БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Бир эле убакта курамында кофеин бар суусундуктарды жана алкоголду ичүү жүрөк ыргагынын бузулушуна алып келет. Бул тууралуу "Известия" Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин адиси Оксана Драпкинага шилтеме берип жазды.
Терапевт алкоголду ченеми менен колдонууну дагы бир жолу эскерткен. Ичимдик ичкенден кийин организмди жөнгө салуу үчүн сыр жана эт сыяктуу белоктуу тамактарды жеп турууну сунуш кылган. Алар ичеги-карында алкоголду жайыраак сиңирткенге жардам берет.
Адис спирт ичимдиктерин кофе же энергетикалык суусундуктар менен кошо ичүү жүрөк ритминин бузулушуна алып келерин айтып, буга өзгөчө көңүл бурууга чакырган.Мындан тышкары, дарыгер спирт ичимдиктери бир катар дары-дармектердин таасирин күчөтүп же өзгөртүп, ден соолукту зыянга учуратышы мүмкүндүгүн айткан. Андыктан өнөкөт оорусу болуп препарат колдонгондор өтө этият болушу керектиги эскертилет.
Адис кошумчалагандай, майрамдын эртеси кофеден көрө суу, мөмө-жемиш же жашылча ширесин, болбосо чөп чай ичкен жакшы. Анткени кофеин заараны тез чыгарып, суусатат.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Президенттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Ленинград шаарынын фашисттик курчоодон толук бошотулган күнүнө карата элге кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда, президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Кайрылууда советтик аскерлер тарабынан Ленинград шаарынын фашисттик курчоодон толук бошотулган күнү белгиленип жатканы айтылды.
"Ленинградды курчоого алуу — Улуу Ата Мекендик согуштун эң кайгылуу окуяларынын бири. Ленинград — дүйнөлүк тарыхта 900 күндүк курчоого туруштук берген жападан жалгыз шаар, ошол күндөрү миллиондогон балдар, аялдар, улгайган адамдар жана аскерлер каза болгон", — деп жазылат Мамытовдун кайрылуусунда.
Ленинградды курчоодон бошотуудагы салгылашууларда башка боордош элдер менен бирдикте 4,5 миңден ашуун мекендештерибиз баатырларча курман болушкан.
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда курчоого алынган Ленинграддан Кыргызстанга 16 миңге жакын адам эвакуацияланган. Алардын 3,5 миңи балдар болгон.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Россиянын башчысы Владимир Путин АКШнын жумушка жаңы кирише баштаган президенти Жозеф Байден менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Кремлдин маалымат кызматына таянып, агенттик Путин кесиптешин алгач жумушунун башталышы менен куттуктагандыгын жазды.
Путин белгилегендей, Россия менен АКШнын ортосундагы мамилени жөнгө салуу эки мамлекеттин тең кызыкчылыктарына жооп бермек.
Россия менен АКШ лидерлери Стратегиялык чабуул жасалуучу курал боюнча келишимди (СНВ-3) узартууда дипломатиялык нота менен "алмашууга канааттанганы" кабарланды.
Путин жана Байден эл аралык, эки тараптын маанилүү маселелерин талкуулап, коронавирус менен күрөшүү жана башка тармактарда кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн да карап чыгышкан.
"Эл аралык темалардын ичинен АКШнын "Ачык асман" боюнча келишимден бир тараптуу чыгуу темасы козголгон. Ошондой эле Иран өзөктүк программасы, Украинадагы кырдаал жана БУУ Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн саммитин өткөрүү боюнча Россия тараптын демилгеси тууралуу сөз болгон", — деп айтылат Кремлдин маалыматында.
Президенттин маалымат кызматы сүйлөшүү ачык жана иштиктүү болгонун белгилеген.
Өз кезегинде Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки журналисттерге өткөргөн брифингде Путин менен Байден дагы эмне тууралуу сүйлөшкөнүн айткан."Байден СНВ-3 келишимин беш жылга узартуу каалоосун талкуулоо үчүн бүгүн күндүн экинчи жарымында Путинге чалган. Мындан сырткары, ал Украинанын эгемендүүлүгүн колдой турганыбызды тастыктап, SolarWinds компаниясына жасалган киберчабуул, Алексей Навальныйдын ууланышы, 2020-жылдагы шайлоолорго аралашуу жана тынчтык митингине чыккандарга Россиянын коопсуздук күчтөрүнүн кайрылуусу боюнча маселелерди көтөрүп чыгуу үчүн Россия президентине байланышка чыккан", — деди ал.
Россия буга чейин жогоруда айтылган айыптоолордун баарын четке каккан.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстанга Жаныш Бакиевдин жубайы Орозгүл Токторбаев учуп келди. Бул тууралуу ишенимдүү маалымат булагы Sputnik агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Токторбаева өлкөгө кечээ, 26-январда, башка фамилия менен кирген.