БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Eurasia Group консалтингдик компаниясы өзүнүн божомолунда дүйнө жүзү 2021-жылы туш боло турган бир нече тобокелдиктин рейтингин жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Тизмеде биринчи сапты "бөлүнгөн Америка" ээлейт. Аналитиктер белгилегендей, Жо Байдендин бийликке келиши менен америкалыктардын теңи мамлекет башчыларын легитимсиз деп эсептеген доор келет.
Быйылкы жылдын экинчи негизги коркунучу — COVID-19 пандемиясы. Эксперттердин айтымында, эмдөөнүн фонунда коомдун бай жана кедей болуп бөлүнүшү күчөп, көптөгөн өлкөлөрдө башаламандык болушу мүмкүн.
Адистер үчүнчү сапка климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштү жайгаштырган. Аналитиктердин айтымында, бул эл аралык атаандаштыкка алып келет.
Eurasia Group компаниясынын версиясы боюнча, жылдын негизги тобокелдиктерине Вашингтон менен Пекиндин ортосундагы мамиленин мындан ары да чыңалышы, маалыматтарды эл аралык форматта өткөрүп берүүдөгү кыйынчылыктар, санарип мейкиндигинде глобалдык чыр-чатактын чыгышы, Түркиядагы экономикалык көйгөйлөр жана анын саясий кесепеттерин шарттоочу жагдайлар кирген.Мындан тышкары, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө мунай заттын арзандашы менен экономиканын төмөндөшү, Германиянын канцлери Ангела Меркелдин кызматтан кетиши, ошондой эле Латын Америкасындагы айрым мамлекеттердин пандемия жана шайлоолорго байланыштуу саясий жана социалдык кризиске кептелиши глобалдык көйгөйгө айланышы ыктымал.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Италиялык "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду расмий беттештерде киргизген голдорунун саны боюнча футбол тарыхында биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.
35 жаштагы спортчу кечээ Италиянын Суперкубогу үчүн "Наполи" менен оюнда гол киргизди. Беттеш 2:0 эсеби менен туриндиктердин пайдасына аяктаган.
Бул Роналдунун профессионалдык карьерасындагы клуб жана улуттук командасы үчүн киргизген 760-голу болду. Муну менен ал Австрия жана чехословакиялык футболчу Йозеф Бицандан ашып өттү. 1950-жылдары ойногон чабуулчу атаандаштарынын дарбазасына 759 ирет топ киргизген.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кытайда кайгуул полиция кызматкери бир мүнөттүн ичинде үйлөнүп, кайра дароо эле жумушка чыкты. Бул тууралуу "Известия" басылмасы кабарлады.
Салтанат Кытайдын Хэбей провинциясында өткөн. Анда жумушунан бошобогон полиция кызматкери түшкү тамактануу учурунда убакыт таап, келинчеги менен бир мүнөттүн ичинде үйлөнүп, кайра эле кызматына жөнөгөнү айтылат.
Түгөйлөр 15-январда баш кошкон.