БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Brent үлгүсүндөгү мунай затынын бир баррелинин баасы 26-февралдан тарта биринчи ирет 54 долларга көтөрүлдү. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Москва убактысы боюнча саат 5.27ге (Бишкек - 5.27) карата фьючерсте Brent үлгүсүндөгү түндүк деңиз мунай затынын аралашмасы 0,92 пайызга — 54,02 долларга көтөрүлүп кетти. Февралдагы фьючерсте WTI үлгүсүндөгүсү 0,4 пайызды түзүп, тагыраагы, бир баррелине 50,12 доллар болгон.Баанын тез ыкчам өсүп кетишин Россия менен Суад Аравиясынын ОПЕК+ боюнча келечектеги келишим жаатында компромисске келди деген маалыматтар шарттаган. The Wall Street Journal басылмасынын жазганына караганда, өлкөлөр февраль айында макулдашуунун учурдагы шарттарын сактап калуу туурасында сүйлөшкөн. Андан сырткары, мунай затынын өндүрүү көлөмүн көбөйтпөө боюнча сөз бекитишкен эле.
Эске салсак, майдагы фьючерсте WTI үлгүсүндөгү мунайдын баасы 9 доллардан да түшүп кеткен эле.
Франциянын Лион шаарында дүйнөдө биринчи жолу бейтаптын колун ийини менен кошо салып беришти. Бул тууралу The Guardian басылмасы жазды.
Трансплантация 13-январда Эдуард Эррио атындагы клиникада жүргүзүлдү. Операцияга даярдык көрүүгө 50 ак халатчан тартылса, аны жасоого медиктердин төрт бригадасы катышып, колдорду "жамоо" 15 саатка созулган.
48 жаштагы исландиялык Феликс Гретарсон 20 жылы мурда электр тогуна урунуп, эки колунан тең ажырап калган. Андан бери ондогон операция жасаткан. Бейтап Лионго 2013-жылы операция жасатууга уруксат алгандан кийин көчүп келген. Бирок донорду издөөгө бир нече жыл кеткен.Операциядан кийин оң колу сол колуна караганда батыраак калыбына келерин айтышкан. Себеби сол жак ийиндин бардыгын калыбына келтирүүгө туура келген.
Азырынча Феликс Гретарсон колдору менен өз алдынча кыймылдай албайт.
Тогуз күндөн кийин исландиялык киши клиникадан биринчи видео кайрылуусун жасап, дарыгерлердин бул керемет ишине эбегейсиз ыраазылыгын айткан.
Ролик оорукананын YouTube-канале каналына жүктөлгөн.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Sputnik маалымат агенттиги Telegram тармагы аркылуу англис тилинде жаңылыктардын жаңы каналын ишке киргизди. Sputnik саясатты, бизнести, дүйнөлүк экономикалык тенденцияларды, коргонуу, коопсуздук, космос, саламаттык сактоо жана элдин калың катмарына пайдалуу болгон башка темадагы маалыматтарды чагылдырат. Бул үчүн ал Telegram тармагынын мультимедиалык мүмкүнчүлүктөрүнүн жардамы менен өзүнүн жаңылыктар кызматынын сапатын өнүктүрөт.
Канал окурманга дүйнөдөгү эң маанилүү жаңылыктарды жеткирүү максатында текст түрүндөгү маалыматтарды, фото жана графикалык сүрөттөрдү, видео, аудио, статистика жана графикаларды жарыялайт. Күндүн башкы кабарлары, Россиянын жаңылыктары, кызыктуу окуялар, ошондой эле дүйнөлүк окуялардын күнгөй-тескейине баш багат.
"Биз окурманга ар кайсы өлкөлөрдүн жогорку мамлекеттик кызмат адамдары, бизнес өкүлдөрү, саясатчылар, коомдук пикирдин лидерлер, талдоочулар жана эксперттер менен болгон кызыктуу, эксклюзивдүү маектерибиздин үзүндүлөрүн сунуштайбыз", — деп айтылат билдирүүдө.
Sputnik каналынын кабарчылары окурмандарга 24 саат бою дүйнө жүзүндөгү ири окуялар, мамлекеттик расмий иш сапарлардан тарта нааразычылык акциялары, террордук актылар, инфекциянын жайылышы сыяктуу окуялар тууралуу түз эфирден маалыматтарды берип турат.
Сиз Sputnik каналын Telegram тармагынан таап, аккаунтка @sputniknewsint дареги аркылуу каттала аласыз.
Sputnik агенттиги Россиянын ири "Россия сегодня" ЖМКсынын бир бөлүгү. Англис, орус, араб, кытай, испан жана фарсы тилдеринде чыгарылган жаңылыктар түрмөгү дүйнөлүк аудиторияга уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү берет.Sputnik өзүнүн жеке мультимедиалык контентин даярдап, 30дан ашык тилде обого алып чыгат. Мындан сырткары, Sputnik радиосу күн сайын 800 сааттан ашык радиопрограммаларды обого чыгарып, ал 34 өлкөдөгү 130 шаарда уктурулат.
Вашингтон, Каир, Пекин жана Монтевидеодогу регионалдык бөлүмдөр (медиаборборлор) жаңылыктар түрмөгү үчүн эксклюзивдүү материалдарды камсыз кылышат.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Финансы полициясынын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан Түштүк-Батыш бажысынын тескөөчүсү кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматта Ош шаарындагы "Достук" бажы бекетинде иштеген тескөөчү кызмат адамдарынын катышуусунда товарларды контрабандалык жол менен ташып кирүү фактысы боюнча колго түшкөнү кабарланды.
"2020-жылдын декабрь айында Финансы полициясынын кызматкерлери элдик керектөөдөгү товарлар жүктөлгөн DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны кармашкан. Аны "Достук" бажы бекетинин кызматкерлери КР аймагына документтерин бажылык тариздөөдөн өткөрбөстөн жана бажы төлөмдөрүн төлөтпөстөн киргизип жиберишкен. Натыйжада, жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык мамлекеттин бюджетине 700 миң сомдон ашык түшпөй калган", — деп айтылат маалыматта.
Кармалган тескөөчү А. Р. 21-январь күнү Ош шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бул факты боюнча тергөө учурунда 706 260 сом суммасында келтирилген зыяндын орду толтурулганы айтылат.
Азыркы убакта тергөө иштери уланууда.