БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. АКШлык жаран, республикачыл конгрессмен Кевин Брэйди Pfizer вакцинасын алгандан кийин COVID-19 менен ооруп калган. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter баракчасына жазган.
Ал эмдөөдөн декабрь айында өткөндүгүн жазган.
"Эл өкүлдөр палатасынын дарыгери бүгүн тапшырган тесттен COVID-19 чыкканын билдирди. Сунуштардан улам 18-декабрда Pfizer вакцинасын алган элем. Ал эми жакында эле, Жаңы жылдын алдында тест тапшырганымда коронавирус чыкпагандыгын айтышкан", — деп жазган Брэйди.
Саясатчынын айтымына караганда, ал 7-январдан тарта дарылана баштайт. Учурда эл өкүлү карантинде.
АКШда Pfizer жана Moderna вакциналарын алуу иштерине уруксат берилген. 4-январда препаратты 4 млн. 225 756 адамдын сайдырганы кабарланган. Ал эми өлкө боюнча жалпысынан 13 млн. 71 925 доза бөлүнгөн. Өткөн жылдын аягына чейин 20 миллион адамдын аталган вакцина менен эмделе турганы жазылган.
5-январда Норвегияда карылар үйүндөгү эки адамдын Pfizer/BioNTech вакцинасын алгандан кийин көз жумганы кабарланган. Адистер өлүмгө вакцинанын себепкер болгон-болбогондугун тактап жатышат.Январда Португалияда медициналык кызматкер Pfizer/BioNTech сайдыргандан соң каза тапкан. Анткен менен ал эмдөө алып жатканда андан кийин кыйналып же ооруганын айткан эмес.
Анда көрүнүп тургандай, жырткыч бутактардын ичке экенине карабай башына чейин чыккан. Биринчи аракетинде көздөгөн тамагын ала алган эмес. Бирок экинчи ирет бактын башына кайра чыгып, акыры майды алып кеткен.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Лондондогу ханыша Мария атындагы университет менен Barts Health NHS фонду биргеликте изилдөө жүргүзүп, коронавирус ар кайсы этникалык топторго ар башкача таасир этерин аныкташты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Изилдөөгө курагы 16 жаштан жогорку 1500дөн ашык бейтап алынган. Алар беш башка ооруканада дарыланган. Ичинен 31 пайызы азиаттар, 20 пайызы афроамерикалыктар, 40 пайызы европалыктар болгон. Иликтөө башталгандан туура бир ай өткөндөн кийин аталган топко кирген оорулуулардын ичинен 29 пайызы каза болгону аныкталган.
Эксперимент маалында азия тектүүлөрдө интенсивдүү терапия бөлүмүнө түшүп, өпкөсүн жасалма түрдө желдетүүгө 1, 54 эсе көбүрөөк муктаж болору билинген. Ушундай эле өзгөчөлүктөрдү афроамерикалыктардан байкаса болот. Аларда бул көрсөткүч 1,8 эсеге жогору болгон.
Ошондой эле азиаттар менен кара терилүүлөр арасында дагы европалыктарга салыштырмалуу өлүм көбүрөөк катталган. Азиялыктарда 1,49 пайызга болсо, афроамерикалыктарда 1,3 пайызга жогору.Мындан тышкары, адистер ИВЛ-аппаратка жатып калуу тобокелдиги дагы жогоруда айтылган эки расада европа тектүүлөргө салыштырмалуу 50-80 пайызга жогору болгонун айтышкан.
Бирок окумуштуулар азырынча мунун себебин аныктай элек.
Мамлекеттик органдар ишкерлерди сотко берсе, көп учурда чечим ишкердин пайдасына чечилбейт. Себеби соттор мамлекеттик бюджетти толтурууга өбөлгө түзүшүбүз керек деген ниетте адилетсиз чечим чыгарып коюусу ыктымал. Бул тууралуу Нургүл Акимова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, экономиканы калыбына келтирүү үчүн жумуш орундары түзүлүп, инвестициялык климат жакшырышы керек.
"Салык төлөөчүлөр жеке менчик ишканалардын ичинде бардык салыктарды төлөп, ак ниет иштегендери менен кошо эле жашырынып, көмүскө иш алып баргандары да жок эмес. Бирок мамлекет өзү кызыктай "парадоксторду" жаратат. Алсак, салык, бажы жана башка мамлекеттик көзөмөл кылуучу органдарга план коюшат. Планды аткаруу үчүн алар туура эле иш алып барып жаткан ишкерлерди кысымга алышат. Албетте, алар деле бюджетти толтуруу менен мамлекетке пайда алып келүү максатын көздөйт. Ошондой эле эгерде мамлекеттик органдар ишкерлерди сотко берсе, көп учурда чечим ишкердин пайдасына чечилбейт. Себеби соттор дагы мамлекеттик бюджетти толтурууга өбөлгө түзүшүбүз керек деген ниетте адилетсиз чечим чыгарып коюусу ыктымал. А чынында бул өлкөгө зыянын тийгизбей койбойт. Себеби ишкер банкрот болсо бюджетке эч кандай каражат төлөбөгөнү аз келгенсип, жумуш орундары дагы азаят. Ошондуктан экономиканы көтөрүү үчүн бизнес тармагында соттор адилеттүү иш алып баруусу зарыл", — деди Акимова.
Экономист жергиликтүү ишканаларды сактап калууга бардык мамлекеттик органдар кам көрүшү керектигин кошумчалады.