БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп 20-январь күнү жаңы шайланган өлкө башчысына бийликти ирети менен өткөрүп бере турганын убадалады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Капитолийдеги башаламандыкка жана Вашингтондогу коменданттык саатка карабай АКШ конгресси Жо Байдендин президент болуп шайланышын бекитти.
"Шайлоонун жыйынтыгына толук ынанбасам да 20-январда бийликти өткөрүп берем", — деп Трамптын жазганын жардамчысы Дэн Скавино Twitter баракчасына жарыялады.Ал эми Трамптын өзү "тарыхта калчу биринчи мөөнөт бүтүп бара жатса да, Американы кайрадан улуу өлкөгө айландыруу үчүн күрөш жаңы гана башталып жатканын" билдирген.
Шаршемби күнү Дональд Трампты колдоо үчүн Вашингтонго чогулган тарапташтары шайлоонун жыйынтыгын бекитүү үчүн чогулган сенаттын жыйынын үзгүлтүккө учуратып, Капитолийди басып киришкен. Тартип сакчылары көздөн жаш чыгаруучу газ жана кулак тундуруучу граната колдонууга аргасыз болгон. Борбор калаага өзгөчө кырдаал режими жарыяланган болчу.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Россияда 2021-2022-окуу жылына бюджеттик окуу жайларга документтерди кабыл алуу жарыяланды. Бул тууралуу маалымат Россотрудничествонун расмий сайтына чыкты.
Документтерди кабыл алуу Россия өкмөтү кыргызстандыктар үчүн бекиткен квотага ылайык жүрөт. РФтин ЖОЖдорунан билим алууну каалагандарды тандоо түздөн-түз Россотрудничествонун КРдеги өкүлчүлүгү аркылуу өтүп, башка эч кандай жол, ортомчулук болбойт.
Окуу жайларга документтерди мектеп бүтүрүүчүлөрү да, орто окуу жайды аяктагандар да тапшыра алышат. Эгерде талапкер документин тапшырган учурда башка жакта билим алып жаткан болсо, анда баалары менен кошо академиялык справкасын алып келүүсү керек.
Документтерди кабыл алуу 2021-жылдын 20-январынан 20-февралына чейинки аралыкта бир гана EDUCATION IN RUSSIA сайтында жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн убакыттан кеч берилген документтер каралбайт.Каттоого алуу өтө кыска убакытта жүргүзүлөт. Ошондуктан документтерди алдын ала даярдоо зарыл. Аларды толтуруу боюнча консультация 2021-жылдын 26-январынан тарта аптасына эки жолу (шейшемби, бейшемби күндөрү) саат 17:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлөт.
Бардык документтерди электрондук түрдө (файлдар pdf форматында болушу зарыл, бир документ — бир файл, файлдын көлөмү 3 Мбайттан ашпашы талап кылынат) EDUCATION IN RUSSIA сайтына жүктөө керек. Ар бир файлдын аталышы (аты-жөнү жана документтин аталышы) болушу зарыл.
Сурап-билүү үчүн +996 (312) 300-512 телефону же abiturient@kgz.rs.gov.ru электрондук почтасы аркылуу кайрылууга болот.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Белгилүү режиссёр, КР эл артисти Артыкбай Сүйүндүков XXVI Калькутта эл аралык кинофестивалында (Индия) "Мыкты режиссёр" наамына ээ болду. Бул тууралуу "Кыргызфильм" маалымдады.
Фестивалдын алкагында өткөн сынакка Кыргызстандын атынан Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы катышкан. Жыйынтыгында кыргызстандык режиссёр мыкты деп табылды.
Толук метраждуу "Шамбала" тасмасы Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган. Буга чейин россиялык "Киношок" фестивалында эки сыйлыкка татыган.