Индияда 6 адамдан коронавирустун жаңы штаммы табылды

© AP Photo / Channi AnandИндияда медициналык кызматкер коронавирус тестирлөөгө анализдерди алып жатат
Индияда медициналык кызматкер коронавирус тестирлөөгө анализдерди алып жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирустун жаңы штаммы табылган адамдар карантинге алынган. Алар менен бирге учуп келгендерди издөө иштери башталды.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Улуу Британиядан Индияга кайтып келген алты адамдан коронавирустун жаңы штаммы табылды. Бул тууралуу Индиянын Cаламаттык сактоо министрлигине шилтеме кылып РИА Новости жазды.

"Илдеттин жаңы түрү табылган бейтаптар медициналык мекемелердеги камераларга киргизилди. Алар менен байланышта болгондор карантинге алынып, ал эми бирге учуп келген жүргүнчүлөрдү аныктоо иштери башталды", — деп жазылат маалыматта.

Айдоочуну коронавируска текшерип жаткан медицина кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Британиялык окумуштуулар коронавирустун жаңы 5 белгисин аныкташты
Индиянын Саламаттык сактоо министрлиги 25-ноябрдан 23-декабрга чейин Улуу Британиядан Индияга 33 миңге жакын жүргүнчү келгенин кабарлаган.

Эске салсак, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Улуу Британияда коронавирустун жаңы штаммы пайда болгонун жар салды. Кийин анын жугуштуулугу 70 пайызга жогору экени, мурдагыдан айырмаланып балдарды көп жабыркатары белгилүү болгон. SARS-CoV-2 вирусунун жаңы штаммы бир нече өлкөдөн табылганы маалымдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0