COVID жеңил өткөн бейтаптарда оорунун кесепети оор болору айтылды

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүЭкспресс-тестирование на COVID-19 в аэропорту Внуково
Экспресс-тестирование на COVID-19 в аэропорту Внуково - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер бейтаптардын арасында кырк жаштагы адамдар көп экенин айткан. Андан кийин отуз жаштагылар көп.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. COVID-19дун кесепети оорунун өзүнө караганда да кооптуу болушу мүмкүн. Бул тууралуу япониялык дарыгер Коити Хирахата айтканын РИА Новости жазды. 

Анын коронавирус илдетинен дарыланган бейтаптарынын үчтөн бири төшөктө жаткан оорукчан болуп калган.

Хирахата марттан бери коронавирустун кесепетинен жабыркагандардын базасын түзүп келет. Башында анын мындай симптому бар эки эле бейтабы болсо, азыр күн сайын 70-80 адам келет. Учурда анын базасында коронавирустун кесепетинен жабыркаган 378 бейтап бар экени айтылды.

"Эркектерге караганда аялдар бир жарым эсе көп. Мындан тышкары, оорунун оор кесепети негизинен жаштарда байкалууда", — деген ал.

Дарыгер бейтаптардын арасында кырк жаштагы адамдар (123 адам), андан кийин отуз жаш курактагылар (91) көп экендигин айткан. Жыйырма жаштагы 65 адамдар бар. Андан кийин он жашка чейинки эки бала жана дагы 24 адам — 10дон 20 жашка чейинки бейтаптар. Башкача айтканда, жабыркагандардын басымдуу көпчүлүгүн (80,69 пайыз) 40-50 жашка чейинки адамдар түзөт.

Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Штаб коронавирус эң көп катталган күндөрдү айтты
"Башкача айтканда, ооруну жеңил кабыл алды деген жаш курактагылар оорудан кийин дагы олуттуу кесепеттерге туш келип жатышат. Ал эми илдет симптому жок өткөндөр олуттуу кесепеттерге дуушар болушууда", — деди Хирахата.

Ал COVID-19 жеңил өткөн, температурасы көтөрүлбөгөн же белгилери такыр байкалбаган бир канча мисалдарды келтирет. Дал ушундай бейтаптарда оорунун кесепети оор болгон.

Ар бир бейтаптын өзүнчө симптому болот. Анын ичинен адамды алсыраткан түрү кенен тараган. Бул абал өмүр бою же көп жылга уланышы мүмкүн. Ал эми жеңил болгон учурда бир нече айда эле бүтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0