БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Bloomberg агенттигинин журналисти Сэм Фазели "Спутник V" вакцинасына ишенүүгө кандай жүйөлүү себептер бар экендигин санап берген.
Анын айтымына караганда, Россия бул препараты менен алдын ала буюртмага келишим түзүп, арбын дозада вакцина жасаган ири беш өндүрүүчүнүн катарына кирди.
Журналист "Спутник V" үчүнчү фазадагы клиникалык сыноодон өткөндүгүн айткан.Анализ алынган ар бир этапта маалыматтарды текшерип турган көрсөткүч эмдөөнүн натыйжалуулугунун деңгээли 90 пайыздан ашкандыгын көрсөткөн. Бул үч этапта тең болгон. Изилдөө учурунда оор учурлар катталган эмес.
Фазели коронавируска каршы бириктирилген вакцина түзүү боюнча Россиянын англиялык-швециялык AstraZeneca компаниясы менен кызматташып жаткандыгын белгилеген. Анда "Спутник V" препаратынын жана AstraZeneca иштеп чыккан AZD1222 вакцинасынын бирден компоненти тандап алынгандыгы кабарланган.
"Бул бардык фактылар клиникалык сыноонун үчүнчү фазасынын жыйынтыгы жок болгондугуна карабай "Спутник V" вакцинасы батыш лабораторияларда иштелип чыккан аналогдор сыяктуу эле күчтүү препарат болушу мүмкүн деп эсептөөгө болот ", — деген Фазели.
Журналист кытайлык SINOVAC биофармацевтикалык компаниясы түзгөн CoronaVac вакцинасына караганда "Спутник V" препаратына басым коерун кошумчалаган.
"Спутник V" — дүйнөдө биринчилерден болуп COVID-19га каршы Россиянын Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борборунан иштелип чыккан вакцина. Препарат адамдын аденовирус векторунун мыкты изилденген платформасынын негизинде түзүлгөн.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Адамзат алдыда дагы узак жылдар бою пандемия менен күрөшөт. Мындай пикирди Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдар боюнча программасынын директору Майкл Райан билдиргенин РИА Новости жазды.
Адис бул тууралуу брифингде айткан.
“COVID-19га каршы күрөшүүдө биз жетишкен ийгиликтерге карабастан эпидемияны четтетүү оңой эмес экенин көрсөткөн көптөгөн факторлор бар”, — деген ал.
Райан мындай пикирин бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча бардык эл COVID-19га чалдыгып жатканы менен түшүндүрдү. Бардык жерде вирустун жайылышын ооздуктоо мүмкүн боло бербейт, ошондой эле өндүрүлгөн вакциналардын саны пандемиядан бир учурда арылуу үчүн жетишсиз.
Райан ошондой эле адамзат тарыхында буга чейин да эпидемиялар жайылып, көп жылдарга созулуп келгенин кошумчалады. Анын пикиринде, мындай учурда илдетке жаш муун кабылат, анткени чоңдордун жыл өткөн сайын ооруга каршы иммунитети бекемделет.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Кредиттик жана дебеттик карталардын ээлери көбүнчө ар кандай катачылыктарга туш болушат, бирок бардыгына тиешелүү универсалдуу жаңылыштыктар да бар. Бул тууралуу Синергия университетинин банк иштери кафедрасынын окутуучусу Дмитрий Ферапонтов билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.
Адистин айтымында, жалпы катачылыктар биринчи кезекте картанын маалыматтарынын, которуулардын же төлөмдөрдүн коопсуздугуна байланыштуу.
"Негизги катачылыктар банкоматтарды колдонууда жана накталай/карта операцияларын жүргүзүүдөгү этиятсыз мамиле кылуу. Бул учурда кардар картаны окуй турган же кайталана турган клавиатурага багытталган камераларга ж.б. түзмөктөргө көңүл бурбай калышы мүмкүн", – деген адис.Картаны колдонуу шарттарын, жеңилдик берилген учурларды жана мүмкүн болгон бардык комиссияларды билбөө менен байланышкан каталар да кездешет. Натыйжада кардар бир нече жеңилдиктен кол жууп калат, атүгүл акчаны жоготуп алуу кооптуулугуна да кептелиши мүмкүн. Адис мында кардар башка мүмкүнчүлүктөргө көңүл бурбай, банк картасы аркылуу төлөө функциясын аткаруу менен гана чектелип каларын айткан.