Жер кыртышы чөгүүдө! 20 жылда көйгөй адамзатты катуу жабыркатары айтылды

© REUTERS / STRINGERОползень в Ла-Пасе. Боливия
Оползень в Ла-Пасе. Боливия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперттер дүйнөлүк коомчулукту сууну туура сордуруунун механизмдерин иштеп чыгууга үндөп жатышат, антпесе кесепети оор болушу мүмкүн.
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. 2040-жылга чейин жер кыртышынын чөгүүсүнөн адамзаттын бештен бир бөлүгү жабыркайт. Бул тууралуу "Популярная механика" басылмасы жазып чыкты.
ЮНЕСКОнун изилдөөсүнө ылайык, жер кыртышынын чөгүшү 20 жылдын ичинде дүйнө калкынын 19 пайызына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бүгүн эч кандай чара көрүлбөсө, көптөгөн шаарлардын суу астында калуу коркунучу бар. Изилдөөдө бир катар аймактар ушундай көрүнүшкө туш болгону белгиленген. Маселен, акыркы 10 жылда Жакарта 2,5 метрден ашык чөгүп, Индонезия бийлиги өлкөнүн борборун Борнео аралына көчүрүүнү чечкен. Ал эми Нидерландыда жер кыртышынын чөгүшүнөн улам аймактын 25 пайызы ансыз деле деңиз деңгээлинен төмөн.
Страны мира. Намибия - Sputnik Кыргызстан
Эколог: Борбор Азия мамлекеттери чөлгө айланып калышы мүмкүн
Долбоордун жетектөөчү изилдөөчүсү Жерардо Эррера-Гарсиянын айтымында, кургакчыл жана калк жыш отурукташкан жерлерде эгин сугаруу үчүн сууну сордуруу — жер кыртышынын чөгүүсүнүн негизги себеби. Сууну сордуруу үчүн тийиштүү механизимдердин жоктугунан жана калктын тез өсүүсүнөн улам абал барган сайын начарлап баратканы айтылган. Мисалы, Иранда акыркы 50 жылда калктын саны эки эседен ашык көбөйгөн, бирок жер астындагы сууларды сордуруу көйгөйү дагы деле жөнгө салынган эмес. Ирандын шаарлары жылына 25 сантиметрге чөгүп, дүйнөдө "эң тез чөгүп бараткан" шаарлардын башкы сабында турат.
Соңку 100 жылда деңиз деңгээли бир метрге көтөрүлүп, жээктеги шаарларды суу каптоо коркунучу пайда болгон. Эррера-Гарсия спутниктен байкоо жүргүзүү жана атайын радарларды колдонуу менен жер кыртышынын чөгүү көйгөйүн оңой эле көзөмөлдөсө болорун жана көптөгөн өлкөлөр сууну сордуруу боюнча тиешелүү эрежелерди иштеп чыгуусу керектигин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0