АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрү кыскача эле баары ийгиликтүү өткөнүн кабарлап коюшту. Block V боюнча эмне белгилүү, алардын жанында россиялык "Калибрлер" кандай көрүнөрү тууралуу Андрей Коцтун РИА Новости сайтына жарыяланган макаласынан окуңуздар.
Block V ракетасынын иштелип чыгышы боюнча Пентагондогулар Кытайдын аскердик-деңиз дараметин күчтөндүрүүнүн ыкчам ыргагы менен актанат. КЭР чындап эле суудагы ири кемелерди жана суу түбүндөгү кайыктарды өтө тездик менен куруп, алардын куралданышы жана борттук тутумдарын кызуу өрчүтүп келет. Америкалыктар Дүйнөлүк океандагы артыкчылыгынан ажырап калуудан чочулашат. Эксперттердин баасында Кытай 2035-жылы 420 вымпелге жеткирет.
Биринчи версиясы Block Va деп белгиленип, суудагы буталарга каршы кемелер жана суу түбүндөгү кайыктар менен колдонулат. Бул вариантты MST (Maritime Strike Tomahawk —"Томагавк" деңиздеги сокку уруучу) деп аташты. Адистердин пикиринде, ал өзү мээлөөчүнүн активдүү жана пассивдүү радиолокациялык жана тепловизиондук каналдарын айкалыштырат. Ошондой эле маалыматтарды иштеп чыгуунун кубаттуу процессору жана инерциялык мээлөөнүн жаңы блогу менен жабдылат. Бул "Томагавк" 1600 чакырымга чейинки аралыктан суудагы ири кыймылдуу буталарды кыйрата алат.
Block Vb варианты да бар. Бул – жер үстүндөгү буталарга сокку уруучу "классикалык" "Томагавктар". Анын тешип өтүүчү учу бар кумулятивдик кубаттагычы айкалышкан жаңы Joint Multiple Effects Warhead System (JMEWS) курал бөлүгү бар.
Жардыргычы — программаланган, көп буталуу, ок-дары бөлүгүн абада жардыра алат. Бул ракета бекитилген жер төлөдөгү бункерлер да, кадимки аскердик объектилерге да багытталат.
Defense News интернет порталынын адистери эмнеликтен "Томагавктар" бүгүн да – үндөн ыкчам жана гипер үндүү куралдар кылымында да актуалдуу экенин түшүндүрүшөт. Биринчиден, Block V мурдагы варианттарынан алда канча таамай, ал эми аралыгы боюнча Азиялык-Тынч океан аймагында кытайлык DF-26 жана DF-21 ракеталарына туруштук бере алат. Экинчиден, модификацияланган "Томагавк" радиоактивдүү күрөш каражаттарына корголгон, анча байкалгыч технологияны пайдалануу менен жасашкан. Бул анын бышыктыгын кыйла арттырат.
Үчүнчүдөн, ракеталардын үнгө чейинки ылдамдыгы ыкчам атаандашка караганда артыкчылык берет. Бешинчи версиядагы "Томагавк" күйүүчү майды чыгымдоодо сарамжалдуу, анын натыйжалуу аракетинин ыраактыгы да алда канча жогору. Төртүнчүдөн, бул ракета салыштырмалуу арзан.
Block Vнин бир жолку атылышы салык төлөөчүлөрдүн миллион долларын сарптаса, "кеме – аба" тибиндеги SM-6 үндөн ыкчам ракетасы төрт эсе кымбат. Анан да Block V көлөмү боюнча мурдагы версияларынан айырмаланбайт. Бул анын мурдагы Mk41 вертикалдык атуу орнотмолорун колдонууга мүмкүндүк берет. Ушундайлар менен "Арли Берк" эсминецтери жана "Тикондерога" крейсерлери жабдылган. Мындан тышкары, бул ракеталардын жасалышын эч кандай өзгөртпөстөн "Лос-Анджелес", айрым "Огайо", "Виржиния" жана "Сивулф" тибиндеги суу түбүндөгү атомдук кайыктар кое бере алышат. Tomahawk Block V эки вариантта тең сериялык өндүрүшкө 2023-жылы берилиши күтүлүүдө.Америкалык "Томагавктарга" окшошураак деп Россияда алгач ирет 2015-жылдын күзүндө согуштук шарттарда сыналган канаттуу "Калибр" ракеталары саналат. Аскердик-деңиз күчтөрүнүн кемелери бир эле убакта Сирияда террорчулардын 26 объектисин жаңы курал менен чабуул коюп, дээрлик бардыгын ийгиликтүү кыйрата алган.
Мындай ракеталар менен 22350 жана 11356 долбоорлорунун фрегаттары, 20385 долбоорунун корветтери, 21631 жана 22800 долбоорлорунун чакан ракеталык кемелери, ошондой эле 885, 636.3, 677, 971 жана 877 долбоорлорунун суу түбүндөгү кайыктары жабдылган. Жакынкы келечекте совет убагындагы курулган вымпелдердин бир бөлүгүн "Калибр" үчүн кайра жабдышат.
Жер бетиндеги объектилерди атуу үчүн аралык эки чакырымдан 2600 чакырымга чейин. Бирок бул дагы жеткен чеги эмес. 2018-жылдын январында айрым маалымат каражаттары Коргоо министрлигинин булактарына таянуу менен Россияда кемеге жайгаштырылчу заманбапташтырылган "Калибр-М" ракетасы жасалып жатканын маалымдашкан. Анын атууда эң жогорку аралыгы 4,5 миң чакырымдан ашуун. Жаңы ракета мурдагыларынан көлөмдүү, ал эми ок-дары бөлүгүнүн салмагы тоннага чукулдай турганын белгилешет.
Ракета кадимки да, өзөктүк да учактарды ташый алат.
Алынган маалыматтарга караганда, "Калибр-М" тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча америкалык жаңы "Томагавктардан" ашып түшөт. Бирок америкалыктардыкына салыштырмалуу айныгыс артыкчылыгы — ташуучу канаттуу ракеталардын санында.
Кошмо Штаттардын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн жүздөн ашуун суу бетиндеги жана суу түбүндөгү вымпелдери бар. Алар таамай атчу куралдар менен көп куралданган.
Россиянын мындай кемелеринин саны бүгүнкү күндө 20дан ашат.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Казакстанда акыркы 24 саат ичинде коронавирустан 12 адам көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Өткөн суткада коңшу өлкөдө бир миңден ашуун адамдан коронавирус жана пневмония аныкталган. Ушу тапта ооруканада коронавирустан 12 284 киши, пневмониядан 11 781 дарыланууда. Ал эми мурдагы суткада илдеттерден жети адам каза болгон.
Жалпысынан Казакстанда COVID-19га кабылгандардын саны бүгүн 213 855 кишиге жетти.Өлкөдө абал жакшырбай жаткандыктан, Саламаттык сактоо министрлиги борбор калаа Нур-Султан шаарын кызыл зонага киргизди. Эми эрежеге ылайык, бул аймакка кайрадан бир катар чектөөлөр жарыяланмакчы. Азыр Нур-Султан менен кошо эң кооптуу аймактарга Акмоло жана Костанай облустары кирет.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Россияда 2021-2022-окуу жылына бюджеттик окуу жайларга документтерди кабыл алуу жарыяланды. Бул тууралуу маалымат Россотрудничествонун расмий сайтына чыкты.
Документтерди кабыл алуу Россия өкмөтү кыргызстандыктар үчүн бекиткен квотага ылайык жүрөт. РФтин ЖОЖдорунан билим алууну каалагандарды тандоо түздөн-түз Россотрудничествонун КРдеги өкүлчүлүгү аркылуу өтүп, башка эч кандай жол, ортомчулук болбойт.
Окуу жайларга документтерди мектеп бүтүрүүчүлөрү да, орто окуу жайды аяктагандар да тапшыра алышат. Эгерде талапкер документин тапшырган учурда башка жакта билим алып жаткан болсо, анда баалары менен кошо академиялык справкасын алып келүүсү керек.
Документтерди кабыл алуу 2021-жылдын 20-январынан 20-февралына чейинки аралыкта бир гана EDUCATION IN RUSSIA сайтында жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн убакыттан кеч берилген документтер каралбайт.Каттоого алуу өтө кыска убакытта жүргүзүлөт. Ошондуктан документтерди алдын ала даярдоо зарыл. Аларды толтуруу боюнча консультация 2021-жылдын 26-январынан тарта аптасына эки жолу (шейшемби, бейшемби күндөрү) саат 17:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлөт.
Бардык документтерди электрондук түрдө (файлдар pdf форматында болушу зарыл, бир документ — бир файл, файлдын көлөмү 3 Мбайттан ашпашы талап кылынат) EDUCATION IN RUSSIA сайтына жүктөө керек. Ар бир файлдын аталышы (аты-жөнү жана документтин аталышы) болушу зарыл.
Сурап-билүү үчүн +996 (312) 300-512 телефону же abiturient@kgz.rs.gov.ru электрондук почтасы аркылуу кайрылууга болот.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагында жайгашкан администрациясына тапанча көтөрүп кирип айыл акимди коркуткан киши кармалды. Бул туурасында Нарын облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Милицияга 12-январь күнү саат 16:30дар чамасында колуна тапанча кармаган белгисиз мас киши келип ызы-чуу салып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Ыкчам-тергөө тобу барганда 41 жаштагы А.Е. аттуу жергиликтүү тургун газ-пневматикалык тапанчаны эч кандай тийиштүү документи жок көтөрүп жүргөнү аныкталган.
“Мас абалында келген киши коомдук тартипти бузуп, мамлекеттик администрациянын жетекчисинин кабинетине кирип куралы менен чапкан. Денесине зыян келтирип, сөгүнүп, сабап саларын айтып коркуткан. Ошол учурда ал кармалып, 14-январда Ак-Талаа райондук сотунда баш коргоо чарасы тандалып, эки айга камалды”, — деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Ак-Талаа РИИБи тарабынан Жазык кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.
Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.