Укол даярдап жаткан дарыгер. Архив

Инфекционист коронавируска каршы эмдөөнүн терс таасирин айтты

349
(жаңыланган 09:40 04.01.2021)
COVID-19га каршы эмдөө учурунда бейтапта респиратордук вирустуу инфекциялардын (ОРВИ) белгилери жана өнөкөт оорулардын күчөп кеткен учуру болбошу керек.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Россиялык инфекционист Евгений Тимаков COVID-19 илдетине каршы эмдөөнүн терс таасирлери тууралуу эскерткенин РИА Новости жазды.

Атап айтканда, COVID-19га каршы эмдөө учурунда бейтапта респиратордук вирустуу инфекциялардын (ОРВИ) белгилери жана өнөкөт оорулардын күчөп кеткен учуру болбошу керек.

"Адамда грипптин кандайдыр бир белгилери, маселен, мурундан суу агып, жөтөлүп, абалы начарлаган учурлары болбошу керек", — деп баса белгилейт Тимаков.

Адис вакцина сайгандан үч күн мурун жана андан кийин спирт ичимдиктерин ичпөөгө чакырды. Мындай учурда күчтүү тамак-аштан жана тез татым тамактардан этият болуп, эмдөөгө психологиялык жактан даярдануу керек.

"Эгер бейтап катуу тынчсызданса, анын кан басымы көтөрүлүп кетиши ыктымал. Эмдөө учурунда сөзсүз түрдө адреналин жана стресс гормондору бөлүнүп чыгып, кан тамырларга кошумча таасир этет. Жыйынтыгында адамдын башы айланып, эс-учун жоготуп коюшу мүмкүн", — деди дарыгер.

Жугуштуу оорулар боюнча адис аллергиялык реакцияларга жакын адамдарга эмдөөдөн бир күн мурун жана бир күн өткөндөн кийин антигистаминдик дарыларды ичүүнү сунуштайт. Дене табы көтөрүлүп кетүүчү адамдар эмдөөдөн кийин түн ичинде парацетамол таблеткасын ичсе болот.

Мындан тышкары, вакцина алууга бир нече апта калганда коронавируска чалдыгып калбаш үчүн байланышты чектөө сунушталат.

Россияда жарандарды коронавируска каршы эмдөө декабрь айында башталган. Азырынча бир гана Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борбору менен Россиянын түз инвестициялар фонду биргеликте иштеп чыккан "Спутник V" вакцинасы гана жеткиликтүү болуп жатат.

Препарат адамдын аденовирус векторунун мыкты изилденген платформасынын негизинде түзүлгөн. Катталгандан кийинки изилдөөлөрдүн алкагында жүргүзүлгөн анализдердин жыйынтыгы боюнча маалыматтарды талдоодо ал 91,4 пайыз, ал эми оор учурларда жүз пайыз натыйжалуулугун көрсөткөн.

Биринчи кезекте тобокел тобундагы адамдар эмделе баштаган. Алар: дарыгерлер, мугалимдер, социалдык кызматкерлер, кийинчерээк аларга көп функционалдуу борборлордун кызмактерлери, маданият тармагынын, соода жана кызмат көрсөтүү, транспорт, энергетика, өнөр жай жана ЖМК чөйрөсүнүн өкүлдөрү, курулуш комплексинин кызматкерлери, ыктыярчылар жана студенттер кошулган.

Эмдөөнү 18 жашка чыккан адамдар, эгерде аларда өнөкөт оорулары жок болсо, акыркы отуз күн аралыгында башка эмдөө алган эмес болсо жана гриппке чалдыкпаса, алса болот. Боюнда бар же бала эмизген аялдарга эмдөө жасоого болбойт.

349
Белгилер:
эмдөө, вакцина, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1255)
Тема боюнча
"Спутник V" вакцинасынын улгайган кишилерге эффективдүүлүгү 90%га далилденди
Нью-Йорктогу Эркиндик эстелиги. Архивдик сүрөт

Байден мигранттарга коюлган чектөөлөр боюнча Трамптын жарлыгын жокко чыгарды

32
(жаңыланган 10:14 21.01.2021)
Бул чектөөлөрдү мурда Дональд Трамптын администрациясы киргизген. Ага ылайык, Мьянма, Иран, Кыргызстан, Ливия, Судан сыяктуу 13 мамлекеттин жарандарына АКШга кирүүгө чектөөлөр коюлган.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. АКШнын жаңы президенти Жозеф Байден алгачкы иш күнүндө кол койгон жарлыктарынын бири менен Кыргызстан катарына кирген бир нече өлкөнүн жарандарына коюлган визалык чектөөнү алып салды. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

"Президент Байден кыргыз иммигранттарынын өлкөгө кирүүсүн токтоткон иммиграциялык жана ар түрдүүлүк (Diversity Visa) визаларга чектөөлөрдү алып салуу боюнча буйрукка 20-январда кол койду. Биз кыргыз өкмөтүнүн акыркы 12 ай ичинде саясий коопсуздукту кыйла жакшыртканын байкадык", — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Ошондой эле өкмөт Интерпол менен кызматташуусун өркүндөтүп, кылмыштуулук жана террорчулук тууралуу маалыматтар менен ачык-айкын бөлүшүп жатканы кошумчаланды.

"АКШ кыргыз элинин коопсуздугу жана эгемендүүлүгү үчүн эки тараптуу мамилелерин бекемдөөгө умтулат", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул чектөөлөрдү мурда Дональд Трамптын администрациясы киргизген. Ага ылайык, Мьянма, Иран, Кыргызстан, Ливия, Судан сыяктуу 13 мамлекеттин жарандарына АКШга кирүүгө чектөөлөр коюлган.

Эске салсак, 2017-жылы АКШга биометрикалык паспорт колдонбогон өлкөлөрдүн жарандары киргизилбей тургандыгы тууралуу жарлыкка мурдагы президент Дональд Трамп кол койгон. Анда Кыргызстан тез арада биометрикалык паспортторду жайылтышы керектиги айтылган.

Жо Байден 20-январь күнү ант берип, АКШнын президенттик кызматына расмий түрдө киришти.

32
Белгилер:
миграция, жарлык, Жо Байден, Дональд Трамп
Тема боюнча
Байден бүгүн АКШга кирүү боюнча кыргызстандыктарга коюлган чектөөнү алып салат
Лабораториянын кызматкери иш учурунда. Архив

ЖМК: окумуштуулар коронавирустун жаңы штаммына каршы вакцина даярдайт

19
(жаңыланган 10:10 21.01.2021)
Декабрь айынын орто ченинде Улуу Британияда SARS-CoV-2 деп аталган коронавирустун жаңы мутациясы пайда болгону тастыкталган. Ал азыр бир катар мамлекеттерге жайылууда.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Британиядагы Оксфорд университетинин окумуштуулары тез аранын ичинде коронавирустун жаңы штаммына каршы вакцина даярдоого  белсенип жатат. Бул тууралуу РИА Новости чет элдик сайттарга шилтеме берип жазды.

Аталган окуу жайдын командасы ушул тапта AstraZeneca вакцинасы менен иштеп жатат. Буга кошумча коронавирустун жаңы штаммына каршы изилдөө жүргүзө турганын айтышкан.

Ал эми Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жаңы штаммдар боюнча илимпоздор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын билдирген.

Декабрь айынын орто ченинде Улуу Британияда SARS-CoV-2 деп аталган коронавирустун жаңы мутациясы пайда болгону тастыкталган. Ал азыр бир катар мамлекеттерге жайылууда.

19
Белгилер:
вакцина, штамм, коронавирус, Улуу Британия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1255)
Тема боюнча
Коронавирустун жаңы штаммы. Кыргызстанга келчүлөр кандай тартип менен кирет?
Вирусолог Нурматов: британиялык жаңы штаммдын абалды курчутуп жибериши күмөн
Кениядан коронавирустун 16 түрү табылды. Эксперттер тынчсызданууда
Ала-Тоо аянтында жүргөн милиция кызматкерлери. Архивдик сүрөт

Бишкектин борборунда милиция кызматкерлери адаттагыдан көп. Себеби

0
(жаңыланган 10:39 21.01.2021)
Sputnik Кыргызстан агенттигинин окурмандары эмне себептен борбордук аянтта жана көчөлөрдө милиция кызматкерлери чогулуп калганын сурашкан.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бишкектин кайгуул милициясынын маалымат кызматы ордо калаанын чок ортосунда эмне себептен таң эрте милиция кызматкерлери көп экенин түшүндүрдү.

Буга чейин окурмандар "Ала-Тоо" аянтындагы автоунаалар тазаланып, кайгуул милициялары борбордук көчөлөрдө, анын ичинде Чүй проспектисинде көп турганы боюнча суроо узатышкан.

Кайгуул милициясынын маалымат кызматы билдиргендей, мекеме жакында боло турган президенттин инаугурациясына даярдык көрүп жатат жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда.

Маалым болгондой, бул иш-чарада "Ала-Тоо" аянтын тосуу пландалган жок.

20-январь күнү БШК президенттик шайлоонун жыйынтыгын айтып, анда Садыр Жапаров жеңгенин кабарлаган. Жапаров шайлоочулар добушунун 79,2 пайызын алган.

Кийинчерээк президенттин инаугурациясы 28-январь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтө турганы айтылган.

0
Белгилер:
окурман, Кайгуул милициясы, Ала-Тоо аянты, жол, Бишкек
Тема боюнча
Бишкек милициясы иш таштаган маршрутка айдоочуларына кайрылды
Мектептер ачылат, балдарга аяр мамиле жасагыла! Милиция айдоочуларга эскертти