АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп. Архив

Ачык чакырык. Трамп күрөшкө акыркы ресурсун салды

255
АКШнын ушул таптагы президенти Дональд Трамп бийлигин сактап калуу үчүн дагы деле аракеттерин токтото элек. Ал кандай куралдарды колдонуп жатканын Sputnik радиосунун баяндамачысы Михаил Шейнкман айтып берди. 

Адатта Дональд Трамп катардагы америкалыктарга өзүнүн Twitter баракчасы аркылуу кайрылат. Бирок бул жолу республикачы-сенаторлорго артка чегинбегиле деген буйругун берүү үчүн ачык байланыш каналын колдонду.

"Президенттик так үчүн күрөшүүгө убакыт келди. Эгер демократтар шайлоодо чындап уткан болсо, алар да күрөшмөк. Фальсификация болгону айдан ачык болуп турат", — деди Трамп.  Жадагалса ал Жо Байденди "фейк президент" деп атоого жетишти.

Партия ичиндеги майда-чүйдөнү коомчулуктун назарына чыгарган Трамп өз тарапташтары башкалар менен жең ичинен иш кылбай турганын айткысы келди көрүнөт. Андыктан партиялаштарына ачык-айкын чакырык таштап, бардык тараптар кабардар болгудай кылды.

Башкаларды го күрөшүүгө чакырып жатат, бирок акыркы күндөрү өзү колунун учун дагы кыймылдатып койгон жок. Болгону телефонун кармалап, 20-январдан ары оюнга убактысы калбачудай гольф ойногону ойногон.

Кыскасы, ал 6-январь күнү Вашингтонго барууну көздөп жатат. Ал жакта ири нааразычылык акциясы болорун эскертип, "Баргыла, кызык болот!" деп жазып койду.

Азыр башка айласы да жок. Бийликте калуу үчүн Вашингтондогу "Капитолий дөбөсүн" ээлеш керек, бул анын жетер жеринин эң бийик чекити. Тандоочулардын добушун кайрадан алуу мүмкүнчүлүгү, албетте, аз, бирок бар. Ал үчүн АКШнын тарыхындагы эң ыплас шайлоо болуп эсептелген 1876-жылдагы добуш берүүнү эске салуу керек. Анда Ратерфонд Хейз түштүктөгү штаттардын конгрессмендери менен келишим түзүп алып президенттикке шайланган. Конгрессмендер анын аркасы менен кулчулукту кайрадан алып келүүнү кыялданышкан. Мындан улам катуу жаңжал чыгып, аз эле жерден жарандык согуш чыгып кете жаздаган.

Тарыхка көз чаптырып, дал ушул көрүнүштүн кайталанышын каалабаган сенаттагы республикачылар көпчүлүгүнүн лидери Митч Макконел шайлоо жыйынтыгынын кайрадан каралышына каршы болууда. Айрымдар буга Жо Байден менен эки башка жээкте экенине карабай, илгерки достугу себеп болууда деп ойлоп жатышат. Негизи республикачыларды саясий элита болуу вазийпасы эле ыраазы кылат. Анткени алар Жогорку палатаны көзөмөлдөө жана Жогорку сотто консерваторлордун көп болушу президент болбой туруп деле бийликти кармоого жардам берет деп эсептешет.

Дал ушул нерселерди байкаган Трамп тарапташтарына элдин көзүнчө чакырык таштап, балким коркутуп коюуну дагы туура көрдү окшойт.

Айрымдар дагы деле Трамптан көп нерсе күтсө болорун айтып, аскердик абал киргизип коюшу мүмкүн экенин айтууда. Бирок бул нерсенин дагы жардам берери күмөн болуп калды.

255
Белгилер:
шайлоо, күрөш, президент, Дональд Трамп, АКШ
Тема боюнча
Трамп болбой эле экинчи мөөнөткө калам деп үмүттөнүүдө
Белгилүү режиссёр, КР эл артисти Артыкбай Сүйүндүков. Архив

Кыргызстандык режиссёр Индиядагы кинофестивалда мыкты аталды

4
(жаңыланган 11:27 16.01.2021)
Фестивалдын алкагында өткөн сынакка Кыргызстандын атынан Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы катышкан. Жыйынтыгында кыргызстандык режиссёр мыкты деп табылды.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Белгилүү режиссёр, КР эл артисти Артыкбай Сүйүндүков XXVI Калькутта эл аралык кинофестивалында (Индия) "Мыкты режиссёр" наамына ээ болду. Бул тууралуу "Кыргызфильм" маалымдады.

1995-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан кинофестиваль адатта 10-17-ноябрь күндөрү болчу. Бирок пандемияга байланыштуу ал январга жылдырылып, бул ирет онлайын форматта өткөрүлдү.

Фестивалдын алкагында өткөн сынакка Кыргызстандын атынан Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы катышкан. Жыйынтыгында кыргызстандык режиссёр мыкты деп табылды.

Толук метраждуу "Шамбала" тасмасы Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган. Буга чейин россиялык "Киношок" фестивалында эки сыйлыкка татыган.

4
Белгилер:
Артыкпай Сүйүндүков, сыйлык, Индия, Кыргызстан
Тема боюнча
Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы Россияда эки сыйлыкка татыды
Сүйүндүков: "Шамбала" — 40 жылдан бери пландап келе жаткан тасмам
Лаборатория кызматкери иш учурунда. Архив

Россияда COVID-19ду бир саатта аныктай турган тест-система жасалды

12
(жаңыланган 11:03 16.01.2021)
Россиялык окумуштуулар жугуу жагынан күчтүүрөөк деп айтылып жаткан жаңы штаммдарды тез аныктоону максат кылууда.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Роспотребнадзор мекемесинин Эпидемиология институту COVID-19ду 60-90 мүнөттүн ичинде аныктап берчү тест-система иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган институттун директору Василий Акимкиндин сөзүнө таянып РИА Новости жазды.

"Биз вирусту аныктоо убактысын үч-төрт эсеге кыскарта алдык. Мунун негизинде тест-система иштеп чыктык. Эффективдүүлүгү жагынан кадимки ПЦР-тесттерден калышпайт. Жакынкы күндөрү аны COVID-19дун Улуу Британияда табылган жаңы штаммын аныктап көрүү үчүн жөнөтөбүз", — деди Акимкин.

Окумуштуулар жугуу жагынан күчтүүрөөк деп айтылып жаткан жаңы штаммдарды тез аныктоону максат кылууда.

Ошондой эле адистер жаңы тест-система вирустун мутация болгонун же болбогонун дагы так көрсөтүп берерин кошумчалашты.

12
Белгилер:
тест, коронавирус, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Кыргызстанда дагы бир менчик лабораторияга ПЦР-тест жүргүзүүгө уруксат берилди
Финпол ПЦР-тесттин жасалма жыйынтыгын саткан кылмыштуу топту кармады. Сүрөт
Россияда COVID-19га каршы массалык эмдөө башталат
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынын башчысынын орун басары, улук лейтенант Дастан Женгенбеков. Архив

Женгенбеков: Дача-СУ кырсыгында элдин ынтымагы көзгө жаш алдырды

0
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынын башчысынын орун басары, улук лейтенант Дастан Женгенбеков 2017-жылы "Манас" эл аралык аэропортунун жанындагы Дача СУ конушунда болуп өткөн кырсык тууралуу эскерди.

Дача-СУдагы кырсыкта элдин ынтымагына суктандым. Бишкектиктердин күйүмдүүлүгүн көрүп, көзүбүзгө жаш алдык. Мындай сезимдери менен Дастан Женгенбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып бөлүштү.

Куткаруучунун айтымында, элден ар кандай жардамдар кырсык болгон күнү түштөн тарта келе баштаган.

"Мен ал күнү күзөттө болчумун. Бир сааттан соң нөөмөттү тапшырабыз деп турганбыз. Аңгыча эле "Манас" аэропорту жакта учак кулады деген чакырык келип түштү. Алгач уккан кулагыма ишенген жокмун, тилекке каршы, маалымат чын болуп чыкты. Саат 8ге чамалап жетип бардык. Согушка түшкөндөй эле болдук. Урандылар менен коюу туман, түтүндүн арасынан чыккан онтологон үндөр жүрөгүбүздүн үшүн алды. Саат 14:00гө чейин тынымсыз иштеп жаттык. Негизги максатыбыз, тилегибиз да тирүү адамдарды табуу эле. Түштөн баштап элден гуманитардык жардам келе баштады. Улгайган апалар бир килограмм кумшекер, бир банка варенье, жаш балдар чогултуп жүргөн тыйындарын кутучасын жара чаап көтөрүп келип жаткандарын көргөндө көзүмө жаш алдым. Шаардыктардын мындай боорукерлигин, ынтымагын ошондо алгач ирет көргөм", — деди Женгенбеков.

Ал куткаруучулук кызмат өзүмчүл болбоого тарбиялай тургандыгын кошумчалады.

Эскерте кетсек, каргаша 2017-жылы 16-январда эртең менен болгон. Жүгү бар Boeing учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, аэропорттун жанындагы Дача-СУ айылына кулаган. Натыйжада айылдын 35 тургуну менен экипаждын төрт мүчөсү тең каза тапкан.

Sputnik агенттиги Дача-СУдагы авиакырсыктын себебин ачып берген даректүү тасма даярдады.

0
Белгилер:
куткаруучу, ӨКМ, кырсык, Дача СУ
Тема:
Дача айылындагы авиакырсыктын кесепеттери
Тема боюнча
Өлөр алдында учкучтар уруша кетишкен. Дача СУга учактын кулаган себеби