БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. АКШда Конгресс демократ Жо Байденди президент деп бекитти. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Ага ылайык, Байден шайлоочулардын 270тен көп добушун алган. Ал добуштар конгресс тарабынан бекитилди.
7-январга караган түнү Вашингтондо Трамптын тарапташтары Капитолийди басып алып, полиция менен башаламандык уюштургандардын ортосунда кагылышуу болгон. Жыйынтыгында төрт адам каза тапкан.Добуш берүүнүн жыйынтыгы конгресс тарабынан бекитилгенден кийин Трамптын конституциялык жол менен шайлоонун жыйынтыгына каршы чыгууга мүмкүнчүлүгү калбай калды.
Соттор да эч кандай жардам бере албай турганы айтылды. Анткени конгресс мыйзамдуу түрдө кабыл алган чечимди жокко чыгарууга өлкөнүн эрежелери жол бербейт.
Россиялык мушкер казакстандык атаандашы Сергей Морозовду муунтуу ыкмасы менен утуп кетти. Беттеш 2-раундда соңуна чыкты.
Ал беттеш аяктаган соң агасы Хабиб дагы алгачкы жеңишин дал ушундай ыкма менен багындырганын эске салды.
"Мен бактылуумун. Тогуз жыл мурда бул рингге Хабиб кирип, дал мендей болуп утуп чыккан. Анын ыкмасын кайталаганыма кубанычтамын”, — деди ал.
Таймашка секундант катары катышкан Хабиб Нурмагомедов өзү инисиндей болуп экинчи эмес, үчүнчү гана раундда жеңгенин кошумчалады.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Жо Байден ант берип АКШнын президенттик кызматына киришти.
"Мен, Жозеф Робинет Байден, салтанаттуу түрдө Америка Кошмо Штаттарынын президенттик кызматын ак ниеттүүлүк менен аткарууга, Конституцияны кайтарууга жана коргоого болгон күчүмдү жумшайм деп ант берем", — деп билдирди.
Эске салсак, 3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өтүп, жыйынтыгында демократ Жо Байден шайлоочулардын 306 добушун алып жеңишке жеткен. Ал эми анын атаандашы АКШнын учурдагы башчысы Дональд Трамп 232 добуш алган. 7-январда добуш берүүнүн жыйынтыгы толугу менен расмий бекитилген.