60 киши курмандыгы болгон. Америкада белгилүү киши өлтүргүч көз жумду

© AP Photo / Damian DovarganesАКШда ондогон кишини өлтүрүп таанылган Самюэль Литтл. Архив
АКШда ондогон кишини өлтүрүп таанылган Самюэль Литтл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өмүр бою эркинен ажыратылган адам ооруканада көз жумду. Ал көп кишини өлтүргөнүн мындан эки жыл мурун гана мойнуна алган.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. АКШда ондогон кишини өлтүрүп таанылган Самюэль Литтл каза тапканын "Известия" жазды.

Судьянын балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сот видеобайланыш аркылуу өлүм жазасына тартуу өкүмүн чыгарды
Ал кечээ, 30-декабрда, 80 жашында Калифорниядагы ооруканалардын биринде көз жумган.

Соңку жылдары Литтл кант диабети менен ооруп жүргөн жана жүрөк дарты да бар болчу.

Самюэль Литтл Калифорниядагы түрмөдө өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал дээрлик 60 киши өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылган, бирок өзү 93 кишини күмжам кылганын ырастаган. Литтл кылмыштарга тиешеси бар экендигин четке кагып жүрүп, 2018-жылы гана мойнуна алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0