БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев небереси Айсултандын өлүмү боюнча алгачкы жолу үн катты.
Ал тууралуу Назарбаев "Штрихи к портрету" даректүү тасмасында айтып берген.
"Абдан мыкты жээн неберелерим бар. Тилекке каршы, өткөн жылы (2020-жылы. — ред) алардын биринен айрылып калдык. Ал мага аябай окшош эле, ошол неберемдин эрте өтүп кеткенине катуу капаландым", — деди Назарбаев.
"Аны эч жакка жибербей деле койсок болмок, бирок кармай да албай калдык. Ал баңгизаттын кулуна айланып, токтоно албай калган. Москвада, Лондондо дарыладык. Жакшынакай болуп чыгып калат дагы, кайра эле берилип кетчү", — деди биринчи президент.
Айсултан Назарбаев 2020-жылдын 16-августунда 30 жаш курагында каза болгон.
Ошону менен бирге эле америкалык саясатчылар жана генералдар Арктикадагы чыңалуунун курчуп баратканын билдиришет, эксперттердин пикиринде, андай абалды өздөрү жаратууда. Пентагон Норвегияны эмнеге даярдап жатканын Николай Протопопов талдап көрүүгө аракеттенген.
Деңиз пехотачылары ротациянын алкагында Түндүк Каролинадан Норвегияга жайгашууда. Америкалыктар мындай амалды бир нече жылдан бери жасап келет, бир бөлүктүн ордун экинчиси басып, айтор АКШнын аскердик контингенти иш жүзүндө дайым бул өлкөдө.
Норвегиялык инструкторлордун жетекчилигиндеги деңиз пехотачыларынын милдети Арктиканын катаал шарттарында аскердик аракеттерди аткарууну үйрөнүү жана НАТОдогу кесиптештери менен тыгыз аракеттешүүгө машыгуу.
Келерки айда он миңдин тегерегиндеги америкалык, норвегиялык, ошондой эле голландиялык жана англиялык жоокер катышкан Joint Viking 2021 масштабдуу машыгуусу өтөт.
НАТОчулар узун аралыкка ыкчам жетүүгө машыгып, бардык деңгээлде маалымат алмашуу ыкмаларын өздөштүрүп, биргелешкен операцияларды өткөрөт.
JointViking машыгуулары жыл сайын өткөрүлөт. Күчтөр — сооттолгон техника, артиллерия, авиация, кеме жана суу түбүндөгү кайыктар — жүздөгөн чарчы чакырымдык аймакта жогорку интенсивдүүлүктөгү согуштук аракеттерге, айрыкча токойлуу жана тоолуу жерлерде машыгышат.Аскердик эксперт Александр Жилин белгилегендей, АКШнын аскердик доктринасына ылайык, алардын армиясы негизинен чет өлкөлөрдө согушууну өздөштүрөт.
"Ошондуктан мамлекеттик саясат америкалык аскерлер согуштук аракеттер, чалгындоо, аэродромдорду айланып учуу, деңиз жолдорун айланып сүзүүгө машыгуу үчүн бөлөк өлкөлөргө туруктуу барып турушуна ылайыкталып түзүлөт, — деп түшүндүрөт ал. — Биргелешкен операцияларга өзгөчө көңүл бурулат, анткени АКШ дайым бирөөнүн колу менен согушат". Эксперттин айтымында, Пентагон кырдаалды жасалма жол менен курчутат, анткени АКШ жана НАТО Арктикадан орун алууга умтулуусунан түк кайткысы жок.
"Деңиз пехотачылары коргонууга эмес, чабуул коюуга машыгышат, — деген ойдо Жилин. — Анын ичинде Россияга каршы да машыгышат. Эгер НАТОнун Европадагы окууларын жалпысынан талдап көрсөк, мындай машыгууларды Москва үчүн кыйын зоналарды жаратуу үчүн уюштурушканы айдан ачык. РФ армиясы айрыкча Норвегияда орун алган көрүнүштөр боюнча чара көрбөй кое албайт. Паникага алдырбайт, бирок күч жана каражаттарын алаксытат. Кандайдыр чагымчылдыктарга жол бербөө үчүн биз кырдаалды толук көзөмөлдөөгө тийишпиз".
"Валдай" аналитикалык клубунун эксперти Артем Куреев Аляскада америкалыктардын Арктикадагы согуштук аракеттердин тактикасына машыгуу үчүн өздөрүнүн өнүккөн инфраструктурасы бар экенин белгилейт. Бирок баары бир алар Норвегияда машыгууну туура көрүшөт.
"Бул аларга НАТО лидери катары зарыл, — деп белгилейт Куреев. — Норвегия — альянстын эзелки мүчөсү. Осло Россияны болжолдуу душманы катары көрөт. Кансыз согуш жылдары эле норвегиялыктар Арктикада СССРге каршы аракет этүү үчүн инфраструктура түзүп, колдоп келген. Ошол дале уланууда. Абал чындап курчуп кетсе, Түндүк Норвегия дароо россиялык Мурманскиге карай жолдо НАТОнун негизги плацдармына айланат".
Вашингтон Арктикадан башка өлкөлөрдү сүрүп бекем орун алууга аракет кылат, муну жаңы Аскердик-деңиз күчтөрүнүн жана Деңиз пехотасы корпусунун Арктикалык стратегиясы да тастыктайт. Атап айтканда, анда "арктикалык аймактагы аскердик-деңиз күчтөрү болбосо, тынчтык жана өнүгүүгө Россия менен Кытай тараптан коркунуч көбөйөрү" айтылат.АКШ Аскердик-деңиз күчтөрүнүн министри Кеннет Брейтуэйт белгилегендей, россиялык жээктерге жакын акваторияны күзөтүү жана "Ыраакы Түндүккө Москванын чабуулун" бөгөттөө үчүн Пентагон Арктикада аскердик кеме жана суу түбүндөгү кайыктарды туруктуу түрдө кармоону пландайт. Ошону менен бирге эле Арктикада жердеги кубаттуу күчтөрдү да топтойт.
Норвегиянын коргоо министри Франк Бакке-Йенсен өз кезегинде өлкөнүн коопсуздук саясатындагы негизги багыттар — Арктика жана Россиянын аймактагы ишмердиги, ал эми трансатлантикалык байланыш мында — маанилүү бөлүк экенин белгилеген. Айтымында, Норвегия НАТОдогу союздаштарынын Ыраакы Түндүктө жайгашуусун күчөтүүнү кубаттайт.
"АКШнын аскердик-деңиз күчтөрү, деңиз пехотасы, атайын бөлүктөрү, аскердик аба жана космостук күчтөрү менен катар Арктикада санаалаштарыбыз менен стратегиялык аракеттешүүнү өнүктүрөбүз, — дейт министр. — Бул Ыраакы Түндүктө союздук аскердик-деңиз жана аба күчтөрүнүн машыгууларын мезгил-мезгили менен өткөрүүнү болжойт. Норвегия бул иш-чараларга катышып, союздаштары менен оперативдүү шайкештикти жогорулатууга ниеттенет".
АКШ Түндүктө ордун олуттуу түрдө бекемдегенин белгилеп коюу зарыл. Норвегия мында дээрлик негизги ролду ойнойт. Өткөн жылы сентябрда норвегиялык Тромсе портуна Seawolf классындагы атомдук субмаринасынын жайгашышы кабарланган. Анын негизги вазийпасы — суу түбүндөгү россиялык кайыктардын багытына байкоо салуу.
Ал эми АКШ мурда "Түндүктө Россияны ооздуктоо үчүн" Экинчи флотту калыптандырган. Ал кезегинде Атлантика, Тынч океандын бир бөлүгү, Түндүк муз океандарындагы абалга көз салган. Бюджеттик каражаттарды үнөмдөө үчүн ал флот 2011-жылы жоюлган.Кансыз согуштун дагы бир изи — россиялык чек арадан болгону 350 чакырымдык аралыкта жайгашкан жер алдындагы норвегиялык Олавсверн аскердик-деңиз базасы.
1960-жылы курулган жана үч жүз метрлик катмардуу тоо тек менен корголгон эбегейсиз бункерде НАТОнун субмариналары жана кемелери жайгашып, ремонттук док иштеп, ок-дары сакталган. Каалаган убакта батыш коалициясынын флоту советтик Аскердик-деңиз флотуна Норвегиялык деңизге жана Түндүк Атлантикага чыгуучу жолду бөгөп кое алган. 2000-жылдардын аягында база керексиз деп жабылып, бирок эми кайрадан калыптандырууну пландоодо.
Пентагон Арктикада аскердик-аба жагдайын күчтөндүрүүнү олуттуу түрдө колго алды. Өткөн жылы америкалык жана норвегиялык Аскердик-аба күчтөрүнүн масштабдуу машыгуулары өткөн.
Дароо алты B-52 Stratofortress стратегиялык бомбалоочу Түндүк уюлду айланып, Норвегиянын Аскердик-аба күчтөрүнүн истребителдери менен машыгышты. Ал эми жакында эле Пентагон кийинки айда Техастан Норвегиядагы "Эрланн" авиабазасына үндөн ыкчам төрт B-1Blancer "стратегин" жеткирери белгилүү болду.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Президенттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Ленинград шаарынын фашисттик курчоодон толук бошотулган күнүнө карата элге кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда, президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Кайрылууда советтик аскерлер тарабынан Ленинград шаарынын фашисттик курчоодон толук бошотулган күнү белгиленип жатканы айтылды.
"Ленинградды курчоого алуу — Улуу Ата Мекендик согуштун эң кайгылуу окуяларынын бири. Ленинград — дүйнөлүк тарыхта 900 күндүк курчоого туруштук берген жападан жалгыз шаар, ошол күндөрү миллиондогон балдар, аялдар, улгайган адамдар жана аскерлер каза болгон", — деп жазылат Мамытовдун кайрылуусунда.
Ленинградды курчоодон бошотуудагы салгылашууларда башка боордош элдер менен бирдикте 4,5 миңден ашуун мекендештерибиз баатырларча курман болушкан.
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда курчоого алынган Ленинграддан Кыргызстанга 16 миңге жакын адам эвакуацияланган. Алардын 3,5 миңи балдар болгон.
28-январга Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаровдун инаугурациясы белгиленген. Салтанат Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын чоң залында өтмөкчү.
Аны утурлай Sputnik Кыргызстан жаңы эгемендикке ээ болгон жылдардан бери президенттердин кызматына киришүү салтанаттарын бир сыйра эстеп көрүүнү чечти.
Көз карандысыздыктын алгачкы жылдары "инаугурация" түшүнүгү пайдаланыла элек болчу. Аскар Акаев ант берген Жогорку Советтин сегизинчи сессиясы бир мүнөттүк аза күтүү менен башталган. Депутаттар жол кырсыгында набыт болгон премьер-министр Насирдин Исановду эскеришкен.
Күн тартибин талкуулаган соң парламентарийлер президенттик анттын текстин кабыл алышкан. Депутат-жазуучулардын сунушу менен ал эмоциялуу, шаан-шөкөттүү түс алган.
Салтанаттын өзү добулбас урулуп, аскердик оркестрдин "Баарыңар кулак салгыла!" деген сигналды аткаруусу менен башталган. Акаев анттын текстин окуп, андан соң Мамлекеттик гимн жаңырган. Эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков чоң жана оңой эмес милдетти аркалай турган тун президентке батасын берген. Мамлекет башчысына калпак жана кочкул көк түстөгү чепкен жабышкан.
Акаев өз сөзүндө шаан-шөкөт жана майрамдардын маалы эместигин белгилеп, программасы менен тааныштырууга өткөн. Аземден соң жарым сааттык тыныгуу жарыяланып, андан ары депутаттар ишине киришмек. Бирок алар жыйынды ошону менен бүтүрүп, зарыл маселелерди бир күндөн кийин талкуулоону сунушташкан.
Төрт жылдан кийин Акаев кайрадан ант берген, салтанаттын форматы мурдагыдай эле болгон. Тек гана "инаугурация" түшүнүгү расмий колдонууга кирип, президентке күбөлүк тапшырыла баштаган.
2000-жылкы президенттик шайлоодо Акаев жеңип чыгып, инаугурация үчүнчү ирет декабрга туш келген, болгону орду алмашылып, ал жолкусунда иш-чара филармонияда өткөрүлгөн.
Аземге Улуттук гвардиянын бөлүгү катышкан. Журналисттер бул саамалык 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясындагы эрдиги үчүн республиканын Куралдуу күчтөрүнө урмат көрсөтүү ниетинде киргизилгенин жазып чыгышкан. Гвардиячылар президент менен аталган имараттын кире беришиндеги Манас эстелигинин алдында учурашкан.
Инаугурацияга катышкан ардактуу меймандардын бири — эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов болгон. Ал Акаевге "Манас" эпосунун жаңы чыгарылышын берип, насаат сөзүн эки тилде айткан.
Бул Акаевге берилген жалгыз белек эмес эле. Маалымат каражаттары өлкөдөгү ошол убактагы Венгрия элчиси Шандор Шимич президентке венгер фарфорун тартуу кылганын маалымдашкан.
Баш калаа басылмаларынын бири меймандар арасында башка өлкөлөрдүн дипломаттары, саясатчылары жана аткаминерлери гана эмес, учкуч-космонавт Салижан Шарипов, ошондой эле Москвадагы Валентин Юдашкин мода үйүнүн менеджери да болгонун жазган.
Белгилүү кутюрьенин жубайы инаугурацияга өлкөнүн биринчи айымын жасантуу үчүн келгени айтылат маалымат каражаттарында. Журналисттердин айтымында, Майрам Акаеванын ошол салтанатка кийип келген кара костюм, кызгылт көйнөгүн Юдашкин тиккен. Ошондой эле жергиликтүү басма сөздөгү маалыматтарга караганда, коноктордун катарында Санкт-Петербургдагы так механика жана оптика университетинин профессору Геннадий Дульнев да болгон. Кезегинде ал киши диссертация жактаган Акаевдин илимий жетекчиси болгон дешет.Курманбек Бакиевдин алгачкы инаугурациясы 2005-жылдын августунда болгон. Бул айга туш келиши аземди "Ала-Тоо" аянтында өткөрүүгө мүмкүндүк берген. Калаанын чордонуна килем төшөлүп, мартабалуу меймандар отура турган жердин үстү чатырланган. Аянтты Мамлекеттик туунун түсүндөгү гүлдөр менен кооздоону чечишкен.
"Президенттин кызматка кирүү жол-жобосун болушунча элдик кылгыбыз келет", — деп түшүндүргөн журналисттерге ошол убактагы вице-премьердин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров. Ар кыл маалыматтар боюнча, салтанатка 18-21 миллион сомдун тегерегинде каражат сарпталган.
Инаугурациянын алдында Кыргызстанга АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс келери тууралуу кептер жүргөнү менен америкалык саясатчыны азем меймандарынын арасынан көрө албадык. Ал гана эмес, маалымат каражаттары болжоп жазып жаткан айрым эстрада жылдыздары да келген эмес.
Президенттердин арасынан инаугурацияга Казакстандын ошол учурдагы лидери Нурсултан Назарбаев катышып, башка өлкөлөр өздөрүнүн жогорку кызматтагы өкүлдөрүн жана саясатчыларын жөнөткөн. Салтанатка өз көзү менен күбө болуу үчүн аянтка алты миңдей киши чогулган.
Курманбек Бакиев инаугурацияга мотоциклчендердин коштоосунда келген. Жаңы президент аласталган, бирок бул жөрөлгө кийинки салтанаттарда пайдаланылган эмес.
Бакиев каз катар тизилген гвардиячылардын ортосунан өтүп сахнага чыгып, элге ант берген. Президенттик штандарт, күбөлүк жана төш белгисин ага Борбордук шайлоо комиссиясынын ошол туштагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов тапшырган.
Бакиев инаугурациядагы сөзүндө "авторитаризмге тайманбастык менен каршы тургандарды" куттуктап, 2005-жылдагы окуяны "чоң тарыхый жеңиш" деп атаган. Салтанатта Мамлекеттик гимн жаңырып, залп атылган. Андан кийин аянтта концерт башталган.
Бакиевдин андан төрт жылдан кийинки экинчи инаугурациясы да августка туш келгени менен мурдагыдай шаан-шөкөттүү өткөн эмес.
Салтанат өкмөт үйүндө өтүп, 650 конок чакырылган. Негизинен жергиликтүү аткаминерлер, мамлекеттик кызматкерлер, дипломатиялык корпус жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан. Маалымат каражаттары жазгандай, кайрадан эле президенттер арасынан жалгыз Нурсултан Назарбаев келген. Азем 45 мүнөттөй созулганы айтылат.
Борбор Азия чөлкөмүнүн тарыхындагы тун айым башчы Роза Отунбаева өткөөл убактагы президенттик кызматка 2010-жылдын жайында киришкен. Иш-чараны Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев ачып, референдумдун толук жыйынтыгын жарыялаган. Добуш берүүнүн натыйжасында кыргызстандыктар Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алып, Отунбаевага өлкөнү башкарууга ыйгарым укук беришкен.
Инаугурациядагы сөзүндө Отунбаева мыйзамдуулукту бекем сактоого негизделген "жаңы саясий маданиятты" түптөөгө күчүн аябай турганын убада кылган.
2011-жылдын декабрында Алмазбек Атамбаев өлкө башчысы катары элге ант берген. Азем мурдагыдай эле Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн. Ошондо республиканын тарыхында биринчи ирет өлкө жарандары президенттердин мурдагысын да, жаңы шайланганын да сахнада чогуу көрө алышкан.
Меймандардын арасында Түркиянын ал кездеги лидери Абдуллах Гүл жана Грузиянын президенти Михаил Саакашвили да болгон. Тек гана ошол залда Нурсултан Назарбаев көрүнгөн эмес, анын ордуна Казакстандын атынан премьер-министр Карим Масимов келген.
Атамбаевдин инаугурациясы чет өлкөлөрдөн жогорку кызмат өкүлдөрүнүн көп келиши менен айырмаланган. Айрым эсептер боюнча, салтанатка миңдеген үлкөн аткаминер, саясатчы, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер катышкан.
Бийлик белгилерин (символдорун) Атамбаевге Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов тапшырган. Эске салсак, ал киши мындай вазийпаны ошол аземде экинчи ирет аткарган. Бакиев бийликке жаңыдан келгенде Абдраимов ушул кызматты жетектеп турган.Баарынан кызыгы, инаугурацияга туура бир апта калганда президенттик анттын тексти кызуу талкууга алынган. Парламентарийлер анттын текстин толуктоо тууралуу талашып-тартышкан. Андай талаш пикирлердин бирине ылайык, жаңы шайланган мамлекет башчысы элге гана эмес, Кудай алдында да (1991-жылы Акаев сымал) ант берүүгө тийиш эле. Коомдогу кызуу талкуулардан соң тексттин жаңы вариантын акыры бекитишкен.
Ант бергенден кийин жаңы президент узун сөз сүйлөп: "Тизелеп өткөнчө тик туруп өлгөн жакшы. Биз эч качан кул болбойбуз. Жашасын, көз карандысыз, эгемен Кыргызстан!" – деп бүтүргөн.
Маалымат каражаттарындагы кабарларга караганда, Атамбаевдин инаугурациясына 10 миллион сомдун тегерегинде каражат кеткен.
Тарыхта алгач жолу мындай салтанат "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын боз үй формасындагы "Энесай" залында өткөн. Ага маданият ишмерлери, бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрү, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбековдун жубайлары жана кыздары, башка жакындары, баш-аягы 450 киши чакырылган. Бөлөк мамлекеттердин лидерлери келген эмес, алардын атынан элчилер катышкан.
Атамбаев жана Жээнбеков ынак мамиледе экени байкалган. Күбөлүк алган соң жаңы президент мамлекеттин мурдагы башчысынын колун кысат, ал эми Атамбаев анын эки бетинен өпкөн.
Жээнбеков бийликтин бардык бутактарына катуу талап коерун убадалаган. Жемкорлукка каршы күрөшкө артыкчылык берилерин белгилеп, "кол тийгис" эч ким болбой турганына ынандырган. Жаңы мамлекет башчысы дароо ошондо эле өзүнүн биринчи жарлыгы менен Атамбаевге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын ыйгарарын жар салган.
Айтмакчы, ошол аземде эски президент жаңысына мамлекетти табыштап жатып: "Жараткан, кыргыздын жаңы ажосун кырсыктын балээсинен сакта, душмандын жалаасынан сакта! Дос көрүнүп, кас болгондон сакта, жаныңда жүрүп, өч болгондон сакта! Соке досум, береке жаныңдан кетпесин, бак-дөөлөт башыңдан кетпесин! Жорткондо жолуң шыдыр болсун, жолдошуң касиеттүү Кыдыр болсун! Жараткан ар дайым сени колдосун! Элибизге акжолтой ажо бол, Соке досум, оомийин!" – деп ак батасын берген.
Аземден соң эки президент тең Жогорку Кеңештин имаратына келип, Улуттук гвардиянын парадын кабыл алышкан. Андан кийин Атамбаев Жээнбековго өзү алты жыл иштеген кабинетти көрсөтүп, жаңы мамлекет башчысын орундукка отургузган.
Башта иш-чарага 13 миллион сомдун тегерегинде каражат сарпталары маалымдалган, бирок салтанатка андан аз, тагыраагы, 8,4 миллион сом коротушкан.
Инаугурациядан көп өтпөй социалдык медиада өкмөт аппаратынын протокол бөлүмүнүн башчысы Мар Топоев Кыргызстандын президентинин төш белгиси менен түшкөн сүрөттөрү тараган. Анын жанындагы киши сүрөткө күлкүлүү позада түшүп калган. Социалдык медианын колдоочулары кескин сынга алган. Эртеси күнү эле Топоев сүрөт тартылган учурдагы тасманы Фейсбуктагы баракчасына чыгарып, президенттин инаугурациясына даярдык убагы болгонун, ал эми төш белги дубликат экенин билдирген.
Айтымында, аппараттын хронометраж жүргүзгөн кызматкери сүрөткө тарткан. "Инаугурацияга даярдык боюнча WhatsApp жумушчу тобуна жөнөтүүдө жаңылыштык менен башка топко жиберип алган окшойт. Андан ары адамдык фактор ойноп, башкаларга тарап кеткен", — деп түшүндүргөн Топоев.