Адис иммунитетти чыңдоонун жаңы жолун айтып берди

CC0 / Pixabay / pasja1000Польза замороженных ягод
Польза замороженных ягод - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адамдын организмине вирус жана бактериялар дем алуу жана тамактануу органдары аркылуу жугат. Иммунитет күчтүү болсо вирус лимфоэпителиалдык шакекчеден эле жок болот.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Тамакты чыңдоонун маанилүүлүгү тууралуу врач-отоларинголог, медицина илимдеринин кандидаты Владимир Зайцев айтып бергенин РИА Новости жазды. 
Адис билдиргендей, организмге вирус жана бактериялар дем алуу жана тамак ичүү органдары аркылуу жугат. Жутууда алар палатин бадамчаларынан, аденоиддерден, тилдин тонзилдери менен түтүк кыркаларынан турган лимфоэпителиалдык шакекчени айланып өтөт. Эгер иммунитет күчтүү болсо, бардык инфекциялар ошол шакекчеден эле жок болот.
Зайцев тамакты скандинав ыкмасынын жардамы менен чыңдоону сунуштаган.
"Тандооңузга жараша манго, апельсин, лимон же грейпфрут ширесин алыңыз. Жаңы сыгылган шире да жарайт. Аларды атайын идишке куюп, тоңдургучка салабыз. Шире музга айлангандан кийин күнүнө бир-эки жолу бирден соруп жүрө беребиз. Цитруста С витамини көп, ал былжыр челди бекемдейт. Ал эми муз менен кекиртектин арты, лимфоиддик тканды жатыктырабыз", — деп түшүндүрдү дарыгер.
Кан тобун аныктоо үчүн тез анализ. Архив - Sputnik Кыргызстан
Каны кайсы топко киргендердин иммунитети күчтүү болот? Окумуштуулардын ою
Бул ыкманы күнүнө эки жолудан кайталоо зарыл. Муздардын диаметри беш сантиметрден ашык болбошу керек. Бир муз бир жолку процедурага жарайт.
Ошондой эле кышында сейилдөөгө чыгып, муздак аба менен ооз жана мурун аркылуу дем алуу да өтө пайдалуу экенин белгиледи.
Зайцевдин айтымында, бул эксперименттерди өнөкөт тамак оорулары (субатрофия, атрофия) барлар, дем алуу органдарына суук тийгизип алгандар жана вирус жугузгандарга жасоого болбойт.
Жаңылыктар түрмөгү
0