SpaceX жана Tesla компанияларынын башчысы Илон Маск. Архив

Илон Маск дүйнөнүн эң бай адамы болду

225
(жаңыланган 19:41 08.01.2021)
Узаган жылы чоң ийгиликке жетишкен Илон Масктын кирешеси бир жылда 150 миллиардга өскөн. Бул аптада анын компаниясынын акциялары жогорулап, Маск дүйнөнүн эң бай адамы болду.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. SpaceX жана Tesla компанияларынын башчысы Илон Маск Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безосту артта калтырып, дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде биринчи сапка жайгашты. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазып чыкты.

Басылма электромобилдер рыногунда Tesla компаниясынын акциялары 4,8 пайызга жогорулаганын маалымдады. Мунун натыйжасында Масктын байлыгы 185 миллиард долларга жетип, Безостун байлыгынан жарым миллиардга көбөйгөн.

Акыркы бир жыл ичинде Масктын байлыгы 150 миллиард долларга өскөн. Анын электромобилдерди жана ага тиешелүү жабдууларды өндүргөн Tesla Motors компаниясы 2003-жылы негизделген. 

225
Белгилер:
миллиардер, Дүйнө, Tesla, Илон Маск, адам, бай
Тема боюнча
Илон Маск Билл Гейтстен озуп кетти. Дүйнөдөгү эң бай адамдардын жаңы тизмеси
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерреш. Архив

БУУ: COVID оңдурбай, дүйнө акыркы 100 жылдыкта эң оор каатчылыкка кептелди

28
(жаңыланган 11:13 26.01.2021)
Антониу Гутерреш 2021-жылы дүйнөнү калыбына келтирүүдө өкмөттөр, эл аралык уюмдар, жеке сектор жана жарандык коом биргелешип ынтымакта иштешүүсү керектигин билдирди.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерреш коронавирус пандемиясынын кесепетинен дүйнө акыркы жүз жылдыктагы эң оор экономикалык каатчылыкка кептелгенин билдирди. Бул тууралуу уюмдун сайтында жарыяланды.

Катчынын айтымында, азыр "дүйнө абдан морт болуп турган кез".

"Пандемия эки миллиондон ашык адамдын өмүрүн алып кетти. Экономикалык абалыбыз акыркы 100 жыл ичиндеги эң төмөнкү көрсөтүчкө түштү. Коронавирус адамдар, өлкөлөр арасында теңсиздик бар экенин далилдеп койду. Кыскасы, жаратылышка биз кандай мамиле кылсак, ал бизге дал ошондой сокку уруп жатат. Дүйнө эли диалогго келип, кызматташуубуз керек", — деди Гутерреш.

Ошондой эле ал 2021-жылы дүйнөнү калыбына келтирүүдө өкмөттөр, эл аралык уюмдар, жеке сектор жана жарандык коом биргелешип ынтымакта иштешүүсү керектигин кошумчалады.

28
Белгилер:
кесепет, Дүйнө, пандемия, Антониу Гутерреш, БУУ
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
ДССУ коронавирус менен күрөш көпкө созуларын айтты
АКШ президенти Жозеф Байден. Архив

Байден Россия менен көйгөйлүү маселелерди ортого салууга даяр экенин билдирди

40
(жаңыланган 10:54 26.01.2021)
Жаңы шайланган президент Байден стратегиялык чабуул коюучу куралды кыскартуу жана чектөө жаатында АКШ Россия менен дагы кызматташа аларын белгилеген.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. АКШ президенти Жозеф Байден Россия тарап менен көйгөйлүү маселелерди талкуулоого даяр экенин билдиргенин РИА Новости жазды.

Мамлекет башчынын айтымында, тиешелүү мекемелерден Москвага байланыштуу темалар боюнча түрдүү маалыматтарды сураган.

Ошондой эле президент стратегиялык чабуул коюучу куралды кыскартуу жана чектөө жаатында да АКШ Россия менен кызматташа аларын белгилеген.

"Өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн СНВ-3 келишимин узартууга аракет кылсак болот. Россия тарапка Навальныйдын аракети, Solar Winds кырдаалы же Афганистандагы америкалык аскерлердин башы үчүн сыйлык тууралуу билдирүүлөргө тынчсызданып жатканыбызды билдиргибиз келет", — деген Байден. 

Маалыматта бардык айыптоолорду Москва бир нече жолу четке какканы айтылат.

40
Белгилер:
сүйлөшүүлөр, Жо Байден, Россия, АКШ
Тема боюнча
АКШ кайрадан ДССУга кошулду. Байден Трамптын бир нече жарлыгын жокко чыгарды
Казино. Архив

Депутаттар чет элдиктер үчүн Ысык-Көлдө казино ачууну сунуштап жатат

0
(жаңыланган 12:14 26.01.2021)
Демилгечилер кумар оюндарынын ишине тыюу салуу мамлекеттик бюджетти бир жылда 600 миллион сом жоготууга, ошондой эле 11 миңден ашык жумушчу орундарынын жабылышына алып келгенин айтышкан.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда казинолордун ишине уруксат берүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга коюлду.

Демилгечилер депутаттар Дастан Жумабеков менен Бактыбек Турусбеков болгон. Алар долбоор өлкө экономикасына салым кошуу, туристтик тармакты өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу максатында иштелип чыкканын жазышкан.

2012-жылдын 1-январында Кыргызстанда кумар оюндарынын ишине тыюу салган мыйзам күчүнө киргенин белгилеп өтүшкөн.

"Кумар оюндарынын катышуучусу чет мамлекеттин жараны болуп саналат", — деп белгиленген долбоордун негиздемесинде.

Демилгечилер кумар оюндарынын ишине тыюу салуу мамлекеттик бюджетти бир жылда 600 миллион сом жоготууга, ошондой эле 11 миңден ашык жумушчу орундарынын жабылышына алып келгенин айтышкан.

Казино "Тамчы" аэропортунун базасындагы 1200 гектар жерде бир нече мейманканасы менен курулушу болжолдонгон.

Мыйзам долбоору менен кененирээк шилтеме аркылуу таанышууга болот.

0
Белгилер:
долбоор, казино, оюн, Бактыбек Турусбеков, Дастанбек Жумабеков, Ысык-Көл облусу
Тема боюнча
Муканбетов: казино кайра ачылса экономикага пайдасы тиет
Ошто көмүскө кумар оюндарын уюштурду делген 9 жай аныкталды. Тизме