Эпидемиолог коронавирустун жаңы штаммы балдарга кооптуу экенин айтты

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирустун жаңы штаммынын жугуу коэффициенти буга чейинки SARS-CoV-2 учуруна салыштырмалуу 1,74 эсеге көп.
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Ханыша Мария атындагы Лондон университетинин эпидемиология боюнча улук окутуучусу Дипти Гурдасани Британиядан чыккан коронавирустун жаңы штаммынын коркунучу тууралуу эскертти. Бул тууралуу адис Twitter баракчасына жазганын РИА Новости билдирди.
Анын айтымында, коронавирустун жаңы мутациясы балдарга жана 19 жашка чейинки өспүрүмдөргө бат жугат.
Коргоочу маска кийген адамдар Стамбулдун популярдуу соода районун аралап жүрүшөт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркияда коронавирустун жаңы штаммы 15 адамдан табылды
Адис белгилегендей, коронавирустун жаңы штаммынын жугуу коэффициенти буга чейинки SARS-CoV-2 учуруна салыштырмалуу 1,74 эсеге көп. Бул параметр бир адам изоляцияга жатканга чейин эле бир нече адамга оору жугузуп жибере турганын көрсөтүп турат. Башкача айтканда, жаңы штамм буга чейинкиден да бат тарайт.
Гурдасани бул коңгуроо кага турган маалымат экенин айтып, ооруну алдын алуу боюнча чараларды азыртан көрүп баштоого чакырды.
Эпидемиологдун божомолунда, балдарга басымдуулук кылган коронавирустун жаңы түрү чоңдордон да жөн өтүп кетпейт. Вирус аларга да жугуп, жыйынтыгында ооругандар көбөйүп, жаңы өлүмдөргө алып келиши ыктымал.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Улуу Британияда коронавирустун жаңы штаммы табылып, дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө жайылып жатканын жакында эле кабарлаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0