АКШда Pfizer вакцинасы менен эмделген дарыгер каза болду

© AP Photo / Kevin HagenДарыгер ооруканада Pfizer вакцинасын медициналык кызматкерге салууга даярданып жатат
Дарыгер ооруканада Pfizer вакцинасын медициналык кызматкерге салууга даярданып жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкалык жана германиялык компаниялар биргелешип чыгарган Pfizer вакцинасын алгандан кийин адам каза болуп калган көрүнүш алгачкы жолу катталган жок. Буга чейин Европа өлкөлөрүндө адам өлүмү катталган.
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. АКШда коронавируска каршы Pfizer вакцинасы менен эмделген дарыгер эки жума өткөндөн кийин каза болду. Бул тууралуу РИА новости жазды.
Каза болгон дарыгердин жубайы Хайди Некельманндын айтымында, анын 56 жаштагы күйөөсү Грегори Майкл 18-декабрда эмдөөдөн өтүп, эки аптадан кийин каза болуп калган.
"Менин оюмча, анын өлүмү 100 пайыз вакцина менен байланыштуу. Башка түшүндүрмө жок", — деген Некельманн.
Некельманн жолдошу чылым чекпей активдүү жашоо образы менен жашап келгенин, кээде гана спирт ичимдиктерин ичкенин айткан. Мындан сырткары, саламаттыгын текшерген учурунда андан эч кандай оорунун белгилери табылган эмес.
Эмдөөдөн үч күн өткөндөн кийин дарыгер колу-бутунда кызыл тактарды байкап, теринин асты канталап калганын божомолдогон. Текшерүүдөн кийин дарыгерлер анын канында тромбоцит калбай калганын аныкташкан.
Киши колунда портфель менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Америкалык конгрессмен: вакцина алсам да COVID жуктурдум
Дарыгерлер ага иммундук тромбоцитопениялык пурпура диагнозун коюп, бейтапты сактап калууга аракет кылганы менен ал 3-январь күнү операцияга кире электе мээсине кан куюлуп каза болгон.
Pfizer компаниясынын маалымат кызматы Майклдын өлүмүн териштирип жаткандыгын маалымдаган. Компаниянын адистери вакцина менен адамдын өлүмүнүн ортосунда түздөн-түз байланыш бар экендиги аныктала электигин билдиришкен.
Буга чейин Швейцариянын Люцерн шаарындагы карылар үйүндөгү бейтап Pfizer вакцинасы менен эмделгенден кийин көз жумган, бирок дары-дармек базарын көзөмөлдөгөн Swissmedic органы 91 жаштагы кишинин өлүмүнө башка оорулары дагы себеп болгон деген тыянак чыгарышкан.
Саммит лидеров G20 онлайн - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус G20 саммитин бузду. Батыш башканын вакцинасын батырбайт
5-январда Норвегияда карылар үйүндөгү эки адамдын Pfizer/BioNTech вакцинасын алгандан кийин көз жумганы кабарланган. Адистер өлүмгө вакцинанын себепкер болгон-болбогондугун тактап жатышат.
Январда Португалияда медицина кызматкери Pfizer/BioNTech сайдыргандан соң каза тапкан. Анткен менен ал эмдөө алып жатканда андан кийин кыйналып же ооруганын айткан эмес.
Декабрь айынын башында америкалык Pfizer жана германиялык BioNTech компаниялары биргелешип чыгарган вакцина COVID-19 илдетине каршы АКШда жана Европа өлкөлөрүндө эмдөөгө колдонула баштаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0