БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Россияда миллиондон ашык киши коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасы менен эмделди. Бул тууралуу Гамалея атындагы илимий-изилдөө борборунун директору Александр Гинцбургга шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.
"Бүгүнкү күндө 1 миллиондон ашык киши вакцина алды. Азыр күн сайын 100 миңден доза даярдалып жатат", — деди Гинцбург.Ал кошумчалагандай, Саламаттык сактоо министрлиги менен Росздравнадзор мекемеси вакцина алгандардын абалына мониторинг жүргүзүп жатат. Эч кимисинде препараттын кыйыр таасири байкалган жок.
Белгилей кетсек, россиялык адистер дүйнөдө биринчилерден болуп коронавируска каршы "Спутник V", андан соң "ЭпиВакКорона" вакцинасын иштеп чыккан. Кыргызстан дарыларды алып келүү боюнча Россия баштаган бир нече өлкө менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Роспотребнадзор мекемесинин Эпидемиология институту COVID-19ду 60-90 мүнөттүн ичинде аныктап берчү тест-система иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган институттун директору Василий Акимкиндин сөзүнө таянып РИА Новости жазды.
"Биз вирусту аныктоо убактысын үч-төрт эсеге кыскарта алдык. Мунун негизинде тест-система иштеп чыктык. Эффективдүүлүгү жагынан кадимки ПЦР-тесттерден калышпайт. Жакынкы күндөрү аны COVID-19дун Улуу Британияда табылган жаңы штаммын аныктап көрүү үчүн жөнөтөбүз", — деди Акимкин.
Окумуштуулар жугуу жагынан күчтүүрөөк деп айтылып жаткан жаңы штаммдарды тез аныктоону максат кылууда.
Ошондой эле адистер жаңы тест-система вирустун мутация болгонун же болбогонун дагы так көрсөтүп берерин кошумчалашты.
Daily Mail аял-күйөөсүн күтүүсүз коноктор "тосуп алгандыгын" жазды.
Алар бош үйүндөгү "конокторду" видеого тартып алышкан. Кадрдан айнек терезенин алдында жайбаракат күн чубактап жаткан алты арстанды көрүүгө болот.
Маалыматта үй улуттук Крюгер паркынын жанына жайгашып, Дэвиддин атасына тиешелүү экендиги жазылган. Адатта ал тегеректен ээн-эркин жүргөн жырткычтарды көп кездештирүүгө болот.
Там сатыкка коюлуп, бир нече мезгилден бери бош турган. Адам жыты келбегендиктен, жырткычтар ал жерди байырлай баштаган.