БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. АКШнын азыркы президенти Дональд Трамптын социалдык тармактардагы бардык аккаунттары блокко салынды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Ага ылайык, алгач Трамптын аккаунтун Facebook 24 саатка иштетпей салган. Андан кийин Twitter компаниясы 12 саатка тоңдурса, кийин Instagram соцтармагы да анын аккаунтун блокко салганын компания башчысы Адам Моссери маалымдады.
"Биз дагы президент Трамптын аккаунтун 24 саатка жаап жатабыз", — деп жазган ал Twitter баракчасына.
Белгилей кетсек, бул соцтармактар менен кошо Youtube дагы Трамптын видеокайрылуусун блоктоп, "эреже бузулуп жатат" деп түшүндүргөн.
Эске салсак, 7-январга караган түнү Вашингтондо Трамптын тарапташтары Капитолийди басып алып, полиция менен башаламандык уюштургандардын ортосунда кагылышуу болгон. Жыйынтыгында төрт адам каза тапкан.Башында Трамп Капитолийдин алдынан тарапташтарына анын добушу уурдалып кеткенин айтса, кийин башаламандыкта аларды тарап кетүүгө чакырган.
Эске салсак, АКШда президенттик шайлоо аяктап, добуш берүүнүн жыйынтыгы менен демократ Жо Байден уткан. Бирок Дональд Трамп жеңилгенин мойнуна ала элек.
Анда көрүнүп тургандай, жырткыч бутактардын ичке экенине карабай башына чейин чыккан. Биринчи аракетинде көздөгөн тамагын ала алган эмес. Бирок экинчи ирет бактын башына кайра чыгып, акыры майды алып кеткен.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Лондондогу ханыша Мария атындагы университет менен Barts Health NHS фонду биргеликте изилдөө жүргүзүп, коронавирус ар кайсы этникалык топторго ар башкача таасир этерин аныкташты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Изилдөөгө курагы 16 жаштан жогорку 1500дөн ашык бейтап алынган. Алар беш башка ооруканада дарыланган. Ичинен 31 пайызы азиаттар, 20 пайызы афроамерикалыктар, 40 пайызы европалыктар болгон. Иликтөө башталгандан туура бир ай өткөндөн кийин аталган топко кирген оорулуулардын ичинен 29 пайызы каза болгону аныкталган.
Эксперимент маалында азия тектүүлөрдө интенсивдүү терапия бөлүмүнө түшүп, өпкөсүн жасалма түрдө желдетүүгө 1, 54 эсе көбүрөөк муктаж болору билинген. Ушундай эле өзгөчөлүктөрдү афроамерикалыктардан байкаса болот. Аларда бул көрсөткүч 1,8 эсеге жогору болгон.
Ошондой эле азиаттар менен кара терилүүлөр арасында дагы европалыктарга салыштырмалуу өлүм көбүрөөк катталган. Азиялыктарда 1,49 пайызга болсо, афроамерикалыктарда 1,3 пайызга жогору.Мындан тышкары, адистер ИВЛ-аппаратка жатып калуу тобокелдиги дагы жогоруда айтылган эки расада европа тектүүлөргө салыштырмалуу 50-80 пайызга жогору болгонун айтышкан.
Бирок окумуштуулар азырынча мунун себебин аныктай элек.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Бишкектин эки мектебинин окуучуларынан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Иликтей келгенде ал окуучулардын үйүндө вирус жугузуп алгандар болгону такталды. Учурда балдар менен бир класста окугандардын бардыгы эки аптага аралыктан окууга жиберилди. Ал эми мугалимдер ПЦР-тест тапшырууга жөнөтүлдү.
"Урматтуу ата-энелер! Эгер үйдө коронавируска чалдыккандар болсо, тез арада мектепке кабар берип, баланы бардык текшерүүдөн өткөндөн кийин гана окууга жиберүүңөрдү өтүнөбүз. Албетте, сиздерге дагы оңой болуп жаткан жок, бирок силердин жоопкерчилигиңерге башка адамдардын өмүрү жана ден соолугу байланыштуу экенин унутпагыла”, — деп өтүнүштү мэриядан.
Эске салсак, Бишкекте 18-январдан тарта 1, 5, 9 жана 11-класстардын окуучулары мектепке бара баштаган.