БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Индонезияда 50дөн ашык жүргүнчүсү бар Boeing 737-500 учагы деңиздин үстүнө кулап, кыйроого учурады. Бул тууралуу Синьхуа агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазды.
Sriwijaya Air авиакомпаниясына тиешелүү аба кемеси Жакарта шаарындагы аэропорттон учуп чыкканына төрт мүнөт болгондон кийин кырсыктаганы маалым болду.Жээк күзөтчүлөрүнүн айтымында, суудан учактын калдыктары менен жүргүнчүлөрдүн сөөктөрү табыла баштады.
Азырынча учак Жакартадан Понтианак шаарына бара жатып кырсыктаганы белгилүү. Жээкке жакын жашаган тургундар алгач эки ирет жарылуу болгондой катуу үн угулганын айтышууда.
Анда көрүнүп тургандай, жырткыч бутактардын ичке экенине карабай башына чейин чыккан. Биринчи аракетинде көздөгөн тамагын ала алган эмес. Бирок экинчи ирет бактын башына кайра чыгып, акыры майды алып кеткен.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Лондондогу ханыша Мария атындагы университет менен Barts Health NHS фонду биргеликте изилдөө жүргүзүп, коронавирус ар кайсы этникалык топторго ар башкача таасир этерин аныкташты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Изилдөөгө курагы 16 жаштан жогорку 1500дөн ашык бейтап алынган. Алар беш башка ооруканада дарыланган. Ичинен 31 пайызы азиаттар, 20 пайызы афроамерикалыктар, 40 пайызы европалыктар болгон. Иликтөө башталгандан туура бир ай өткөндөн кийин аталган топко кирген оорулуулардын ичинен 29 пайызы каза болгону аныкталган.
Эксперимент маалында азия тектүүлөрдө интенсивдүү терапия бөлүмүнө түшүп, өпкөсүн жасалма түрдө желдетүүгө 1, 54 эсе көбүрөөк муктаж болору билинген. Ушундай эле өзгөчөлүктөрдү афроамерикалыктардан байкаса болот. Аларда бул көрсөткүч 1,8 эсеге жогору болгон.
Ошондой эле азиаттар менен кара терилүүлөр арасында дагы европалыктарга салыштырмалуу өлүм көбүрөөк катталган. Азиялыктарда 1,49 пайызга болсо, афроамерикалыктарда 1,3 пайызга жогору.Мындан тышкары, адистер ИВЛ-аппаратка жатып калуу тобокелдиги дагы жогоруда айтылган эки расада европа тектүүлөргө салыштырмалуу 50-80 пайызга жогору болгонун айтышкан.
Бирок окумуштуулар азырынча мунун себебин аныктай элек.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Бишкектин эки мектебинин окуучуларынан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Иликтей келгенде ал окуучулардын үйүндө вирус жугузуп алгандар болгону такталды. Учурда балдар менен бир класста окугандардын бардыгы эки аптага аралыктан окууга жиберилди. Ал эми мугалимдер ПЦР-тест тапшырууга жөнөтүлдү.
"Урматтуу ата-энелер! Эгер үйдө коронавируска чалдыккандар болсо, тез арада мектепке кабар берип, баланы бардык текшерүүдөн өткөндөн кийин гана окууга жиберүүңөрдү өтүнөбүз. Албетте, сиздерге дагы оңой болуп жаткан жок, бирок силердин жоопкерчилигиңерге башка адамдардын өмүрү жана ден соолугу байланыштуу экенин унутпагыла”, — деп өтүнүштү мэриядан.
Эске салсак, Бишкекте 18-январдан тарта 1, 5, 9 жана 11-класстардын окуучулары мектепке бара баштаган.