Вашингтондогу башаламандыктан 4 адам каза тапты. Капитолийди басып алган видео

© REUTERS / SHANNON STAPLETONВашингтондогу полиция менен Дональд Трамптын тарапташтарынын кагылышуусу
Вашингтондогу полиция менен Дональд Трамптын тарапташтарынын кагылышуусу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
7-январга караган түнү АКШнын азыркы президенти Дональд Трамптын тарапташтары Вашингтондогу Капитолий имаратын басып кирип, полиция кызматкерлери менен кагышкан.
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Вашингтондогу башаламандыктан төрт адам каза тапты. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Белгилей кетсек, 7-январга караган түнү АКШнын азыркы президенти Дональд Трамптын тарапташтары Вашингтондогу Капитолий имаратын басып кирип, полиция кызматкерлери менен кагылышуу болгон.
Тартип сакчылары көздөн жаш чыгарган газ жана кулак тундуруучу граната колдонушкан. Манифестанттар конгресс залына сенат жыйын өткөрөрдүн алдында кирип барышкан. Сенат анда президенттик шайлоонун жыйынтыгын карамак, бирок башаламандыктан улам аны токтотууга туура келген.
Кийинчерээк Трамп тарапташтарын таратууга аракет кылган. Анткен менен ага чейин өзү аларды конгресс залына барууга үгүттөгөнү айтылат.
Андан кийин Капитолийдин ичинде атышуулар болгону кабарланды.
Бишкек убактысы боюнча 04:53төр чамасында CNN телеканалы полиция имаратты башаламандык уюштургандардан тазалаганын билдирген.
​Конгресстин мүчөлөрү шайлоонун жыйынтыгын бүгүн чыгарууну пландап жатканы кошумчаланды.
Башаламандыктан кийин АКШнын борборуна өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Эске салсак, АКШда президенттик шайлоо аяктап, добуш берүүнүн жыйынтыгы менен демократ Жо Байден уткан. Бирок Дональд Трамп жеңилгенин мойнуна ала элек.
ЖМКлар учурда Капитолийде абал тынч экенин кабарлашты.
Жаңылыктар түрмөгү
0