БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Twitter тармагы аккаунтун жаап салгандан кийин АКШ президенти Дональд Трамп катуу кыжырланып, "өзүнөн чыгып кетти". Бул тууралуу Politico гезитине шилтеме берип РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, Трамп баракчасынын иштебей калганын уккандан кийин катуу жинденип, башка варианттарды издей баштаган.
Буга чейин Twitter зордук-зомбулукка чакырыктарды алдын алуу үчүн президенттин аккаунтун жаап салууга аргасыз экенин жарыялаган. Трамп Twitter анын оозун жаба албасын айтып чыккан, бирок бул публикациясы өчүрүлгөн.Көп өтпөй Трамптын штабынын баракчасына кызыл фондо Twitter компаниясынын логотиби жана орок-балка коюлган сүрөт жарыяланып, ага Трамптын жогоруда айтылган билдирүүсү кайра коюлган. Мындай аракеттен кийин баракча заматта өчүрүлгөн.
Буга чейин деле Twitter, Facebook, Youtube жана Instagram Трамптын аккаунттарын убактылуу жаап келишкен. Анткени ал 6-октябрда Вашингтондогу башаламандык боюнча эки анжы оюн айтып келген. Бир жагынан Капитолий имаратын басып киргендерди тарап кетүүгө чакырса, экинчи жагынан аларды патриот деп атаган.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргызстандагы Япония элчилигинин MIRAI-2021 сынагына катышуучулар кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына жарыяланды.
Программа 20 жаштан 30 жашка чейинки жаш, иштеп жаткан юристтерге (юрист, жактоочу, мамлекеттик кызматкер же укуктук тармактагы документтер менен иштеген бизнесмендер) сунушталат. Ошондой эле сынакка юридикалык адистикке кызыкдар болгон студенттер жана аспиранттар, мамлекеттик жана бизнес тармагындагы юриспруденцияга кызыккандар катыша алат.
Документтерди 2021-жылдын 12-февралына (саат 16:00) чейин Мамлекеттик кадр кызматына тапшыруу керек. Катышуучуларды япон тарап тандап алат.
"Сынактан өткөн жарандар Японияда 8-июндан 16-июнга чейин болушат. Бирок бул болжолдуу дата, ал өзгөрүп кетиши дагы ыктымал", — деп айтылат маалыматта.
Программа боюнча толук маалыматты Япониянын Кыргызстандагы элчилигинин сайтынан окууга болот.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Дарыгерлер атайын диеталарды колдонбостон эле тез арада ашыкча салмактан арылууга мүмкүндүк берген ыкмаларды тизмектешти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Улуу Британиянын Улуттук саламаттык сактоо кызматы ден соолукка пайдалуу болгон адаттарга жана арыктоого көмөкчү болгон 12 эрежени карманууну сунуштайт.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргызстандын алтын валюталык резерви төртүнчү ай удаасы менен кыскарып жатат. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматтарында айтылат.
Эскерте кетсек, алтын валюталык резерв август айында рекорддук көрсөткүчкө жетип, анан төмөндөй баштаган:
Белгилеп кетсек, бул мезгил аралыгында Улуттук банк 246,3 миллион, анын ичинде декабрда 21 миллиондон ашык доллар саткан.
Ушул эле убакытта дүйнөлүк рынокто алтындын унциясы 96 долларга төмөндөгөн. Бул баалуу металл Кыргызстандын резервинин олуттуу бөлүгүн түзөт.