БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Британиянын премьер-министри Борис Жонсон коронавирус пандемиясынан улам Англияга үчүнчү ирет улуттук карантин киргизилип жатканын жар салды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
"Вирустун жаңы түрү өтө тездик менен тарап жатат", — деген Жонсон теле аркылуу кайрылуусунда.
Анын айтымында, шейшембиден тарта Англиянын бардык мектептери аралыктан окуу режимине өттү. Бирок дарыгер, соцкызматкер, өрт өчүрүүчү, полиция, курьер, сатуучу жана башка элге кызмат кылган адистиктердин өкүлдөрүнүн балдары мектепке барып окуса болот.
Аталган аймактын тургундарына дарыгерге, дүкөнгө барууга жана көчөгө сейилдөө үчүн гана чыгууга уруксат берилген. Ал эми өнөкөт оорусу барларга үйдөн таптакыр чыкпоо сунушталды.
Англияда ресторан, паб жана кафелер тамак-ашты үйлөргө жеткирип берүү үчүн гана иштей турганы айтылды. Мындан сырткары, сулуулук салондору, чачтарачкана жана азык-түлүктөн башка тиричиликке өтө зарыл болбогон нерселерди саткан дүкөндөр да жабылган.Анткен менен Англияда өтө турчу футбол боюнча чемпионат токтотулбай турганы маалым болду.
Жонсон бул карантин былтыркы жылдын жаз мезгилиндегидей катуу боло турганын белгилеген.
"Эрежелерди азыртан баштап аткара баштагыла. Шаршембиде парламент чогулуп бул эрежелер мыйзам болуп калат", — деди премьер-министр.
Карантин Англияда канча убакытка чейин созулары белгисиз. Ал оорунун өсүү динамикасынан көз каранды экени айтылды. Жонсон февралдын ортосунда коронавируска каршы вакцинаны карылар үйүндө жашагандар, медиктер, улгайган адамдар жана өнөкөт оорусу барлар ала турганын кошумчалаган.
Россиялык мушкер казакстандык атаандашы Сергей Морозовду муунтуу ыкмасы менен утуп кетти. Беттеш 2-раундда соңуна чыкты.
Ал беттеш аяктаган соң агасы Хабиб дагы алгачкы жеңишин дал ушундай ыкма менен багындырганын эске салды.
"Мен бактылуумун. Тогуз жыл мурда бул рингге Хабиб кирип, дал мендей болуп утуп чыккан. Анын ыкмасын кайталаганыма кубанычтамын”, — деди ал.
Таймашка секундант катары катышкан Хабиб Нурмагомедов өзү инисиндей болуп экинчи эмес, үчүнчү гана раундда жеңгенин кошумчалады.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Жо Байден ант берип АКШнын президенттик кызматына киришти.
"Мен, Жозеф Робинет Байден, салтанаттуу түрдө Америка Кошмо Штаттарынын президенттик кызматын ак ниеттүүлүк менен аткарууга, Конституцияны кайтарууга жана коргоого болгон күчүмдү жумшайм деп ант берем", — деп билдирди.
Эске салсак, 3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өтүп, жыйынтыгында демократ Жо Байден шайлоочулардын 306 добушун алып жеңишке жеткен. Ал эми анын атаандашы АКШнын учурдагы башчысы Дональд Трамп 232 добуш алган. 7-январда добуш берүүнүн жыйынтыгы толугу менен расмий бекитилген.