени, мурдагыдан айырмаланып балдарды көп жабыркатары белгилүү болгон. SARS-CoV-2 вирусунун жаңы штаммы сегиз өлкөдөн табылды.

171
Белгилер:
таасирлүү, штамм, вакцина, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1253)
Тема боюнча
COVID-19дун жаңы штаммы Түштүк Кореядан табылды
Метронун станциясында бараткан беткапчан киши. Архивдик сүрөт

Россияда "британиялык" штамм мартта күч алары болжолдонууда

26
(жаңыланган 11:40 19.01.2021)
Декабрь айынын орто ченинде Улуу Британияда SARS-CoV-2 деп аталган коронавирустун жаңы мутациясы пайда болгону тастыкталган.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. COVID-19дун британиялык штаммы Россияда март айында кенен жайылышы мүмкүн. Бул тууралуу Жорж Мейсон университетинин Системалык биология мектебинин профессору Анча Баранова билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, жаңы штамм буга чейин аныкталган вируска караганда жугуу мүмкүнчүлүгү бир кыйла жогору.

"АКШда "британиялык" штамм менен катталган бейтаптардын саны көбөйүүдө. Америкалык Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору АКШда март айында дал ушул штамм негизги көйгөй болорун болжолдоду. Мен Россияда да ушундай эле көрүнүш болот деген ойдомун", — деген Баранова.

Биологдун айтымында, узак убакытка чейин шарттуу түрдө коопсуз делген байланыштардан эми оору жугушу мүмкүн.

"Мурда сиз коронавируска кабылган бейтап менен 15 мүнөткө чейин сүйлөшсөңүз да илдет жукчу эмес. "Британиялык" штаммда бул көрүнүш жок дегенде беш мүнөткө чейин кыскарат. Так убакытты эч ким эсептей элек, бирок эски вирусту жаңысына алмаштыруу процесси ушундай болуп жатат. "Британиялык" штаммды алып жүрүүчүлөрдөн башкалар жугузуп алышат. Ал эми жаңы штамм эски вируска караганда тез жайылат. Вакцина ооруну кубалап чыгат деген үмүт бар", — деп белгиледи ал.

Профессор белгилегендей, Россияда жаңы штамм аныкталган бир учур катталып, бейтап обочолонгон. Бул аныкталган гана учур, аба каттамдары толук токтотулган эмес. РФке "британиялык" штамм катталган көптөгөн өлкөлөрдөн адамдар учуп келүүдө.

"Россияда жаңы штамм менен катталган бир эле учур бар. Өлкөгө үч айдан бери илдет жуктурган бир эле киши келген деп айтууга болбойт", — деп белгиледи Баранова.

Декабрь айынын орто ченинде Улуу Британияда SARS-CoV-2 деп аталган коронавирустун жаңы мутациясы пайда болгону тастыкталган.

26
Белгилер:
Россия, илдет, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1253)
Тема боюнча
КР калкынын канчасында коронавируска каршы антитело бар? Изилдөөнүн жыйынтыгы
Коронавирустун жаңы штаммы. Кыргызстанга келчүлөр кандай тартип менен кирет?
Бир суткада 90 кишиден коронавирус табылып, үч бейтап көз жумду
Россияда курулушта иштеген мигранттар. Архивдик сүрөт

Путин мигранттарды курулушка жумушка алуу тартибин жеңилдетүүнү тапшырды

64
(жаңыланган 11:08 19.01.2021)
Чет элдик жарандар ишке бардык санитардык талаптарды сактоо менен, бирок кыйынчылыгы жок алынышы керек. Россия өкмөтү бул боюнча өз сунуштарын 1-мартка чейин берет.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин өкмөт менен Мамлекеттик кеңештин профилдик комиссиясына мигранттарды курулуш тармагына жумушка алуу боюнча талаптарды жөнөкөйлөтүү талабын койду. Мамлекеттик кеңеш менен РФ президентинин алдындагы стратегиялык өнүгүү жана улуттук долбоорлор кеңешине берилген тапшырмалар жыйындысы Кремлдин сайтына жайгаштырылды.

Документте айтылганына караганда, кеп КМШга кирген айрым өлкөлөрдүн жарандары тууралуу болууда.

Мигранттар курулуш тармагына бардык санитардык талаптарды сактоо менен алынышы керек. Өкмөт бул боюнча өз сунуштарын 1-мартка чейин бермекчи.

"КМШнын айрым өлкөлөрүнүн жарандарын жумушка алууда COVID-19 инфекциясынын тарап кетишин алдын алуу үчүн бардык чаралар аткарылышы керек. Ошол эле учурда жумушка алуу жолдору жеңилдетилсин", — деп айтылат тапшырмада.

Жыйында Россиянын вице-премьери Марат Хуснуллин учурда курулуш тармагында жумушчу күч жетпей жаткандыктан, айрым долбоорлорду убагында бүтпөй калуу коркунучу бар экенин айтты. Ал эми Татарстандын президенти Рустам Минниханов Владимир Путинге ар кайсы объектилерге атайылап мигранттарды алып келүүнү сунуштады.

64
Белгилер:
курулуш, миграция, КМШ, Россия
Тема боюнча
ЕАЭБ пенсиясын кимдер кандай шартта алышат? 7 суроого жооп
Маразыков: айыл калкы менен бийлик ортосуна эмгек мигранттары көпүрө болот
ӨКМ кызматкери өрт өчүрүү учурунда. Архив

Түндө жана таңда чыккан өрт эки адамдын өмүрүн алды

0
(жаңыланган 11:53 19.01.2021)
Адам өмүрүн алган кырсыктардын бири Бишкек шаарында, экинчиси Чүй облусунда катталган. Учурда өрттүн себептери такталууда.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Өткөн суткада өрттөн эки киши каза болгондугун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, адам өмүрүн алган кырсыктардын бири Бишкек шаарында, экинчиси Чүй облусунда катталган.

"Түнкү саат 03:45 чамасында Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында турак үйдүн чатыры жана ичи күйгөн. Анын кесепетинен 48 жаштагы адам каза болгон. Ал эми таңда, саат 05:19га чукул, Бишкектеги Васильевский тар көчөсүндө жалпы аянты 160 чарчы метр курулуш вагону толугу менен жана Volvo үлгүсүндөгү автоунаанын прицеби күйгөн. Өрт бир адамдын өмүрүн алып кеткен", —  деп айтылат маалыматта.

ӨКМ соңку сутканын ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 бригада тартылгандыгын кошумча билдирди.

0
Белгилер:
түтүн, Чүй облусу, Бишкек, кырсык, өлүм, өрт
Тема боюнча
Өзгөн: клиникадагы өрт. Бир адам ооруканага түшүп, 11 кишини алып чыгышты