Индияда тажияга келгендерди чатыр басып калып 18 адам каза болду

© REUTERS / STRINGERИндияда маркумду акыркы сапарга узатуу учурунда крематорийдин чатыры ураган жердеги куткаруучулар
Индияда маркумду акыркы сапарга узатуу учурунда крематорийдин чатыры ураган жердеги куткаруучулар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уранды алдында ондогон адам калып кеткен. Алгач ар кандай жаракаты менен аман калган 38 адамды чыгарууга мүмкүнчүлүк болгон.
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Индияда маркумду акыркы сапарга узатуу учурунда крематорийдин (коштошуу зыйнаты өтчү жай) чатыры урап түшүп 18 адам каза болду. Бул туурасында РИА Новости NDTV телеканалына таянуу менен жазды.
Окуя Уттар-Прадеш штатынын Мураднагар шаарында болгон. Уранды алдында ондогон адам калып кеткен. Азырынча ар кандай жаракаты менен аман калган 38 адамды чыгарууга мүмкүнчүлүк болгону айтылат. Табигый кырсыктарга реакция кылуучу улуттук күчтөрдүн кызматкерлери, жергиликтүү полиция жана өрт өчүрүүчүлөр ичинде дагы адамдар болушу мүмкүн деген божомол менен куткаруу операциясын улантууда.
От. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кичинекейлери эгиз болгон. Сузакта ис урган келин үч баласы менен көз жумду
Кырдаалга байланыштуу Индиянын президенти жана премьер-министри маркумдардын жакындарына көңүл айткан. Уттар-Прадеш штатынын башкы министри Йоги Адитьянатх набыт болгон адамдардын үй-бүлөсүнө 200 миң рупий (2 700 доллар) өлчөмүндө каржылык жардам көрсөтө турганын билдирген.
Ошондой эле ал жергиликтүү бийликке кырсыктын келип чыгышынын себебин иликтеп чыгууга тапшырма бергени маалым болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0