БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. 30-декабрдан тарта Түркиянын аймагына кирген бардык чет элдиктер коронавирус боюнча маалым катты жаңы талаптарга ылайык даярдашы керек. Бул тууралуу Россиянын Туроператорлор ассоциациясына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Эске салсак, Түркия 28-декабрдан тарта учак менен, 30-декабрдан тартып жер үстүндөгү транспорт менен келген ар бир жүргүнчүгө талаптарды күчөткөн. Чаралар 2021-жылдын 1-мартына чейин күчүндө болорун өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа Twitter баракчасына жазган.
Эми чет элдик кишинин COVID-19 илдети жок экенин тастыктаган маалым каты англис тилинде болушу керек.
"Ошондой эле анализ ПЦР ыкмасы менен жүргүзүлүшү зарыл. Экспресс-тест же антителону аныктоо боюнча тесттердин жыйынтыгы жарабайт. Маалым кат электрондук түрдө же кагазда көрсөтүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Эгер электрондук түрдө маалым кат болсо лабораториянын QR-коду, ал эми кагазда болсо дарыгердин колу жана мөөр басылышы керек.
Маалым каты туура эмес даярдалган жаран учакка отургузулбашы керектиги белгиленди.
Баса, бул документ Түркия аркылуу башка жакка учуп бара жаткан адамдардан дагы талап кылынат.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Россияда иштеп жүргөн жарандары ушул жылдын 15-мартына чейин документтерге байланыштуу иштерин бүтүрүп алышы керек. Бул тууралуу Кыргызстандын РФтеги элчилигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Россия президенти "COVID-19 инфекциясынын андан ары жайылуу коркунучуна байланыштуу чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чараларды узартуу жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Документтеги талаптарга ылайык, төмөнкүлөрдү аткаруусу зарыл:
Эгер Россияда туруктуу же убактылуу жүргөн кыргыз жарандары жогорудагы талаптарды аткарбаса, өлкөдөн чыгарылып, кайра кирүүгө тыюу салынмакчы.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Коронавирус менен күрөшүү үчүн Россия Кыргызстанга кезектеги гуманитардык жардамын жөнөттү. Бул тууралуу РФтин КРдеги элчилигинен кабарлашты.
Ага ылайык, Роспотребнадзор COVID-19ду лабораториялык диагностика кылуучу 20 000 реагентин алып, ошол эле күнү жүк Кыргызстанга жиберилген.
Аталган гумжардам Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаментине бериле турганы айтылды.
Кыргызстан Россияга көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген.
БИШКЕК, 20 янв — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 23-январынан тарта өлкөгө авиатранспорт аркылуу келген кыргызстандыктар үчүн акыркы 72 саат ичиндеги ПЦР-анализи терс чыккан маалымдамалары сөзсүз болушу керек. Бул тууралуу өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Ага ылайык, өлкөгө коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын кирүүсүн алдын алуу максатында текшерүү алгоритмине өзгөртүүлөр киргизилди.
"Эл аралык каттамдарды ишке ашырууда аба кемесинин бортундагы жүргүнчүлөргө сурамжылоо өткөрүлөт. Келген учурда анкеталар санитардык-карантиндик посттордун кызматкерлерине берилет. Аэропортто дене табын өлчөө, санитардык ченемдердин жана социалдык обочолонуу талаптарынын сакталышы, ПЦР-иликтөөсүнүн бар-жогу текшерүүгө алынат. Клиникалык көрсөткүчтөр байкалган учурда ооруканага жаткырылат", — деп айтылат маалыматта.
ПЦР-тесттин мөөнөтү учуу узактыгына же авиакаттамдын кармалуусу сыяктуу объективдүү себептерден улам өтүп кетсе (72 саат), жарандар аэровокзалдан ПЦР-иликтөөдөн өтүүгө тийиш болот.