Болгариялык белгилүү көзү ачык Ванга. Архив

Ванганын 2021-жылга карата жүрөк үшүн алган божомолу белгилүү болду

1259
Айтылуу көзү ачык 1996-жылы 85 жаш курагында каза болду. Бирок өзүнөн кийинки дээрлик ар бир жылдын кандай болорун айтып кеткен.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Британиялык ЖМКлар Жаңы жыл алдында болгариялык белгилүү көзү ачык Ванганын 2021-жылга карата эмне дегенин ачыкташты.

Ванганын айтымында, 2021-жылы адамзатты "чоң апааттар" күтүп турат, бирок ошол эле учурда окумуштуулар рактан дарылаган дармекти ойлоп табышат.

"Рак темир чынжыр менен тушалуучу күн келет", — деген көзү ачык.

Анын божомолунда үч "гигант" бириккен 2021-жылы аалам ири катастрофалардан жапа чегет.

The Daily Express гезити Ванга дүйнөнү өзүнө каратып алчу "күчтүү ажыдаар" тууралуу да айтканын жазган, бирок сөз ким же эмне жөнүндө болуп жатканы белгисиз. Айрымдар "ажыдаарды" таасири катуулай турган Кытай деп боолголошууда.

Айтылуу көзү ачык 1996-жылы 85 жаш курагында каза болду. Бирок өзүнөн кийинки дээрлик ар бир жылдын, 5079-жылга чейин, кандай болорун айтып кеткен.

1259
Белгилер:
Жаңы жыл, аалам, Дүйнө, божомол, көзү ачык
Тема боюнча
2021-жылы кайсы кыялыңыз ишке ашат? Келиңиз, ойнойбуз?
Медицинская сестра набирает в шприц вакцину Гам-КОВИД-Вак в процедурном кабинете.

Казакстанда "Спутник V" менен эмдөөнү эртерээк баштамай болушту

0
(жаңыланган 11:00 19.01.2021)
1-февралдан тарта коңшу өлкөдө элдин вакцина алышы керек деген катмарына препарат сайыла баштаары белгилүү болду.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Казакстан жарандарын "Спутник V" менен эмдөөнү эртерээк, тагыраагы, февралда баштай турган болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан саламаттык сактоо министри Алексей Цойго таянып жазды.

Мурдараак Медициналык жана фармацевтик көзөмөл боюнча комитет жетекчисинин орун басарынын милдетин аткарып жаткан Нурлыбек Асылбеков коронавируска каршы эмдөө февралдын аягында башталарын айткан эле.

Ошентип 1-февралдан тарта элдин вакцина алышы керек деген катмарына препарат сайыла баштаары белгилүү болду.

Министрдин айтымында, биринчи жарым жылдыкта 2 миллион жаран, экинчи жарым жылдыкта 3-4 миллион казакстандыктын коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшү пландалууда.

Биринчи этапта жугуштуу илдеттер боюнча ооруканада, Тез жардамда иштегендер, санитардык эпидемиологиялык жана медициналык ар кыл кызматтагылар, педагогдор, студенттер, өнөкөт оорусу барлар вакцина алмакчы.

0
Белгилер:
эмдөө, вакцинация, коронавирус, Спутник V, Казакстан

Тамак жасап, идиш жууган роботтун таң калтырган видеосу

17
CES 2021 деп аталган көргөзмөдө Moley Robotics компаниясы ашкана ишин кынтыксыз аткарган роботту элге тааныштырды. Анын кадимкидей эле тамак жасай аларын айтышты.

Роботтун эки колу бар, ал кудум адамдыкына окшош. Текчеден тиешелүү азык-түлүктү өзү эле алып, кууруп, бышырып, ал тургай күйгүзүп жибербей аралаштырып да турат. Отту азайтып же керек болсо көбөйтөт.

Бир нерсе төгүлүп же чачылып кетсе, жыйнап да коёру маалым болду. Идиш-аякты кадимкидей жууйт.

Түзүүчүлөр темир ашпозчунун эсине тамак-аш жасоонун беш миң ыкмасын киргизип коюшкан. Авторлор ээси тажап кетпеш үчүн кулинария китебин ай сайын жаңылап турууну пландап жаткандыктарын айтып беришкен.

Роботтун баасы учурда болжол менен 40,8 миң — 74,8 миң доллардын тегерегинде экендигин айтышты.

17
Белгилер:
кулинария, ашкана, тамак-аш, робот
Тема боюнча
Индияда роботтор COVID менен күрөшкөн дарыгерлерге жардамчы болууда. Видео