Ак үйдө чыккан өрт. 6 октябрь

Тактан кулатып... 2020-жылы дүйнөнү солк эттирген митингдердин видео, сүрөттөрү

323
(жаңыланган 13:36 01.01.2021)
Өтүп кеткен жыл дүйнө үчүн тынч болгон жок. COVID-19 илдети 1,7 миллиондон ашык адамдын жанын алса, бир нече мамлекетте нааразы болгон эл ажолордун тынчын алды.

2020-жылы дүйнө башынан бир топ сыноолорду өткөрдү. Бир жагынан мурда белгисиз вирус чыгып, экономиканы, медицинаны бүк түшүрсө, экинчи жагынан жетекчилердин саясатына нааразы болгон эл митингдерге чыгышты. Алардын арасынан Кыргызстан менен Мали өлкө башчыны тактан оодарып салды.

Sputnik Кыргызстан 2020-жылдары кандай ири нааразычылык акциялары болгонун жана алардын себептерин тизмектеп чыкты.

АКШ

Эң ири нааразычылык акциясы Америка Кошмо Штаттарында болду. Полиция тарабынан кармалган афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин массалык башаламандык башталган.  Интернетте полиция кызматкерлери анын колуна кишен салгандан кийин жыгып, үчөөлөп басып калган видео тараган. Бирөөсүнүн тизеси моюн жакка туш келген. Флойд бир нече жолу дем ала албай калганын айтып, андан кийин тынчып калганын көрүүгө болот. Эркек киши реанимацияда көз жумган.

Бир нече күн ичинде АКШнын аймагына тараган митингдер июнь айында 60тай мамлекеттин 2 миңден ашык шаарына кулач жайган. Ачык булактагы маалыматтарга караганда, АКШдагы митингдерге эле 15тен 26 миллионго чейин адам катышып, АКШ тарыхындагы эң ири нааразычылык акциясына айланган

Black Lives Matter (Афроамерикалыктардын өмүрү кымбат) кыймылынын алкагында полициянын басмырлоосуна жана расизмге каршы уюштурулган көпчүлүк акциялар тынчтык митинги катары өткөн. Бирок башаламандык, мародерлук болгон шаарлар дагы катталды. Июнь айынын башында 200дөн ашык калаага коменданттык саат киргизилип, Улуттук гвардия тартип орнотуу менен алектенген.

Расмий маалыматтарга караганда, бул митингдерде миңдеген киши жаракат алып, 20га жакын адам каза болгон. Флойддун өлүмүнө айыпталган полиция кызматкерлерине соттун өкүмү чыга элек.

Беларусь

Беларуста нааразычылык акциялары президенттик шайлоого даярдык менен чогуу башталган. 9-август күнү өткөн добуш берүүдө Александр Лукашенко атаандашы Светлана Тихановскаяны жеңген соң нааразы болгон эл митингге чыгып, ал массалык акцияга айланган.

Нааразылык акциясына чыккандар менен укук коргоо органдарынын ортосунда кагылышуу болуп, эки тараптан бир нече адам жабыр тарткан. 

Демонстранты убегают от полиции во время акции протестов против в Минске, после результатов президентских выборов в Беларуси. 9 августа 2020 год
© AP Photo / Sergei Grits
9-август күнү өткөн добуш берүүдө Александр Лукашенко атаандашы Светлана Тихановскаяны жеңген соң нааразы болгон эл митингге чыгып, ал массалык акцияга айланган

Кийинчерээк Европа биримдиги (ЕБ) Беларуста өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жар салган. Ал эми Тихановская ушул күнгө чейин элдик толкундоолор тынчый электигин, болгону башка формага өткөнүн айтып келет.

Армения

Тоолуу Карабах боюнча үч тараптуу келишимге кол коюлгандан кийин Арменияда премьердин отставкасын талап кылган нааразычылык акциялары башталган. Мындан сырткары, 5-декабрда оппозиция премьер-министр Никол Пашинян жана анын командасына 8-декабрга чейин кызматтан кетүү талабын коюшкан

Сотрудники правоохранительных органов задерживают участника акции протеста против действующего правительства в Ереване.
© Sputnik / Асатур Есаянц
Өкмөткө каршы акцияга чыккан жарандар Еревандагы метронун кыймылын токтотушкан. Вагондун эшиктеринин ортосуна туруп алып, "Никол — чыккынчы" деп кыйкырышкан

Атургай чогулгандар парламентке барып, төрага Арарат Мирзоянга кол салышкан.

Өкмөткө каршы акцияга чыккан жарандар Еревандагы метронун кыймылын токтотушкан. Вагондун эшиктеринин ортосуна туруп алып, "Никол — чыккынчы" деп кыйкырышкан. Митингдер ушул убакка чейин толугу менен тыйыла элек.

Кыргызстан

Кыргызстандагы митинг башкалардан айырмаланып бийликтин алмашуусуна алып келди. 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, алдын ала жыйынтыгы менен 120 мандаттын 90дон ашыгы эки гана партияга тийген эле. Мындан улам утулган партиялар шайлоонун таза өткөнүнөн күмөн санап, 5-октябрда 8 партиянын башын бириктирген ири митинг "Ала-Тоо" аянтында башталды. 

Митинг граждан и представителей партий, которые недовольны результатами выборов в Жогорку Кенеш на площади Ала-Тоо в Бишкеке
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргызстандагы митинг: 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, 120 мандаттын 90дон ашыгы эки гана партияга тийген эле. Мындан улам 5-октябрда 8 партиянын башын бириктирген ири митинг "Ала-Тоо" аянтында башталып, бийлик алмашкан

Митингчилер 6-октябрга оогон түнкү саат 3:00дө Жогорку Кеңештин дарбазасын талкалап, Ак үйгө кирип барды. Болжолдуу маалыматтарга караганда, митингге үч-төрт миңге жакын адам чыккан, алардын ичинен бир жигит каза болгон. 

Ал ортодо Алмазбек Атамбаев баш болгон абактагы саясатчылар боштондукка чыгып, митингге чыгууга дагы жетишти (кийин алардын көбү жаза аткаруу жайына кайтарылды — ред.) Абактан бошотулгандардын бири Садыр Жапаровдун тарапташтары анын бийликке келишин талап кылып, Сооронбай Жээнбеков өлкө башчылыктан кетүүгө аргасыз болду. 16-октябрь күнү парламент анын отставкасын расмий кабыл алды

Ошентип бийлик башына келген Жапаров учурда президенттикке расмий түрдө келем деген максатта шайлоого аттанды. Бүгүнкү күндө парламент төрагасынын жана өлкө президентинин милдетин Талант Мамытов аткарып жатат.

Мали

Аскердик козголоң чыккан Мали Республикасынын президенти Ибрагим Бубакар Кейт отставкага 19-август күнү кетип, парламентти таратарын жар салган. Бирок бул жыйынтыкка жетүү үчүн өлкө эли июнь айынан тарта нааразычылык акцияларына чыгып турушту. 

MICHELE CATTANI
Аскердик козголоң чыккан Мали Республикасынын президенти Ибрагим Бубакар Кейт отставкага 19-август күнү кетип, парламентти таратарын жар салган. Эл президенттин өлкөдөн чыгып кетишин талап кылып, козголоң чыгарышкан

Аягында Малинин куралдуу күчтөрү президенттин өлкөдөн чыгып кетишин талап кылып, козголоң чыгарышкан. Президент мындай кадамга туруштук бере алган эмес.

Франция

Францияда ноябрь айында нааразычылык акциясы өттү. Акцияга жарандардан сырткары ЖМК өкүлдөрү, адвокаттар жана бир нече парламентарийлер катышкан. Алар глобалдык коопсуздук жөнүндөгү мыйзам долбоорго каршы митингге чыгышкан. Андагы пунктулардын бирине ылайык, дене-бойго жана психикалык жактан зыян келтирүү максатында полиция адамынын сүрөтүн же идентификациялоонун кайсы бир элементин жайылткандарга бир жыл абакта отуруу жана 45 миң евро айып пул салынат.

Тынчтык митингинде башаламандык жаралып, демонстранттар менен полиция кагыша кеткен.

Карантинге каршы митингдер

Мындай ири митингдерден тышкары Европанын, Африканын айрым мамлекеттеринде, АКШда, Бразилияда, Израилде карантиндик чектөөлөргө каршы митингдер өткөн.

323
Белгилер:
коронавирус, бийлик, митинг, Дүйнө
Тема боюнча
Ак-Жар жаңы конушунун тургундары акцияга чыгып, дөңгөлөк өрттөшүүдө. Видео
Уят, уят... Депутаттарды ЖК эшигинин алдынан митингчилер тосуп алды. Видео
Пентагон башчылыгына Ллойд Остиндин бекитилди

АКШ сенаты Пентагон башчылыгына афроамерикалык Ллойд Остинди бекитти

96
(жаңыланган 23:11 22.01.2021)
Жаңы жетекчинин талапкерлигине 93 сенатор макулдугун берген. Жарандык коргоо министри кызмат ордуна пенсияга чыккан, тажрыйбалуу аскер адамдары гана ат салыша алат.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. АКШ сенаты Пентагон башчылыгына Ллойд Остиндин талапкерлигин бекиткенин РИА Новости жазды.

Анын талапкерлигине 93 сенатор "макул" болсо, экөө "каршы" добуш берген.

Жарандык коргонуу министри кызмат ордуна жети жыл мурун пенсияга чыккан, тажрыйбалуу аскер адамдары гана ат салыша алат. Алар конгресстин атайын макулдугун алышы керек.

Остин 2016-жылы отставкага кеткен. Анын талапкерлигин сенаттын профилдик комитети колдоп берген.

Ал 67 жашта, төрт жылдыздуу генерал даражасына ээ. Остин коргоо мекемесин жетектеген биринчи афроамерикалык болмокчу. Германия, АКШ, Ирак мамлекеттеринде аскердик кызматын өтөгөн. Вашингтондун "Ислам мамлекети"* тобу менен күрөшүүсүнө салым кошкон.

2016-жылы пенсияга чыккандан кийин ири куралдарды чыгарган Raytheon компаниясынын директорлор кеңешинде иштеп жаткан.

96
Белгилер:
сенат, жетекчи, талапкер, Пентагон, АКШ
Тема боюнча
Тарыхта биринчи ирет… Байден өз командасына трансгендерди алмай болду
Атактуу ирландиялык мушкер Конор Макгрегор. Архив

Жыргап күлүп, кучакташып... Макгрегор менен Порьенин көз караштар таймашы

164
(жаңыланган 22:32 22.01.2021)
Эки белгилүү мушкердин кармашы жекшембиде Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайында өтөт. Атлеттер жети жыл мурун октагондо кезигишкен.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. UFC 257 турниринин алдында атактуу ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен америкалык Дастин Порье көз караштар таймашын өткөрүштү. Видео уюмдун расмий Instagram баракчасына жүктөлдү.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Видеодон Конор Дастинге сес көрсөтүмүш болгону менен акырында экөө тең күлүп, кучакташып, жадагалса тамалашканга да үлгүрүшкөн.

Бул иш-чара спортчулар салмакка түшкөндөн кийин уюштурулган. Таразага түшкөн Макгрегор адатынча кыйкырып алганын көрүүгө болот.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Кармаш 24-январда Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайында өтөт. Атлеттер жылдызы жанып келе жаткан мезгилде, 2014-жылы беттешип, ирландиялык спортчу биринчи эле раундда техникалык нокаут менен уткан.

Арадан алты жыл өткөндөн кийин алар чыныгы такшалган мушкер катары кайра беттешип жатышат. Жеңүүчү жеңил салмактагы чемпиондук наамга башкы талапкер болот. Ошондуктан утуп чыгуу экөө үчүн тең өтө маанилүү.

164
Белгилер:
видео, кармаш, Дастин Порье, Конор Макгрегор, UFC
Тема боюнча
Макгрегор — Порьенин кармашын кайдан көрүүгө болот? Түз эфирлердин тизмеси
UFC: Хабиб Нурмагомедовдун иниси алгачкы беттешинде атаандашын утуп алды. Видео
Автоунаа айдаган киши. Архив

Бишкекте электрондук айдоочулук күбөлүктүн пилоттук долбоору ишке кирет

0
Аталган долбоор пилоттук негизде адегенде Бишкек шаарында башталат. Электрондук документтер мобилдик тиркемелер аркылуу сунушталат.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Быйыл санариптештирүүнүн алкагында айдоочулук күбөлүктөрдү жана автоунаалардын паспортторун электрондук түргө өткөрүү пландаштырылууда. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аталган долбоор пилоттук негизде адегенде Бишкек шаарында башталат.

"Пилоттук түрдө сыналуучу долбоордо унаа башкарган адамдар бет түзүлүшү аркылуу идентификацияланып, келечекте айдоочунун күбөлүгүн жана унаанын документин каттоо электрондук түргө өтүүгө мүмкүндүк берет. Электрондук документтер мобилдик тиркемелер аркылуу сунушталат", — деп айтылат маалыматта.

Өткөн жылы "Унаа" ишканасы тарабынан автонуааларга 413 миң 218 мамлекеттик номер белгилери, 250 миң 038 транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктөр берилген.

Ал эми эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк алгандардын саны 189 миң 526 адамга берилген.

0
Тема боюнча
Автоунаа номерлерин сатуудан өлкө бюджети 70 млн. сомго толукталды
"Унаа" ишканасынын кызматтары 1-январдан тарта арзандайт. Жаңы тариф