ДССУ: COVID-19дун пайда болгонуна бир жыл болду, бирок тоскоолдуктар алдыда

© AFP / FABRICE COFFRINIДүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус. Архив
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ДССУ коронавирусту алгачкы жолу каттоого алганына бул аптада бир жыл болду. Акыркы күндөрү дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө анын жаңы штаммы пайда болууда.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус коронавируска байланыштуу көйгөйлөрдүн айрымдары алдыда экенин эскертти. Бул тууралуу анын 28-декабрдагы маалымат жыйынында айткан сөзүнө таянып "Известия" басылмасы жазды.

Гебрейесус ДССУ коронавирусту каттоого алганына бул жумада туура бир жыл өткөнүн эске салды.

"Биздин уюм вирус кандай өзгөрүп жатканын жана мындан ары абал кандай болорун билүү үчүн окумуштуулар менен иштеп жатат. Алдыда бир топ тоскоолдуктар болот", — деди Гебрейесус.

Медайым вакцина сайган  учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Биолог COVID-19дун жаңы штаммдарына вакцина кандай таасир этерин айтты
Буга чейин ДССУ башчысы коронавирус пандемиясы акыркы эмес экенин айтып, дүйнөдө дагы бир нечеси болушу мүмкүн экенин божомолдогон.

Эске салсак, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Улуу Британияда коронавирустун жаңы штаммы пайда болгонун жар салды. Кийин анын жугуштуулугу 70 пайызга жогору экени, мурдагыдан айырмаланып балдарды көп жабыркатары белгилүү болгон. SARS-CoV-2 вирусунун жаңы штаммы сегиз өлкөдөн табылганы маалым.

Жаңылыктар түрмөгү
0